Өлкөдө балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү маселеси курч бойдон калууда. Жакында интернет желесине кыргыз жигит уулун «отжимание кыл! Эмнеге сөзүмдү укпайсың?!» деп муунтуп, сабап жатканы тартылган видео тарап, талкууга түштү. Көпчүлүк бул окуяда атанын жоругун жектесе, «баланы кээде какыс-кукус кылып туруш керек» деп аны калкалагандар да чыкты. Ден соолугуна залал келтире уруп-согуу менен балага тарбия бере албашыбыз анык. Үй-бүлөдөгү зомбулукту кантип алдын алса болот? Атактуулар ата-энесинен кандай тарбия көрүшкөн, уул-кызын кандай метод менен тарбиялашат? Жылдыздар ой бөлүшөт.Урмат Усенов, ырчы: «БАЛДАРДАН МУРУН ӨЗҮБҮЗДҮ ТАРБИЯЛАШ КЕРЕК»
– Азыр адамдын ой жүгүртүүсү өзгөрдү, муун өзгөрдү, коом өзгөрдү. Тарбия маселеси да кааласак да, каалабасак да өзгөрүүгө дуушар болуп жатат. Буга чөйрөнүн, дүйнөнүн таасири тийип жатышы мүмкүн.
Өзүм тууралуу айта турган болсом, мени ата-энем катуу да, өтө жумшак да кармаган жок. Экөөнүн ортосунда тарбияландым окшойт. Отургузуп алып «бул жакшы, бул жаман. Бул болот, бул болбойт. Бул ак, бул кара» деп жай айтып түшүндүрүшчү. Бирок эркек болгондон кийин таяк жеген күндөр болгон. Алардын бардыгын азыр жылмаюу менен, ушундай жагымдуу сезим менен, ыраазычылык менен эстейм. Ошол таяк болбогондо, балким, ата-энеге болгон сый-урмат, ата-энеден коркуу сезими болбогондо башка жолго багыт алат белек, аны бир Кудай билет. Ата-энеме мен азыр ыраазычылык айтам. Атам азыр 70 жашка чыгып калды, бала кезде анча-мынча «ырымдап» койгон ошол колдорунан өпкүм келет.
Ал эми өз балдарымды кандай тарбиялайм? Албетте, кыз балага өзүнчө, эркек балага өзүнчө тарбия берем. Кызымды колумдан келишинче эркелетип, жумшак айтып, жылуу сүйлөп өстүргөнгө аракет кылып жатам. Уулумду дагы ошондой тарбиялайм. Негизи баланы сөз менен эмес, көз менен түшүнгүдөй тарбиялаш керек деп ойлойм.
Тарбиянын да түрлөрү көбөйүп кетпедиби, чыгыш анан батыш деп. Мен ойлойм, биз балдарды атанын тарбиясы менен тарбиялашыбыз керек. Өзүбүз ата-энебизден көргөн тарбия менен тарбиялаш керек деген ойдомун. Ата-энем мага кандай тарбия берсе, балдарымды ошондой тарбиялоого аракет кылам. Бизде чек деген түшүнүк бар болчу. «Чеги менен болуш керек» деп ата-энем азыркыга чейин айтат. Ыйдын, сыйдын, күлкүнүн, эркеликтин, кубанычтын, какыс-кукустун да чеги болуш керек.
Эненин орду башка, атанын орду башка. Таалимди эне берет. Кандай сүйлөш керек, эмне кийиш керек, эмне жеп, эмне жебеш керек деген тарбияны энеден алабыз. Ал эми адам болуу, адамгерчиликтүү болууну бала атадан алат. Тарбия – бул уруп-согуу же акыл айтуу гана эмес. Тарбияны бала көрүп алат. Сени карап чоңоёт. Кыз бала энесин карап чоңоёт. Ошондуктан илгертеден эле энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт деп айтылып калган да. Энеси кандай болсо кыз аны көрүп, идеал тутуп чоңоёт. Уул дагы атасын карап жетилет. Кээ бир аталар бар, тамеки тиштеп алып баласына «тамеки чекпе» деп урушкан. Ал тарбия эмес. Ошондой эле ичимдик ичип мас болуп, эртеси баласына «арак ичпе» десе, сөзү өтүмдүү болобу? Ошондуктан балдарды тарбиялоодон мурун өзүбүздү тарбиялашыбыз керек.
Үй-бүлөдө зомбулук күчөп жаткан болсо, демек, биздин коомчулук ооруп, дени сак эмес. Зомбулук кылган үй-бүлө мүчөсүн жазага тартып, кечирим суратып мындай көрүнүштөн арыла албайбыз. Биз миңдин бирин гана көрүп жатабыз. Ошондуктан кеч болуп кала электе мамлекеттик деңгээлде чара көрүшүбүз керек. Мамлекеттин, өкмөттүн негизги милдеттеринин бири – муун тарбиялоого өтүшү керек.Кенже Дүйшеева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ИЛГЕРИ УРСА УРГАНДЫР, БИРОК БАЛАГА АЗЫРКЫДАЙ ЗОМБУЛУК ЖОК БОЛЧУ»
– Мен аябай эркин өскөн адаммын. Бирок ген дегенге ишенем. Апамдын шок мүнөзүн тарткам. Өң-келбетим да апамдыкына окшош. Апам мага «балам, кой, антип сүйлөбө» деп айткан эмес. Мени апам коргоп турчу. Ата-энем баланын үнүн угушчу. Ошол эле учурда алардын айткан сөзү мыйзам болчу. Бир туугандардын ичинен куйма кулак элем. Ата-энемдин айткан сөздөрүн кичинекейимден эле айтканын айткандай, дегенин дегендей кабылдап турчумун. Анча-мынча туура эмес иш кылсам жини келип урушчу. Бирок өтө аша чаап кыйкырышчу эмес. Бала кезде шоктук кылган учурда, көчөдө ойноп үйгө кирбей койгонубузда чыбык алып артыбыздан кууп коёт эле. Бирок урчу эмес. Чыбыкты көргөндө качкан боюнча үйгө кире каччубуз.
Ата-энемден эрте жетим калдым. Алар баш кошкондон 6 жылдан кийин балалуу болушканга баланын кадырын билишчү окшойт. Балдарына болгон урмат-сыйы да башкача болчу. Ошондуктан бир туугандарымдын баары жумшак болуп калды го деп ойлойм. Боорукерлик, балдарга, бир туугандарга жалынып сүйлөөнү ата-энебизден алдык. Мен азыр көп үй-бүлөдөн мындай нерсени байкай албайм. Мисалы, мен үйгө кирсем бир туугандарым ата-энем айткан «садагаң болуп кетейин, балакетиңди алайын» деген сөздөр менен жалбарып турушат. Мени бир туугандарым «эне» деп алышкан. Мен деле жүрөгүм элжиреп кетсе «садагаң болуп кетейин, жаным» деп эркелетем. Бул балага ата-энеден калат экен. Апам бирок такыр урушчу эмес дегенден алысмын. Бир эле сөз айтат эле, ошол жетчү. Бир мүнөз адам болчу. Мен өтө катуу тартиптеги адаммын, бирок жүрөгүм өтө жумшак. Балдарды катуу уруша албайм. Мисалы, кызым Томирис сөзүмдү укпай кечке кайталата турган болсо «Томирис, менин жиним келгиче бүтүп калсын. Болду, жетти. Кенжени ойготпо» деп бир эле жолу айтып коём (күлүп). Менин ачуум келип башкаларга сүйлөп калсам да дароо түшүнөт. Кызыма колумду тийгизбейм, сөзүм эле жетет.
Биздин убакта ата-энелер урушса урушуп койгондур, бирок азыркыдай деңгээлдеги зомбулук болгон эмес. Балким, ал кезде тарбия, адамдын аң-сезими башкача беле деп ойлойм. Акыркы күндөрү жүрөгүмдү ооруткан көйгөйлөр ушул. Жаш балдарга болгон зомбулуктар, өлүм-житимдер, ушул нерсени жан дүйнөмө батыра албай жүрөм. Балдарга карата зомбулук кылгандарга атайын мыйзам киргизишибиз керек. Биз бул маселеге кайдыгер болуп жатабыз. Тартип орногон жерде бейбаштык, акмакчылык болбойт. Мыйзам чыгаруу системинде аялдардын аздыгы да роль ойноп жатышы мүмкүн. Анткени эненин жүрөгүндөй толгонуп, эненин жүрөгүндөй ооруган адам жок.
Үй-бүлөдө аялга, балага кылынган зомбулук, ташталган наристелер –коомдун жарасы. Азыр көңүл бурулбай жаткан маселенин баары карантинде калкып чыгып жатат. Жаштарда идеология жок деп какшап жатабыз. Балдарга көңүл бөлбөгөндүк ушул нерсеге жеткирип жатат. Эгер адамдар улууга урмат, кичүүгө ызат деген тарбияга жана билимге сугарылып өскөндө бүгүн мындай көрүнүштөр болмок эмес.Сүйүн Откеев, режиссёр: «ЧОҢ АТА-ЧОҢ ЭНЕМ МАГА КОЛУН ТИЙГИЗМЕК ТҮГҮЛ, КАТУУ АЙТЫШЧУ ЭМЕС»
– Мен чоң ата, чоң энемдин колунда тарбиялангам. Алар балдарды өзгөчө жакшы көрүшөт эмеспи. Жакшы көрүп чоңойтушту, какыс-кукус кылмак түгүл, катуу айтышчу эмес. Бир жолу гана... Тилин албай койсом керек да, атам колумду толгоп, кулагымды чоюп койгон эле. Буга чейин бир да жолу уруш укпаганга ошол окуя азыркыга чейин эсимде калыптыр.
Менин үч кызым бар. Аларга колумду эмес, жаман сөзүмдү да тийгизбейм. Анткени кыз балага атаныкы оор тиет. Алдап, акырын айтып түшүндүрөм. Апасы урушат. Эненики бок, атаныкы ок дегендей, эненин урушканы эч нерсе болбойт.
Баланы уруп-согуп тарбиялаганга каршымын. Биздин айылда бир баланы атасы бакка байлап алып сабачу. Кийин ошол бала балдарын да сабап калды. Өткөндө атасы «отжимание жаса» деп баласын сабап жаткан видеону жүрөгүм чыдап көрө албай койдум. Комментарийлерди эле окудум. Кийин ата-баланын жарашып алган видеосун көрүп кубанып калдым.
Баланы токмоктобош керек, сөз менен урушкан башка кеп. Баланы токмоктоп тарбиялай албайсың. Айрыкча өспүрүмдөр мээримге, камкордукка, түшүнүү менен мамиле кылууга муктаж.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg