Ырчы Илгиз Абдалиев жубайы Назима экөө 2019-жылдын ноябрь айында баш кошушкан. Түгөйлөр баш кошуу чечимин кабыл алуу үчүн 2 жолугушуу эле жетиштүү болгонун айтышат. Шайыр, тамашакөй жан шериктердин кызыктуу маеги алдыда.
– Илгиз, Назима, кандайсыңар? Илгиз, алгач жубайыңды окурмандарга тааныштыра кетсең...
Илгиз: – Жакшыбыз, рахмат. Жубайымдын аты-жөнү Назима Муратбекова. Нарын облусундагы Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын кулуну. 2001-жылы туулган. Экөөбүздүн ортобузда 12 жаш айырма бар. Назима азыр 2-курстун студенти. Кесиби боюнча эсепчи.
– Жакшы. Махабат баяны эки жаш таанышкан күндөн башталдыбы?
И.: – Экөөбүз былтыр октябрь айында таанышканбыз. Назима мени сыртымдан байкап, жактырып жүрчү экен. Сезими тууралуу жеңесине айтыптыр. Жеңеси менин классташ кызым менен чогуу иштечү. Анан экөө сүйлөшүп отуруп бизди тааныштырып коюуну чечишиптир. Ошентип классташ кызым аркылуу жан биргем менен таанышып калдым. Алгач WhatsApp`тан жазганымда Назима ырчы Илгиз жазып жатканына ишенген жок. Өзүмдү видеого тартып жибергенде араң ишенди. Эки күн WhatsApp аркылуу сүйлөшкөндөн кийин жолугушууга чакырдым.
– Алгачкы жолугушуу кандай өттү?
И.: – 26-октябрь болчу. Шеринеге бармакмын. Ага чейин Назима менен жолукканда ал жагып калса кошо алып барам, жакпаса өзүм эле барам деп ойлонуп койдум.
Назима.: – Ошентип ойлонгон экенсиз да, ээ?
И.: – Ооба (күлүп). Анан шеринеге ээрчитип кеттим. Назима жеңесинен бир саатка эле суранып чыккан экен, ал улам чалат, жазат. Бир маалда телефонун алып туруп «жеңе, кабатыр болбоңуз. Саат 11де жеткирип коём» деп жазып койдум. Жеңеси классташ кызыма да улам чалып «ал чоң эле киши го. Жаш кызды бир нерсе кылып салбайбы? Коркуп жатам. Байкеси келсе бизди өлтүрөт» дептир.
– Анан үйгө барганда жеңең уруштубу, Назима?
Н.: – Урушкан жок. Биринчи жолу жолугушууга кетип, кечиксем коркуптур.– Андан ары мамилеңер кантип уланды?
И.: – Андан кийин экинчи жолу жолугуп, кафеде тамактандык. Ошондо жолугушуудан чыгып Назима үйүнө кирери менен WhatsApp`тан «мага жактың. Макул десең, үйлөнгөнгө даярмын. Бир айдын ичинде алып кетем. Мага бир эле жооп керек, «ооба же жок» деп айт» деп айттым. Назиманын анда турмушка чыгуу оюнда жок экен. Алгач таң калды. Бирок ойлонуп туруп бир аздан кийин оң жообун берди. Бул макул болгондон кийин кайра өзүм «мен даярмынбы?» деп ойлоно баштадым. Мен тез чечим кабыл алган, кабыл алган чечимимден артка кайтпаган адаммын. Ушундан кийин экөөбүз бир тойго чогуу бардык. Анан 22-ноябрь – менин туулган күнүмдө баш коштук.
– Илгиз, айткандарыңа караганда Назиманын сырткы келбетине көбүрөөк көңүл бургандайсың?
И.: – Бири-бирибизге жарашпай калбайлы деп келбетине да көңүл бурдум. Келбетинен тышкары назиктиги, орундуу сүйлөгөнү, чечкиндүүлүгү, тамашакөйлүгү, тазалыгы, тыкандыгы жакты, жылдызыбыз келишти. Анан да көп убакыт сүйлөшүп жүрө берсең мамиленин баркы кетип калат го. Ошол себептүү убакытты созуп жүрө берүүнү туура көргөн жокмун. Мага күлүп-жайнап жүргөн адамдар жагат. Назима экөөбүз тең шайырбыз. Күлүп, тамашалашып коюп жашап жатабыз.
– Назима, күйөрмандар арасында «Илгиздин ырчылыгына кызыгып эле баш кошууга макул болду» деген сөздөр да айтылса керек?
Н.: – Ооба, Илгизди мурда сырттан таанычумун. Бирок атактуулугунан мурун жан дүйнөсү, адамдарга кылган мамилеси басымдуулук кылып кетти. Башында эле «атактуулугуңузга кызыгып сизге турмушка чыгып жатат деп ойлосоңуз, жаңылышасыз» дегем.– Сен дагы чечимди бат кабыл алыптырсың. Башында баары бир корккон чыгарсың?
Н.: – Корктум. «Жашап кете аламбы, Илгиз ата-энем менен тил табыша алабы?» деп ойлондум. Бирок баары бир жашап кетериме ишендим. Атамдын туугандары, бир туугандарым мүнөзү оор адамдар. «Чоң энем эмне дейт?» деп корктум. Бул тууралуу алгач апама айттым. Апам мага таарынып сүйлөшпөй жүрдү. Анан ал чоң апама, атамдарга айтса, чоң апам «турмушка чыгам деп жатса, демек, өз теңин тапты, кызды кармабагыла» дептир. Атам болсо «мен кызыма ишенем, макулмун» дептир. Алар Жумгалда, мен Бишкектемин да. Атам менен чоң апамдын бул сөздөрү мага күч, ишеним берди. Анан апам чалып «ал ким?» деп сурады.
И.: – Алар сураса да Назима кимге турмушка чыгып жатканын айтпай койду. Анткени изилдеп киришпесин деп «мен тууралуу айтпа» деп сурангам. Үйлөнүү тоюбузга 2 күн калганда ата-энелерибиз жолукту. Ошондо гана Назиманын ата-энеси мен тууралуу билишти.
– Билгенден кийин эмне дешти?
Н.: – Апам «бактылуу болсоңор болду» деди. Атам «негизгиси кызым үйгө ыйлап келбесе болду» деди.
И.: – «Ыйлап келбейм, ушул балага тийбесем болбойт» деп тийбедиңби (күлүп)?
– Илгиз, кайнатаңдын сөзү дайым эсиңде болобу?
И.: – Албетте, Назима үйүнө ыйлап барбайт. Бул ыйласа өзүм коркуп кетем. Кичине катуу сүйлөп койсоң эле ыйлап калат экен. Бир ирет экөөбүз бир жерге баралы деп даярданып жатып, «эмне кеңкелестейсиң?» деп алгам. Назима унаага отурганда эле ыйлап баштады. «Эмне болду?» десем айтпайт. Өзүм коркуп кеттим. Бир маалда «эмне мени урушуп жатасың?» дейт. Анан эркелетип койсом басылып калды.
– Ортодогу жаш айырма өзүңөрдү, туугандарыңарды чочуткан жокпу?
И.: – Мен башында эле «мен жөнүндө баарын билесиң, өзүң макул болдуң. Туугандарыңа өзүң түшүндүр. Кийин мен жаманатты болбоюн. Жаш кыздын башын айлантып алдың деген сөз болбосун» дедим. Калганын Назима өзү жайгарды. Мага болсо Назима жакты. Анын чечкиндүүлүгү, тамашакөйлүгү жакты. Жаш, тарбиялап алам дедим.– Анан, кантип тарбиялап жатасың?
И.: – Тамашалап жатам. «Тарбиялап алам» деген туура эмес экен. Адам жаш болобу, улуу болобу, дээринде тарбиясы болушу керек экен. Андайга көнбөйм деп өзүнүкүн бербегендер ошол бойдон калат окшойт. Туура эмес болсо да өзүнүкүн талаша берсе эркектин көңүлү калат да.
– Назима, сени Илгиздин улуу болгону чочулаткан жокпу?
Н.: – Жок. Мага жакты, кичүү деп сыйлап, эркелетип турат экен.
– Келиндин келгендегиси эстен кетпейт дейт. Назима, кандай кызыктуу окуяларга кабылдың?
Н.: – Тойдун алдында кыз узатууга даярданып уктаган эмесмин. Эртеси күнү эле Бишкектен Ат-Башыга келдик. «3 күн катары менен жакшы уктабаптырмын. Ат-Башыга баргандан баштап келин көргөнү эл келип жатты. Эртеси көшөгөдө отуруп уктап калыптырмын. Бир маалда кайын сиңдим «жеңе, келин көргөнү келатышат» деди эле уйкусуроо менен туруп алып жүгүнүп жаттым. Бир маалда көзүмдү ачып карасам, жанымда эч ким жок экен. Кайын сиңдим «жеңе, кишилер кеткенден кийин жүгүнүп жаттыңыз го» деп каткырат.
– Бири-бирин аз гана таанып үйлөнгөндөрдүн жашоосу кызыктуу болот дешет...
И.: – Ооба, ошондой экен. Азыр бири-бирибизге ар нерсе айтып берип сөзүбүз бүтпөйт.
– Өзүңөрчө жашайсыңарбы?
И.: – Негизи Бишкекте өзүбүзчө жашайбыз. Азыр карантин учурунда Ат-Башыда ата-энебиз менен жашап жатабыз.
– Назима, кайнене-кайната менен жашаган кандай экен?
Н.: – Атам менен апамды өзүмдүн ата-энемдей кабыл алам. Күндө алардын ыраазычылыгын алганга аракет кылам. Мага башынан эле айылда жашаган жагат. Турмушка чыга электе студент болуп Бишкекте жашап калдым да. Акчам болсо эле айылга кетип калчумун. Анан айылда атам эмне жумуш кылса да ээрчип жанында жүрө берчүмүн. Ошого көнүп калгангабы, турмушка чыккандан кийин Илгизди ээрчип калдым. Азыр Илгиз эшикке чыкса эшикте, үйгө кирсе үйдө ээрчип жүрөм (күлүп).
И.: – Аны угуп менин атам «Илгиз жокто мени деле ээрчип жүрө бер» деп коёт. Анан бул жакта Назима курактуу иним бар. Көп учурда экөө ойноп кетишет (күлүп).
– Үй-бүлөдө аялдар зомбулук көргөн окуялар азайбай жатат. «Аялды алсыз эркек урат» деген пикирге кошуласыңбы?
И.: – Аялды алсыз эркек урат дегенге кошулам. Аялың сага жакпаган иш жасап жатса, жакшы сөз менен айтып түшүндүрүү туура. Акылы жетсе, аял өзү түшүнүп алат. Түшүнгүсү келбеген аял жолу каякта экенин өзү билет. Жашоону алып кете алган аял башынан эле билинет. Эркекке аялдан жылуу сөз, даамдуу тамак жана аны уга билүүсү гана керек.
Н.: – Менимче, эркек башкарган үй-бүлөдө туруктуулук болот. Анан ар бир күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат дешет. Мен күчтүү аял болгонго, үй-бүлөнү сактаганга, жолдошумдун сөзүн укканга аракет кылам.
– Илгиз эл көзүндөгү адам. Күйөрман кыздары жазып, чалып калышы мүмкүн. Кызганууга шылтоо боло элекпи?
Н.: – Күйөрмандарын түшүнүү менен кабыл алам, аша чаап кетпесе эле. Илгизге ишенем, кызганууга шылтоо жок.
И.: – Негизи чагымчылдар болуп жатты.
Н.: – Ооба, андайлар көп болот экен.
– Кандай чагымчылдар? Түшүндүрүп берсеңер...
И.: – Эски окуяларды айтып чыккандар болду. Назима баарына түшүнүү менен мамиле кылды, ошондуктан мага жеңил болду. Экөөбүз биргеликте баарын жеңип, андай адамдарды блокко салып жок кылып жатабыз.
– Бири-бириңердин телефонуңарды текшересиңерби?
И.: – Албетте, мен текшерем. Ар нерсени жазып Назиманын көңүлүн оорутуп коюшпасын деп социалдык тармактардагы баракчаларына кирип, комментарийлерди, жеке каттарды карап турам. Айрымдарын Назимага көрсөтпөй жок кылам. Таанышуу максатында жазган балдар да бар. Аларды өзүм жолго салам.
– Канча балалуу болгуңар келет?
И.: – 10 бала төрөйсүң деп жатам. Сен төрөп эле бер, өзүм багам дейм. Мен баланы жакшы карайм.
– Назима анда бала карап үйдө отурган жубай болот экен да?
И.: – Жок, иштейт дагы. Айымдар балдар менен үйдө отура берсе депрессия болушат, өзүн карабай калышат, толуп кетишет. Бул нерселер мени ойлондурат. 10 бала төрөсө да чекчейип өзүн тыкан алып жүрүүсү керек.
– 10 балалуу болууга Назиманын пикири кандай?
Н.: – Буюрса, ден соолук болсо, төрөй берем. Азыр эртерээк балалуу болсок экен деп тиленип отурабыз.
– Илгиз, чыгармачылыкта кандай жаңылыктарың бар?
И.: – Жубайым экөөбүз дуэт ырдап көрөлү деп жатабыз. Тагыраак айтканда, мен аны көндүрүп макул кылып жатам. Карантин бүтсө ыр жаздырабыз. Эл жакшы кабыл алса, чогуу ырдоону улантабыз.
– Назиманын көңүлү барбы? Атактуу болууга даярбы?
Н.: – Ооба, бар. Үйрөткөнүн үйрөнүп жатам. Атактуу болууга даярмын.
– Кызыктуу маегиңер үчүн рахмат! Бактылуу болгула, кыялдарыңарга жеткиле!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg