ОРОЗОДО ТУУРА ТАМАКТАНЫҢЫЗ

Орозо кармаган адам бир нече саат ачка жүрөт. Андыктан ооз бекитүүдө жана ооз ачууда жеген тамактарга өзгөчө көңүл бурушу шарт. Биз күнү бою адамга энергия жана күч тартуулоочу даамдардын рецепттерин сунуштайбыз.

ЛАВАШКА ОРОЛГОН БАЛЫК

Керектелүүчү азыктар:

Балык – 250 грамм

Лаваш – 2 даана

Лимон – 1 даана

Пияз – 2 баш

Петрушка – 6-7 талча

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Каймак май – 100 грамм

Татымына жараша туз, мурч, калемпир

Даярдоо ыкмасы:

1. Балыкты кылканынан тазалап алып, ширеңкенин кутусунун көлөмүндөй кылып кесимдерге бөлөбүз.

2. Пияздын, лимондун кабыгын аарчып алып петрушка үчөөнү майда туурап же сүргүчтөн өткөрүп алып, өсүмдүк майын, татымына жараша туз, мурч, калемпир кошуп аралаштырабыз. Даяр болгон аралашманы балыктын үстүнө салып аралаштырып, 30 мүнөткө муздаткычка салып тыныктырып коёбуз, башкача айтканда, маринаддайбыз.

4. Лавашты 6х18 сантиметр өлчөмүндө, тик бурчтук формасында кесип, бетине каймак майдан сүйкөйбүз. Эми буга маринаддалган балыкты салып оройбуз.

Эскертүү! Маринад үчүн тууралган пияз, петрушка, лимон кабыгы балык менен кошо оролот.

5. Жумуртканын сарысын бөлүп алып, оролгон лаваштын бетине сүйкөйбүз да, электр мешинин табасына салып, 180 градуста 20-25 мүнөттө бышырып алабыз. Рулетибиз даяр!

“ПАДЫША” ШОРПОСУ

Керектелүүчү азыктар:

Тоок эти – 1 килограмм

Нокот – 2 стакан

Пияз – 3 баш

Болгар калемпири – 2 даана

Сарымсак – 2-3 тишче

Томат пастасы – 1 аш кашык

Өсүмдүк майы – 80 грамм

Картошка – 5 даана

Сабиз – 2 даана

Укроп же ашкөк – 1 тутам

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Нокотту 7-8 саат жылуу сууга чылап коёбуз.

2. Пияз, сабиз, картошка, болгар калемпирин жана сарымсакты тазалап, жууп алабыз. Андан соң пиязды жарым тегерек, ал эми сабизди 0,5 сантиметр калыңдыкта тегерек туурайбыз.

3. Казанга куюлган май ысыган кезде чакан кесимдерге бөлүнгөн этти салып 15 мүнөттөй кууруйбуз. Мындан соң пиязды салып, татымына жараша туз, мурч, томат пастасын кошуп дагы 5 мүнөт кууруп, 3 литрдей суу куябыз.

4. Эми казанга нокотту салып, жай отто бышканча кайнатабыз. Нокот бышкан соң казанга сарымсакты, чоң-чоң тууралган картошка, помидор жана болгар калемпирин салып бышырабыз. Шорпобуз даяр! Аны чоң чыныга куюп, үстүнө майда тууралган укроп же ашкөктөн себелеп, дасторконго берсеңиз болот.

ТӨӨ БУУРЧАК КОШУЛГАН ГРЕК САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Төө буурчак – 1 стакан

Бадыраң – 1 даана

Помидор – 2 даана

Пияз – 1 баш

Болгар калемпири – 1 даана

Зайтун ашы – 10 даана

Шпинат, руккола – 1 тутам

Лимон ширеси – 3 аш кашык

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач төө буурчакты жууп, сууга кайнатып бышырып алабыз. Кааласаңыз консерваланган нокотту пайдалансаңыз да болот.

2. Жашылчалардын баарын жууп, тазалайбыз. Пиязды жарым тегерек, помидор, болгар калемпирин, бадыраңды төрт чарчы формасында туурайбыз. Зайтун ашын ортосунан тең экиге бөлөбүз. Ал эми шпинат менен рукколаны чоң-чоң үзүп салабыз.

3. Эми азыктардын баарын чоң идишке салып, татымына жараша туз, мурч салып, лимон ширеси менен өсүмдүк майын кошуп аралаштырабыз. Салатыбыз даяр!

ШИРЕЛҮҮ УЙ ЭТИ

Керектелүүчү азыктар:

Уй эти – 400 грамм

Брокколи – 300 грамм

Пияз – 1 баш

Сарымсак – 1-2 тишче

Соя соусу – 3 аш кашык

Жүгөрү крахмалы – 1 чай кашык

Имбирь – 2 кесим

Өсүмдүк майы – 50 грамм

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Этти ичке, узун-узун кылып туурайбыз.

2. Бир идишке крахмалды, соя соусун, кумшекерди кошуп аралаштырып маринад даярдайбыз. Тууралган этке бул маринадды куюп, 30 мүнөт тыныктырып коёбуз.

3. Брокколини сабактарынан ажыратып, туздуу сууга салып 2 мүнөт кайнатып, сүзүп чыгарып, дароо муздак сууга салабыз.

4. Пиязды, имбирди жана сарымсакты аарчып, майда туурайбыз.

5. Казанга өсүмдүк майын куюп, алгач пиязды соолуганча жай отто кууруйбуз. Эми этти салып 3-4 мүнөт күчтүү отто кууруйбуз.

6. Эттин үстүнө имбирь, сарымсак жана брокколини салып 3-4 мүнөт кууруп алабыз. Ширелүү уй эти даяр! Аны сууга демделип бышкан күрүч, гречка менен берүүгө болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aizirek...
2020-04-24 13:40:29
Айылда бул азыктарды кайдан тапмак элем???
+6
KaGaH
2020-05-12 09:02:58
Күлчөтай,бешбармак ушул тамактар менен эле кармап атам орозо,силердин жазганынар айылда жок
+1
Alpen.gold
2020-05-16 18:04:41
Падыша шорпосун даярдап көрсөм окшойт
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан