КОЙ (21.03-20.04)
Үйдөгү маселеге сырттан эч кимди кириштирбөө керек. Талаа жумуштарын бүтүрүү сыяктуу чарба иштери менен алектенгендер жумушун ийгиликтүү аяктайт. Жоголгон буюмуңуз табылышы мүмкүн. Өнөкөт оорусу барлар өздөрүн жакшылап карап, башка иштерин токтотуусу абзел, антпесе жасаган ишинен майнап чыкпай убара болот.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Балдардын жан дүйнөсүн аңдап-билүү сунушталат. Мүмкүн, айта албай жүргөн, сизден жашырган көйгөйү бардыр. Үйдө ар кимге бөлүнгөн иштерди көзөмөлдөсөңүз эле баары орду менен бүтөт. Айрымдар тааныштары аркылуу жаңы жумуш караштыра башташат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Чыгармачыл адамдар келечеги үчүн пайдубал түптөөгө киришишет. Айрымдарга иштеген жеринен колдоо көрсөтүлүшү мүмкүн. Үйдө маселени чечүүдө өзүңүзгө ашыкча ишенип, башкаларды укпай койбоңуз. Малды көзөмөлдөбөсө жоголуп кетүү коркунучу бар.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сиздин эркиңиз туура тамактанууга киришүүгө, рациондон ашыкчаларды алып салууга жетет. Демек, киришиңиз. Бүгүн угуп, окуп, көргөндөрүңүздүн баарын жүрөк аркылуу өткөрүүнүн кереги жок. Ден соолугуңузга терс таасири тиет. Бизнес, соода менен алектенгендердин эски достору табылып, ишин кайра жолго коюу жаатында жардамдарын сунуштай баштайт.
АРСТАН (23.07-23.08)
Үйдөгүлөр менен кагыша бербөө үчүн аларга эмне кылышты улам айтып жиндерине тийбеңиз. Андан көрө көңүлдү аччу бир нерселерди ойлоп табыңыз. Телефон чалуулардан улам көптөгөн адамдардын ишенимдүү досу экениңизге сыймыктанасыз. Байкоосуздан кымбат буюмду сындырып алуудан сак болуңуз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Алдыда эмне иштерди бүтүрүү керек экендигин так аныктап алуу керек, ошондо аларды ишке ашыруу жолдору бат айкындалат. Этикага, динге байланышкан талаш-тартышта ашыкча кетпеңиз. Ысык суудан, оттон абайлаңыз, күйүккө учуроо коркунучу бар. Табышмактуу нерселерге кызыгуу артып, жаңы нерселерди билесиз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Башкалардын катасы, туура эмес иши үчүн сизди айыптоолору же башкалар жасагысы келбеген ишти сизге жүктөгүлөрү келгендер чыгышы мүмкүн. Абалдан түшүнүшүү менен чыгыңыз. Бүгүн тартынчаактык кылып ала турган олжодон куру калбоо кажет. Үй тиричилик техникалары иштен чыгып убара кылат. Келген кабар күнүмдүк иш тартибиңизди бузуп, ойлоруңузду чакчелекей түшүрүүсү ыктымал.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Сизди сүйүп, камкордук көргөн адамдардын жардамын көрүңүз, кубанычына ортоктош болуңуз. Ден соолукка кам көрүп зыяндуу тамактарды азайтуу сунушталат. Айрымдар кайсы бир кабарды угуп, түйшөлөт. Кандай болгон күндө да жашоо тажрыйбаларга, кеңештерге таянып иш кылуу зарыл.
Жаман ойлордон арылып, нервди сактап, күнүмдүк жана жан дүйнөгө жакын иштер менен алектенүү сунушталат. Жакындарыңыз менен урушуп кетпеш үчүн кылдан кыйкым издей бербеңиз. Каржылык маселелерди чечүүгө кылган аракетиңиз канааттануу алып келбейт. Карантин бүткөндө жумушуңузду жаңы багытта алып кетүү үчүн план, долбоор түзүңүз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Чаташкан кырдаалда ким күнөөлүү дегендин ордуна эмне кылуу керек деген суроону өзүңүзгө берсеңиз туура. Сиздин жакшылыгыңызды көп көргөн адам бир суранычыңызды аткарбай көңүлүңүздү калтырышы мүмкүн. Үй канаттууларын багууну пландагандардын тилеги ишке ашат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Тажрыйбаңыз артып, кыйынчылыктан чыгып кетүү жолун өздөштүрүп баштаганыңыз билинет. Интернеттен утушу бар оюндардан утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок толугу менен ишеним артып алуунун кереги жок. Балдарды алаксытууга керектүүлөрдү алып берүү талабы чыгат. Майда иштерди бүтүрүүнү башкаларга тапшырыңыз.
Бүгүнкү жаңылыктар, сөздөр кайдыгер калтырбайт. Өзүңүздү ачууга кызыгып, психология жаатында маалыматтарды издейсиз. Эскирип бараткан азыкты колдонбоо сунушталат. Эч нерсе тоскоолдук кылбаган, мисалы, көчөгө чыкпай үйдөн бүтүрчү иштер же кайсы бир кызыктуу адабиятты окуудан улам күнүңүздүн кандай өтүп кеткенин билбей каласыз.