22-АПРЕЛГЕ КАРАТА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ


КОЙ (21.03-20.04)

Топтолгон энергияны чыгаруу сунушталат. Мүмкүн, майда-чоңу дебей буга чейин киришкиңиз келбей келген иштерди колго аласыз. Жаңы сатып алынып, бирок уруна элек тиричилик техникасын колдонордон мурда көрсөтмөсү менен сөзсүз таанышуу кажет. Айткан идеяңызды туугандар жапырт колдоого алышат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жаңылануу күнү. Ымыркайлардын төрөлүшү, көз караштардын өзгөрүшү, жашоого жаңыча мамиле кылуу сыяктуулар бийлик кылат. Идеяңызды жактырбагандарга мурдуңуз менен бир тийбеңиз. Көп өтпөй алар сиздики туура экендигин билишет. Жеке жашооңуз жакында өзгөрө баштайт, даяр туруңуз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Командалык оюнда башкысы оюнчулар менен чогуу аракет кылуу дегенди унутпай, чөйрөдөгүлөр менен бир пикирде болуңуз. Туура мамиле жасап, алардын сыйына татыңыз. Каалооңуз мүмкүнчүлүгүңүзгө төп келбейт, андыктан кырдаалдан болушунча пайда алып калууга аракет жасоо зарыл. Сүйүктүүңүзгө катуу айтуудан мурда анын ордуна өзүңүздү коюп көрүңүз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Чыгармачыл жана жемиштүү тилке башталат. Бирок жыйынтыгы кийинчерээк билинет. Баш аламан эмес, бир багыттуу иш алып баруу керек. Жеке жашооңуз солгундай баштайт, буга өзүмчүлдүгүңүз себеп экенин моюнуңузга алыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Балдар менен мамилеңиз эң сонун болот, бирок жан шеригиңиз кыялын көрсөтөт. Жумшак сүйлөп көңүлүн алыңыз. Үйдөгүлөрдүн маанайын бузбоого аракет кылуу керек. Капыстан уккан кабар сизден чечкиндүү жоопту талап кылат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Бирге иштегендер же жетекчилер менен формалдуу эмес жагдайда бир топ маселелерди чечүү керектелет. Бирок айрым маселелер толук чечилбеген бойдон калат. Досторду катуу тамашалайм деп таарынтып алышыңыз ыктымал. Балдарды көчөгө чыгарбай тыюу үчүн алар ойной турган бир нерселерди ойлоп табыңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жеке жашооңузда жаралган маселеден улам ойлоруңуз чачыранды болот. Ал ойлор психологиялык жактан чарчатат. Жакындарыңыздын кеңешин угуп, анан чечим чыгарсаңыз туура болмокчу. Кичүүлөр тилиңизди албай, кер-мур айтышып калууңуздар мүмкүн. Айрымдар сүйүүктүүсүнө жагам деп романтик болуп чыга келишет.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Кыялдануудан ишке өтүп, тиричиликке байланыштуу зарыл иштерди бүтүрүүгө киришкениңиз оң. Болгону кайсы бир нерселерге ашыкча каражат коротпоңуз. Бирөөлөрдү алдоонун арты өкүнүчкө алып келерин унутпаңыз. Жан дүйнөңүздү түшүнгөн адамга сырыңыз менен бөлүшөсүз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Тааныштарга мамилесине жараша мамиле кылуу керектигин бир жагдайдан улам билесиз. Айымдар массаж же кийимди тигип-бычууну же курак куроону үйрөнүүгө киришсе болот. Аллергияга кабылбашы үчүн балдарды чөптөн, чаңдан абайлоо кажет. Маданият, искусствого кызыгып, маалымат алышыңыз мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Түйшүктүн айлампасында жүрө бербей өзүңүзгө чакан болсо да майрам, көңүл ачуу тартуулаңыз. Көптөн күткөн кабарды угуп сүйүнөсүз. Күнүңүздүн көп бөлүгү үй, чарба иштерине арналат. Бойдокторду кол сунган адамынын мүнөзү, жоруктары ойлонтот.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Чыгармачылык иштер эс алууга жеткирбейт. Андыктан кечки убак болсо да мээ сергитиңиз. Айрымдар өздөрүн жаңы нерседен сынап көрүшөт. Курулуш иштерин жүргүзүп жаткандарга абайлоо сунушталат, себеби бийиктен кулоо, бир жерин жанчып алуу сыяктуу кырсыктар тооруйт.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Пландарыңыздын ишке аша башташы иш-аракетиңизден көз каранды. Маанисиз 2-3 иш жасагыча, чоң бир иш бүтүрүү сунушталат. Айрымдардын козголгон өнөкөт оорусуна элдик дарыгер шыпаа таап берүүсү ыктымал. Ушактардан качып, маалыматтардын тууралыгына баам салыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан