КОЙ (21.03-20.04)
Көйгөйлөрдү чечүү үчүн сизге көп жага бербеген адамга кайрыласыз. Иш ордун алмаштыруу жаатында сунуш түшүшү мүмкүн. Ашыкча кыймылдап чарчабоого аракет кылыңыз. Үй шартында ден соолукту бекемдөөчү процедураларды жасаңыз, сергек тартып, маанайыңыз көтөрүлөт.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Ойлонулбаган сөздөрдү айтуудан жана кылык-жоруктарды жасоодон карманыңыз. Болбосо көпкө чейин өкүнүп жүрөсүз. Эгер баарын маанилүү иштен баштап, ошол темп менен улантсаңыз, күнүңүз жемиштүү болот. Мүмкүн, мурун колдон келбейт деген ишти бүтүрүүгө бел байлайсыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Максатка жетүү үчүн көп күч коротосуз, анткени аракетиңиз баш аламандык менен коштолот. Андыктан план түзүп, ошону менен гана иштөө сунушталат. Көптөн бери достошуп келе жаткан тааныштарыңыз тууралуу көп жаңы нерселерди билесиз. Ушул себептүү алардын айрымдарына башкача мамиле кылуу керектиги айкындалат.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Адамдар менен байланышты мыкты түзүүгө жөндөмдүүлүк артат. Эгер кааласаңыз, атаандаш болуп келе жаткандарды да ишенимдүү пикирлеш адамга айланта аласыз. Сүйүшкөндөрдү жагымдуу көз ирмемдер күтөт. Бирге иштешкендер менен болочок долбоорлор, алдыдагы өзгөрүүлөр боюнча баарлашасыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Олуттуу бир иш боюнча сүйлөшүүлөр көп убакытты алмакчы. Болбогон жерден жаралчу талаштардан качыңыз. Жакындарыңызга моралдык колдоо көрсөтүүнү унутпаңыз. Авантюрага барып, өзүнө бекем тыл камсыз кылам дегендердин тилеги жарым-жартылай ишке ашат.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Активдүү жана агрессивдүү иш-аракеттерге ылайыктуу күн эмес. Болуп жаткан окуяларга баам салып, йога, медитация же чарба иштери менен алектенүүгө жакшы учур. Чөйрөдөгүлөр тажата бергендиктен, телефонду өчүрүп кутулушуңуз мүмкүн. Өзүңүздүн үстүңүздөн иштөөнү колго албасаңыз, депрессияга кабылышыңыз ыктымал.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Эмоцияны көзөмөлдөө сунушталат. Бирөөгө доо артып маанайды түшүргөндүн ордуна милдетиңизди эске алуу сунушталат. Чөйрөдөгүлөрдүн ролу алмашат же жаңылар пайда болот. Алдыда келечектүү иштердин тилкеси баштала тургандыгын эске алып, жеке жашоого байланышкан түпөйүл суроолорго баш катырбай туруңуз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Чыгармачылыкка, балдарга, сүйүүгө мамилеңиз өзгөрүп, жогорку деңгээлге чыга баштайт. Окшош күндөрдөн тажап, көз карашыңызды, ойлоруңузду өзгөртө баштаганыңызды далилдейсиз. Мурун эле айлыгы жогору ишке которулуп кетүүгө чыгынбаганыңызга каржылык кыйынчылыктан улам өкүнөсүз.
Боорукер адамдардын арты менен азык-түлүктүү болосуз же өзүңүз кайрымдуулук кыласыз. Электр иштерин өзүңүз бүтүрөм деп өмүрүңүздү тобокелге салбай, адиске кайрылууңуз кажет. Туугандардан жашырып келе жаткан сырыңыз ачыкка чыгып калышы мүмкүн.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Чечкиндүү чечим кабыл алуучу абал жаралат. Чечимиңиз эртеңки күнгө залакасын тийгизбегидей болушу керек. Таанышыңыздын биринин кубулма жүздүү экендиги айкын болот. Массаж жасоону, гүл өстүрүү, унаанын бузулган тетиктерин оңдоо сырларын үйрөнүп баштасаңыз жакшы.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жылдыздар бүгүн жакшы мүмкүнчүлүк тартуулашат, колдон чыгарбаңыз. Интернеттеги социалдык тармактарга пост жазууда ашыкча кетпеңиз, дарегиңизге сын-пикир көп айтылып калат. Өзүңүзгө жана үйдөгүлөргө катуу талаптарды койгуча, майда нерселерден да ырахат алууну үйрөнө баштаңыз.
Тааныштар менен баарлашууда чекти сактаңыз. Какшык угуп калышыңыз мүмкүн. Жан шеригиңиз кечиктирбей аткара турган талаптарды коёт. Эс алууңузду пайдалуу китептерди окуу же фильмди көрүү менен айкалыштырыңыз.