КОЙ (21.03-20.04)
"Абройлуулардын" айткан-дегенине көңүл буруунун кереги жок. Анын ордуна үй-бүлөлүк баалуулуктарга маани берүү кажет. Алынган маалыматтар маселеңиздин чечилишине жол көрсөтүп берет. Иштер өз ара түшүнүшүү менен оңой бүтөт.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Маселени чечүү үчүн бирөөгө кайрылууда "кокус жаман көрбөйбү?" деген ойду жыйыштырыңыз. Олку-солкулук артка гана тартат. Жаман адаттардын ордун жакшылары менен алмаштыра баштаңыз. Сүйүүнү багуу керектиги бүгүнкү мамиледен улам билинет.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Үйдө абал чыңалат, кандайдыр бир маселе жаралмакчы. Бирок жыйынтыгы компромисске баруу, жакшы идеяны табуу менен аяктайт. Эски буюмдарды сорттоп, кереги жогунан арылууну сунушташат жылдыздар. Бир кездеги достор менен байланышты жандандырууну көздөп алардын дарек, телефондорун издештиришиңиз мүмкүн.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Кыйынчылыкка чыдоо, максатка умтулуучулук касиетиңиз менен үйдөгүлөрдүн көйгөйүн чече баштайсыз. Ички сезимдериңиз тынчтык бербей, жашоодо кетирген катачылыктарды, жетишкендиктерди талдап, жыйынтык чыгарасыз. Жакын адамыңыз көңүлүңүздү көтөрүп, моралдык колдоо көрсөтөт.
АРСТАН (23.07-23.08)
Кадимкидей күн күтөт. Үй иштери менен алектенүү жан дүйнөңүздү тынчтандырып, өзүңүз менен өзүңүз калууга көмөк берет. Жаңы идеялар тууралуу ойлоносуз. Чыгармачыл адамдардын иши алдыга жыла бербейт. Айрымдардын өнөкөт бел жана кол-бут оорулары өзүнөн кабар берет.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Активдүүлүгүңүз сырткы чөйрөдөн оолак болуп, жан дүйнө тынчтыгын самоо менен алмашат. Интернеттеги социалдык тармактар аркылуу башка шаар же айылдан жаңы тааныштарды табасыз. Сүйүү жаатындагы азгырмалуу кыялдар сезимиңизди ээлейт. Кылдан кыйкым издеп үйдөгүлөр менен урушуп калбаңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Үй же жер тилкесин алуу же балалуу болуу жаатында пландар жаралат. Чоң ишти өзүңүз бүтүрө аларыңызга көзүңүз жетпесе киришпей туруңуз. Жүрөгүңүзгө жакын адам менен мамилелерди териштирүүдөн утпайсыз, болгону маанайыңыз түшөт. Досуңуз сюрприз жасашы мүмкүн.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Уккан маалыматтар көңүл жылытарлык болбойт. Жумуштагылар жетекчилерине доомат артпоосу кажет. Бул чыр менен аяктайт. Айрымдар атайын уюм же таанышынан колдоо алышат. Үйгө керектүү буюм жасашыңыз ыктымал.
Жаңы долбоорду түзүүгө, байланыштарды чыңдоого, бүтпөй калган иштерди бүтүрүүгө ылайыктуу күн. Ашказан-ичеги оорусу барлар узакка ачка болуудан, күчтүү тамактан баш тартуулары зарыл. Көрө албастар сөзүңүздөн кармап, басмырлоого аракет кылат. Жол бербеңиз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жумшак мүнөзүңүздүн артында эрктүүлүк жатканын байкайсыз. Ишиңизди өз орду менен жасабасаңыз жеме угуп каласыз. Жагымдуу эскерүү менен бир жаңылыктан улам үйүңүз күлкү-шаңга бөлөнөт. Бир нерсени жасоодо жаракат алып калуудан сак болуңуз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жөнү жок душмандашкан адамдын акырындап досуңузга айланып баратканын сезесиз. Кызыктуу бир нерселерди ойлоп таап, тамашакөй адамга айланасыз. Балдардын талабын аткаруу үчүн акча издөөңүз мүмкүн. Табиятка жакын болуңуз.
Коомдогу окуялар сизди интернеттеги социалдык тармактарда активдүү болууга түртөт. Ата-энелерге же улуу бир тууганга байланыштуу көйгөйдү чечүүгө оюңузду айтасыз. Оюңуздагы нерсени жасоого бир нерсе тоскоолдук кылып, түйшүгүңүздү көбөйтөт.