ОРОЗО КАРМАГАН ЖЫЛДЫЗДАР

Орозо кармаган адамдын денеси сергек тартып, жан дүйнөсү тазаланат дешет. Кыргыз шоу чөйрөсүндөгү жылдыздардын да бир топ жылдан бери орозо кармап жүргөндөрү, биринчи жолу кармап жаткандары бар. Алардын айрымдарын кепке тарттык.

Алымкул Мамырбаев, ырчы:
«БИРИНЧИ ЖОЛУ ОРОЗО КАРМАГАНДА АЯБАЙ КЫЙНАЛГАМ»

– Быйыл 4-жолу орозо кармап жатам. Эң алгачкы жолу кармаган орозом жай мезгилине туш келип, ысык болгондуктан аябай кыйналгам. Кармаган орозомдун 10-15 күнү Кытайда өткөн. Ал жакка чыгармачыл топ менен командировкага барган элек. Кесиптештердин арасында ыраматылык Элмира Кайып кызы да бар болчу. Чыгармачыл кесиптештерим күндүз жеген тамактарынан контейнерге салдыртып мага алып келип берип жардам берип жатышты. Эртеден кечке ачка жүрүп, анан кытайлардын ачуу тамагын жеп алып кара терге түшкөм. Ооз жапканы турсам кайра эле ошол калемпирге чыланган ачуу тамак. Айтор, аябай кыйналгам.

Биринчи кармаган жылы жумуштан үйгө келгенде адаттагыдай эле дасторконго отура калып, оозум бек экенин унутуп оозума тамак салып жиберген учурлар болду. Анан эки жакты карап, же тамакты кайра оозумдан чыгара албай, же жутуп жибере албай ыңгайсыз болгон күндөр өттү (күлүп). Орозо бүткөндөн кийин аябай жеңилдеп калам. Өзүмдү бир башкача сезип, сергек болуп, тазарып калгандай сезилет. Элге кадырлуу да болуп калат экенсиң (күлүп).

Орозо маалында сабыр кылганга өтө аракет кылам. Азыр карантин болуп үйдө тынч жатып калбадыкпы. Мурда жумуш учурунда, студенттерге сабак берип жатып кичине сабырдан чыгып кеткен учурлар болуп калчу.

Учурда күн салкын болуп орозо жеңил өтүп жатат. Быйыл келинчегим биринчи жолу кармады. Чогуу ооз бекитүүгө туруп, чогуу оозубузду ачып жатабыз. Мурда келинчегим орозо кармай электе, таң эрте мени менен кошо туруп тамак-ашымды даярдап берчү. Кээде өзүм эле туруп тамагымды даярдап жеп оозумду жапчумун. Негизи уктап жаткан кишини «тур, мага тамак даярдап бер» деп ойготкон туура эмес го. 12 айдын султаны болгон бул айдын өзүнүн касиети бар эмеспи. Ар бир дуба кылган сайын жубайым экөөбүз тууган-урукка, досторго, кыргыз элине тынчтык, көзү өткөндөрдүн бейишин тилейбиз. Азыр кылдын учунда турабыз, андыктан «атың өчкүр оорудан, Кудай, сактай көр. Ооруну жуктуруп алгандарга шыпаасын бер» деп суранып жатабыз.

Съездбек Искеналиев, ырчы: «УНУТУП КАЛЫП СУУ ИЧИП АЛГАН УЧУРЛАР БОЛГОН»

– Орозо кармап жатканыма 10 жылдан ашып калды. Биринчи жолу 2003-жылы кармап, ортодон кармабай, 2010-жылдан бери калтырбай кармаганга аракет кылып келатам. Биринчи жолу орозо кармаган жылы унутуп калып суу ичип, тамак жеп алган учурлар көп эле болгон. Орозо тууралуу түшүнүгүм жок болгонго коркуп «жеп алдым, эми оозумду ачыш керек» деп оозумду ачып салган учурлар да болгон. Ал кезде унутуп калып тамак жеп алса ооз ачылбай турганын билчү эмесмин да. Азыр дайыма жоопкерчиликтүү болгонго, жаңылбаганга аракет кылам.

Быйыл жайкы ысыкка туш келген орозо айларына салыштырмалуу жеңил өтүп жатат.

Келинчегим кош бойлуу болгондуктан, быйыл орозо кармаган жок. Көптөн бери экөөбүз чогуу кармачу элек. Чогуу тамактанып, чогуу кобурашып дегендей. Үйдө азыр кызым Даткайым экөөбүз кармадык. Ал биринчи жолу орозо кармап жатат. Тун кызым орозо тутканга жарап калганына ичимден кудуңдап сүйүнүп коём. Келинчегим болсо таң заарда өзү эле туруп, бизге тамак жасап бергенден ырахат алып жаткан чагы.

Орозо кармаган адамдын тилеги сөзсүз кабыл болоруна 100 пайыз ишенем. Буга чейинки тилеген тилектеримдин баары орундалды десем жаңылышпайм. Ар бир тилеген тилегим орундалганда Кудайдын сүйгөн пендеси экенмин деп сүйүнөм.

Айзада Жамгырчиева, алпаруучу:
«КАНТИП КЕЧКИ СААТ 8 БОЛГОНУН БАЙКАБАЙ КАЛЫП ЖАТАМ»

– Орозо кармап келатканыма быйыл 6 жыл болду. Биринчи жолу кармаганда студент болчумун. Күн ысык болгонго кыйналгам. Ошол кезде тамакка табитим жакшы болчу. Тамакты тыя албай 10 күндөй кыйын эле болгон. Кийин көнүп кеттим. Алгачкы жолу кармаган жылы үйдүн алдында чоргодон суу агып турчу. Орозо экенимди унутуп калып бир жолу андагы сууну култ-култ этип жутуп алгандан кийин «ии, орозо эмес белем...» деп жатпаймынбы. Жакында эле орозо кармап жатканымды дагы унутуп калдым. Апама белекке шоколад алып келгем. Аны үйдөгүлөр ачып жеп жатышканда «кандай шоколад экен?» деп бирөөсүн ала калып оозума салсам жеңем «ай кыз, сен орозо эмес белең» деп эстетип жатпайбы. Орозонун алгачкы күндөрүндө унутуп калган учурлар менде көп болот. Анткени көнүп калганбыз да.

Орозо маалында сабырыңды сынаган учурлар көп болот. Орозо тилди, акылды, денени да жаман нерселерден тыюу экенин кээ бирлер түшүнбөй ар кайсыны жазышат. «Койчу, сен кыйратып коюптурсуңбу. Сен эле калдың эле. Ыймандуу болуп орозо кармай калганын. Боорсок бышырсаң өзүңө бышырып жатасың да, аны эмнеге көрсөтүп жатасың?» деген сыяктуу негатив комментарийлерди жазышат. Аларга «бактылуу болгула» деп жазып коём. Анткени бактысыз адам гана башка бирөөнүн баракчасына кирип негатив жазат.

Быйыл орозо жаз айына туш келгендиктен кыйналган жокмун, жеңил өтүп жатат. Туулган жерим Таласта жүргөндүктөн аба ырайы салкын. Үйдүн жумушун жасаганым болбосо, талаа жумуштарына үйдөгүлөр иштетишпейт. Мурунку орозолордо күн ысыктан акактап, тамагым кургап ар бир мүнөт, секундду санап калчумун. Азыр ата-энемдин жанында жүргөнгөбү эркелеп эле кантип саат кечки 8 болгонун байкабай калып жатам. Үйдө ата-энем үчөөбүз кармап жатабыз.

Орозодон кийин өзүмдү жаңы төрөлгөн баладай, Жаратканга үнүм жеткендей таза сезип, сүйүнүп калам. Орозо маалында Кыргызстанга тынчтык тилеп жатам. Элде болсо, менде болот дегендей. Ата-энемдин өмүрүн, жеке жашоомо тийиштүү тилектерди ооз жаап жатканда да, ачып жатканда да айтам.

Калыбек Турдубаев, шоумен:
«ОРОЗОДО АЧУУМДУ ТЕЛЕФОН МЕНЕН БАСАМ»

– Орозо кармап жатканыма 4 жыл болду. Бир жолу ооз ачарга жакын азык-түлүк алыш үчүн базарга баргам. Ошондо бир эжеден коон менен алча сатып алып жатып ооз тийип койгон учур болгон эле. Оозум бек экенин эстей калып, кайра оозумдан чыгырып күлгөн элем.

Орозо маалында ачуум келген учурлар да болот. Ошол маалда уруп-талашып кетпеш үчүн унчукпай, телефон чукулап отура берем. Быйыл орозо айы абдан жакшы өтүп жатат. Негизи орозодон кийин өзүмдү жакшы сезип, 3-4 килограммга арыктап калам. Орозо бүткөндөн кийин да бир топко орозо кармагым келип жүрө берем.

Быйылкы орозодо бардык эле адам бирдей тилек айтып Жаратканга жалынып жатышса керек. Мен дагы «коронавирус жоголсун, баары өз ордуна келип, мурдагыдай күндөр келсе экен» деп тиленип жатам.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
mikana
2020-04-27 10:25:15
Кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Аллахым балекет ооруну жок кылса экен.
+4
Haanykeim
2020-04-27 13:53:53
Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!
+4
Dikowka93
2020-04-27 23:37:16
Орозонуздар кабыл болсун...Сьездбек байкенин ырлары аябай жагат
+1
Kairat1996
2020-04-29 06:43:04
Динчил, шарыятчыл боло бербеш керек. Эн башкысы адамкерчиликтуу, билимдуу, кичи пейил бол, андан откон сооп иш жок Кудайдын алдында.
+2
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан