Биз канча жашка чыксак да, ата-эне үчүн баягы көчөнүн чаңын сапырган жаш бала бойдон калабыз. 30-40ка чыксак деле эркелетип, «курсагың токпу, үшүгөн жоксуңбу?» деп баласы үчүн кабатырланган энелер бул дүйнөдөгү жамандыктын бир тобун өздөрүнүн мээрими менен жууп кетишсе керек. Бул ирет ырчы Адилет Азимов апасы тууралуу айтып берет.
«МАГА АПАМДЫН БАКТЫЛУУ ЖЫЛМАЮУСУН КӨРҮҮ БАКЫТ»
– Менин апам Айсулуу Кудайбердиева, 1970-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Биринчи Май айылында төрөлгөн. Үйдө 10 бир туугандын улуусу. Апам кесиби боюнча ырчы, актриса. Кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда окуган. Кийин Жайыл районундагы Маданият үйүндө иштеди. Атамдын дагы музыкага шыгы бар. Ал бардык аспаптарда кол ойното алат. Ошол себептүү мен да музыкага жакын өстүм окшойт. Жаңы басып жатканда эле музыка уксам бийлей берчү экенмин. Ошол кезде эле ата-энем мени музыка жаатына багыт аларымды билишиптир. Кийин музыкалык мектепте окутушту. Апам айтып калат, «үнүң жок болсо, өзүң музыкага кызыкпасаң кыйнап бул жаатта окутпайт болчубуз. Сендеги талантты, кызыгууну байкап музыкалык мектепте окутканбыз» деп. Өзүм деле дайыма ырчы болом деп айтчумун.
Ата-энем эки балалуу болушту. Менден кийин карындашым бар. Ден соолугуна байланыштуу апам кийин төрөй албай калды. Биздин үйдө атам жакшы кишинин ролунда, кичине кезибизде тентектик кылсак да урушчу эмес. Ал эми апамдын тарбиясы катаалыраак, бизди урушуп, уруп жазалачу. Ал кезде бардык эле ата-энелер какыс-кукус кылып тарбиялашчу да. Бизде өзгөчө эркек балдарды катуу кармаш керек деген түшүнүк бар эмеспи. Урганы үчүн апама таарынып калчумун. Көрсө, ошондо балдарым туура тарбия алсын, туура жолдо чоңойсун деп урушчу турбайбы.
Мектепте начар окудум. Анткени мага сабактар кызыксыз болчу. Жаман окуганым үчүн, апамдын айтканын кылбаганым үчүн, тентектик кылганым үчүн уруш жеп эле жүрчүмүн. Азыр болсо сырдашканым, эркелегеним апам. Жалгыз бала болгонум үчүнбү, апам мени азыр да эркелетет. «Менин балам го, мындай бала дүйнөдө жок» деп бетимден өбө берет. Кээде алдына отургузуп алып да эркелетет. Дүкөнгө барса мага жаккан тамактарды көтөрө келет. Эртең менен бетимден өөп ойготуп, тамагын берип маанайымды көтөрөт. Мен дагы «баланча тамак жасап бериңизчи» деп эркелеп калам. Үйдө жумуш кылып, баарын апамдын айтканындай жасап койсом, апам сүйүнүп бактылуу болуп калат. Мага азыр эң маанилүүсү – апамдын ошол бактылуу жылмаюусун көрүү. Минтип апамды кубандырууга карантин жакшы шарт түзүп берди. Апам дайыма үйгө көп келбейсиң деп таарына берчү. Азыр үйдөн чыкпай үй жумуштарын, жазгы талаа жумуштарын жасап апамды кубантып жатам. Апам «азаматсың, жакшы иш жасадың» деп койсо, бактылуу болуп калам. Анткени апам антип көп айта бербейт. «АПАМ ЖЕТПЕЙ КАЛГАН КЫЯЛДАРГА МЕН ЖЕТИП ЖАТАМ»
– Апам түштүктөн, Жалал-Абаддан, атам чүйлүк болуп жатпайбы. Атамдын көпчүлүк туугандары апамды түштүктөн деп жактырбай, ар кандай сөз тийгизгендерин көрдүм. Эң эле жаман көргөнүм, бир эл болуп туруп ушунчалык бөлүнгөнүбүз. «Кайсы жактык болосуң?» деген суроону жаман көрөм. Ыңгайы келген учурда жерликке бөлүнүү туура эмес деп айта берем. Ушул маселеден улам апамдын көңүлү көп ооруду. Ошол себептүү апамды аяп, аны бардык терс көрүнүштөрдөн коргогум келе берет.
Апамдын көңүлүн ооруткан дагы бир окуя болгон. Апам жаш кезинде жер кыдырып гастролдоп, атактуу ырчы болгусу келчү. Ошол жаш кезинде бир ирет Роза Аманова, Асел Турдалиева катышкан эл аралык сынакка катышып, баш байгени жеңип алган экен. Аябай кубанып, туугандарга, тааныштарга «баланча күнү саат мынчада КТРден ошол сынакты көрсөтөт, көргүлө» деп айтып коюптур. Баягы сынакты телевизордон көрүп отурушса, апамдын баш байге алган жерин кесип салышыптыр. Биринчи орундун сыйлыгын тапшыргандан кийин эле сынакты бүтүрүп коюшуптур. Ал кезде теледен чыккан ырчы тез эле атактуу болуп кетчү экен. Бул кимдин иши, кандай максатта жасалган иш билбейбиз, бирок апам ошондо шоу-бизнес ыплас чөйрө экен деп, аябай көңүлү калган экен. Ошондо көңүлү ооруп калган апам азыр мени аяп турат. Ар бир кадамымды түшүнүү менен кабыл алат. Өзү атактуу ырчы боло албагандыктан, менин атым чыгып жатканына сыймыктанып, ар бир ийгилигиме менден өтүп кубанат.
Апам интернетте социалдык тармактардын колдонуучусу эмес. Бирок карындашымдын же курбуларынын телефону менен социалдык тармактагы жеке баракчама баш багып «аңдып» турат. Мага карата жаман комментарийлер жазылып калса, жини келип, кейип калат. Анан «эл оозунда элек жок, апа. Ар кандай адамдар бар. Аларга көңүл бурбаңыз. Мен комментарийлерди такыр эле окубайм. Ар бирине көңүл бура берсем, эч нерсем калбай калбайбы» деп апамды жоошутам. Өзүм чын эле хейтерлерге такыр көңүл бурбайм, каалагандай жазып, сүйлөй беришсин.
«АПАМДЫН АДИЛЕТТҮҮЛҮК САПАТЫН БААЛАЙМ»
– Каршы болгонуна карабай апамды көндүрүп «Махабат» деген ырымдын клибине тарткам. «Клипте өзүңүз эле апамдын ролун аткарып бериңизчи, кесипкөй актрисасыз го» деп жатып араң көндүргөм. Бул клипте эпизоддук ролдо атам да бар.
Апамдын атактуу ырчы болуу кыялына турмуш шарты да тоскоолдук кылган. Ата-энемди бутка тургузууга эч ким жардам берген эмес. Үй салабыз, балдарды багабыз деп жүрүп, кыялдарын деле унутуп калышса керек. Апам бул үчүн кээде «атаң эки жакка алып чыгып аракет кылган эмес» деп атамды күнөөлөп калат. Бул өзүн жоошутуу болсо керек. Апамдын ошондо жетпей калган кыялдарына азыр мен жетип жатам. Апам ийгиликтериме аябай кубанат, сыймыктанат. Аны сыймыктандырып жатканыма бактылуумун. Менин кесибим эле эмес, бетке айткан мүнөзүм да апамдыкына окшош. Апам баарын бетке айткан, адилетсиздикти жаман көргөн аял. Ал социалдык статусуна, жаш курагына карабай кимдики туура болсо ошонун таламын талашат. Апамдын ушул сапатын аябай баалайм.
Анан да апам конок тосконду жакшы көрөт. Үйгө киши келсе жан дили менен мамиле кылып, дасторконун жайнатып коёт. Ашты аябай даамдуу басат. Апамдыкындай эч ким баса албайт. Ата-энем азыр үйлөн деп кыйнап башташты. Жалгыз бала болгондуктан, ата-энем менен жашай турган баламын. Ошол себептен мага үй жумуштарына да тың кыз керек. Биз Сокулукта Токбай айылында жашайбыз. Айылда жашап, үй-жайды кармаш үчүн апама да тың келин керек. Апам «сүйлөшкөн кызың болсо алып кел, биз менен тааныштыр. Үйгө келип-кетип жүрө берсин» деп айтат. Бирок мен азырынча купулума толгон кызга жолуга элекмин. Ал эми апам келинин өз кызындай кабыл аларына, жалгыз балам дебей, туура эмес иш кылсам келининин таламын талашып, мени уруша турган кайнене болорун азыр эле сезем. Негизгиси, ата-энемди кейитпеген, алар сыймыктанган мыкты уул болуп берсем экен. Алар узак жашап, карыганда төрүбүздө чай ичип, кеңешин берип отурушса деген гана кыялым бар.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg