Нияз Абдыразаков, ырчы: «КАРАНТИНДЕ ЖАЛКОО АДАМ ДЕЛЕ БАРДЫК ИШТИ КЫЛАМ ДЕП КАЛДЫ ОКШОЙТ»

Ырчы, обончу Нияз Абдыразаков карантин маалында китеп окуу, жаңы ырларды жаратуу менен алек экенин айтат. «Тарбиялык мааниси терең ырларды жаратып жатам» дейт ал. Коронавирус пандемиясы Нияз мырзаны да жашоону сүйүүгө үйрөтүптүр.

– Нияз, саламатсызбы? Карантинде зерикпеш үчүн эмне менен алек болуп жатасыз?

– Биз дагы эл катары, зериксек да айла жок мамлекеттин талабына баш ийип, оорунун жайылып кетпешине салымыбызды кошуп үйдө отурабыз. Бош отургандан тажаганда кино көрүп убакыт өткөрүп жатам.

– Бул пандемия, карантин сизди эмнеге үйрөттү?

Азыр дүйнө эли үйүнө камалып, эч жакка чыга албай жаткан убак. Көпчүлүк «ушул карантинде жашоонун кадырын билдим» деп жатышат. Туура. Мен дагы кененчиликтин, токчулуктун, дени сак жашоонун кадырын билип жатам. Карантинде кино эле көрүп бекер жаткан жокмун. Китеп окуп, жаңы чыгармаларды жаратып, өзүмдү өнүктүрүүнүн үстүндө да иштеп жатам.

– Бүгүн орозо айынын биринчи күнү эмеспи. Орозо кармадыңызбы?

Көп жылдан бери орозо кармап келе жатам. Жараткан быйылкы орозо айын да көрүүнү буюруптур, бул айды кубанып тосуп алдым. Жакшы тилектер менен оозумду бекиттим.

Орозо кармаганда өзүмдү жакшы сезем. Мусулман баласына парз эмеспи. Ден соолук болсо сөзсүз кармашыбыз керек деген ойдомун. Орозо кармоо көп нерсеге тарбиялайт. Күнү бою ачка жүрүп жакыр, үйүндө ачка отурган адамдардын кадырын билесиң. Бир эле тамактан эмес, тилден, көздөн, жаман ойлордон, ушактан тыйылышыбыз зарыл.

Орозо жакшылыктын башталышы деп үмүт кылып жатам. Дүйнө элин кайгыга салган оорудан ушул берекелүү айда кутулуп кетебиз деген тилегим бар.

– Сиз дагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүп жүрөсүз...

Ооба, кайрымдуулук фонддору менен иштешип жатам. Алар азык-түлүктөрдү жана кыйналып жаткан үй-бүлөлөрдүн тизмесин берип, «жеткирип келгиле» дешет. Биз жеткирип берип жатабыз. Ошондой эле бизге ишенген чет өлкөдөгү байкелер, тааныштар акча жиберип жатышат. Ошолорду өз даректерине жеткирип жатабыз.

Азык-түлүк жеткирип жүрүп аябай кыйналган үй-бүлөлөргө туш болдук. Жашоо шарты жакшы, жакшы үйдө жашаган, бирок жардам алып калсак деген үй-бүлөлөрдү да көрдүм. Аларды деле түшүнсө болот. Анткени күнүмдүк акчасын таап жашагандар да ачка калышпадыбы. Азыр карыз сурсаң да эч ким бербейт. Айла жок азык-түлүк сураганга мажбур болуп жатышат.

Менин жүрөгүмдү ооруткан бир окуяга туш болдум. Бир 70 жаштагы апага жолуктум. Көп баласы болсо да баары тең карабай таштап кетишиптир. Азыр бирөөнүн үйүндө жашайт экен. Ээси «үйүмдү карап бер» деп бекер жашатат экен. Ал апа тиричилигин кылып, өз колу менен буюмдарды тигип, сатып жан бакчу экен. Ал мага батасын берип, өз колу менен тиккен буюмун белек кылды. «Ушундай сонун апаларды кантип кароосуз таштап коюшат?» деп апага боорум ооруду.

– Эми маекти чыгармачылыгыңызга бурсак. Бош убакыт көп болуп чыгармачылыкка да көбүрөөк көңүл буруп жатсаңыз керек? Күйөрмандарыңыз сизден кандай чыгармаларды күтүшсө болот?

Карантинде жалкоо адам деле «бардык иш колумдан келет» деп калды окшойт. Азыр жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жаткан учурум. Тарбиялык мааниси терең чыгармаларды жазып жатам. Шаңдуу ырларды да чыгарып жатам. Анткени тарбиялык маанидеги ырлар кайгылуу болгондуктан, азыркы учурда элдин маанайын биротоло түшүрбөш керек. Башка чыгармачыл досторума да ырларды жазып берип жатам. Алар да мен сыяктуу бош учурунда жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп, карантин бүткөнгө чейин даярдап жатышат. Буюрса, жаңы ырлар четинен жаңыра баштайт. Күйөрмандарымды мындан ары кубантыш үчүн жакшы иштешим керек.

– Жеке жашооңуз тууралуу сурабасам болбос. Көңүлүңүзгө жаккан кызды таппай жүргөнүңүздү айттыңыз эле, таптыңызбы?

Агам Ильяз үй салып, өзүнчө бөлүнүп кеткен. Биз апам экөөбүз көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайбыз. Апамдын колун узартып, көңүлүмө жаккан кызга үйлөнөйүн деген ниетим бар. Бирок жүрөгүмдү ээлеп алган кыз жок. Эмнеге жолуктура албай жатканымды билбейм. Жакшы кыздар көп. Болгону өзүм үйлөнүүгө бир аз шашпай жатат окшойм.

– Маегиңизге рахмат! Ой-тилегиңиз орундалсын!

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан