КОЙ (21.03-20.04)
Өжөр болуп, жеке кызыкчылыкты коргоп жана пайда өндүрүп калуу керек. Бир пикирлештерге кошулуу оң, анткени алардын колдоосу менен кыйынчылыкты оңой жеңе аласыз. Убакытты текке кетирбесеңиз эле жемиштүү күн болот. Айрымдарга өзгөчө сунуш түшөт.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Маселени чечүүдө үйдөгүлөргө караганда сизге күч түшөт. Сиз кимге ишенүүгө болорун так билесиз, андыктан керектүү адамга кеңеш алууга кайрыласыз. Сырттан азык-түлүк же акчалай колдоо келүүсү мүмкүн. Иштеп жаткандар жашыруун касташкан адамы менен бир маселе боюнча талашып-тартышып, аягында утуп чыгышат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жакындарыңыздын сизди керек нерселер менен жабдып берүүгө чамасы жетпейт. Андыктан өзүңүз аракет кылышыңыз кажет. Ойлонулбаган иш жасап жибербеңиз, аброюңузга доо кетет. Кечки убак үй-бүлө мүчөсүнүн же чогуу иштешкендердин биринен бир маселеде шек санайсыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Чечкиндүү болуп, укугуңузду коргоп жана ички ойду ачык айта албасаңыз, моралдык же материалдык чыгымга учурап калышыңыз ыктымал. Буга чөйрөдөгүлөрдүн көрө албастыгы таасир этет. Бир планды ишке ашырууңуз үчүн жаңы жол табылат. Орду менен кылган иштериңиз үчүн үйдөгүлөрдөн жылуу пикир угасыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Тагдыр жолунан адашпоосу үчүн жакын адамыңызга акыл кошосуз. Баарлашууда айрымдардын сизге мамилесинин өзгөрүлгөнү байкалат. Бул эмнеликтен экенин анализдеп көрүңүз. Акча сиз ойлогондой үнөмдөлбөй жаткандыктан чыгымдарды кыскартууну ойлойсуз. Иш, тиричилик деп жүрө бербей, өзүңүзгө кам көрүңүз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Баарын көзөмөлдөп ишти туура уюштура алганыңыз үчүн мактоого татыйсыз. “Эртең дагы көрө жатарбыз” деп бир топ акчага майда-чүйдө сатып алсаңыз, мунун кесепети акча тартыштыгына алып келет. Акчаңызды, ага кошуп убактыңызды дагы зарыл гана нерселер үчүн сарптоо керектигин эстен чыгарбаңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Калыптанган көз караштарга, ишенимдерге каршы багытта жүрөсүз. Азуусун көрсөткөндөргө жылмаюу менен карап, өз билгениңизди кылсаңыз эле баары ийгиликтүү болот. Кийинки аптага чейин минималдуу чыгым менен жетүүгө аракет кыласыз. Башкалардын акылын угуу сунушталбайт. Кечкурун жекече эс алуу сунушталат.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Бүгүн фобияны жеңүү үчүн эрктүүлүктү көрсөтөсүз. Кылган иштериңизге маашырланасыз. Жакын адамдарыңыздын биринин колдоосу жетишпей жаткандыгын сезесиз. Жаңы маалыматтарга ээ болосуз. Маанайыңызга таасирин бере турган өзгөчө деле окуя күтүлбөйт.
Болгон аракетиңизди жумшоочу кырдаал жаралат. Ал үчүн сизди чөйрөдөгүлөр мурункудан да баалап калышат. Негизинен бул күн сезимдерди билдирүү, келечек пландарды ачыкка чыгарып, баарлашууга ылайыктуу күн. Сизди көтөрмөлөп, кубанткан адам чыгат.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Энергияңыз ашып-ташып, бир топ ишти бүтүрүүгө киришесиз. Майда-барат кеңеш сурагандар кыжырыңызга тиет. Сизге жагымсыз адам телефон чалуусу мүмкүн, жооп бербей койгонуңуз оң.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Коомдогу өзгөрүүлөр, достор арасында мамиленин өзгөрүшү сизди ойлондурат. Агрессия, чырга жеткирбеш үчүн токтоолук керек. Маалымат, идея алмашуу көбүрөөк жүрөт. Акыл эмгеги менен кара күч эмгегин айкалыштырууну унутпаңыз.
Таасирдүү адам өз эркин сизге таңуулайт. Абалдан кызыл тилдүүлүк, жымсал мамиле менен чыгуу кажет. Жашоо образыңызды, күн режимин өзгөртүүгө киришип, жөнгө салыңыз. Сүйүү сезимин тартуулаган адамдын сунушун туура кабыл алыңыз. Амбициялуу максатты көздөгөн баарлашуулар орун алат.