ЖАГЫМДУУ КЕЛБЕТ ҮЧҮН ЖАЗГЫ САЛАТТАР ПАРАДЫ

Жазгы жаңы чыккан картошка, чамгыр көк чөптөр... Буларды дал ушул учурда даамын татып калбасак, бышыкчылык учурдагы даамы менен салыштырып болбойт. Быйылкы жылдын жаңылыгы деп, жер берекесин берип баштаган мезгилдин азыктарынан салаттарды жасайбыз.

ЖАШ КАРТОШКАДАН САЛАТ

Керектелүүчү азыктар:

Жаш картошка – 400 грамм

Бадыраң – 2 даана

Чамгыр – 100 грамм

Маринаддалган бадыраң – 100 грамм

Көк пияз – 2-3 тал

Укроп – 2-3 тал

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жаш картошканы жууп, туздуу сууда кайнатып бышырып алып, төрт чарчы формада туурайбыз.

2. Бадыраң, чамгыр жана туздалган бадыраңды төрт чарчы, көк чөптөрдү майда туурайбыз.

3. Азыктардын баарын чоңураак идишке салып, өсүмдүк майын куюп, татымына жараша туз, мурч салып аралаштырабыз. Витаминдүү салат даяр!

КЫЗЫЛЧА САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:

Кызылча – 4 даана

Сыр – 100 грамм

Руккола – 1 тутам

Грек жаңгагы – 50 грамм

Зайтун майы – 4 аш кашык

Лимон ширеси – 1 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Кызылчаны жууп, сууга кайнатып бышырып алабыз.

2. Сыр менен бышкан кызылчаны төрт чарчы формасында туурайбыз.

3. Чыныга зайтун майын, лимон ширесин куюп, татымына жараша туз жана мурч салып аралаштырып, салат үчүн атайын суюк татымал даярдайбыз.

4. Тарелкага жуулган рукколаны салып, суюк татымалдан бир аз чачыратабыз да, үстүнө кызылча менен сырды салабыз. Мындан соң салаттын бетине суюк татымалдын калган бөлүгүн чачып, майдаланган грек жаңгагын себелейбиз.

КАБАК ЖАНА ТООК ЭТИНЕН САЛАТ

Керектелүүчү азыктар:

Бадыраң – 2 даана

Кабак – 2 даана

Болгар калемпири – 1 даана

Тоок эти – 300 грамм

Пияз – 1 баш

Помидор – 2-3 даана

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Лимон ширеси – 3 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этин туздуу сууда кайнатып бышырып, төрт чарчы формада туурайбыз.

2. Кабакты 0,5 миллиметр калыңдыкта, жарым тегерек түрүндө кесип, өсүмдүк майында кууруйбуз.

3. Эми бадыраң жарым тегерек, болгар калемпири төрт чарчы, пияз тегерек формада, помидор чоң-чоң тууралат.

4. Азыктардын баарын чоңураак идишке салып, лимон ширесин, өсүмдүк майын жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырсак, салатыбыз даяр болот.

БАЛЫК КОШУЛГАН САЛАТ

Керектелүүчү азыктар:

Чамгыр – 10 даана

Бадыраң – 2 даана

Сабиз – 1 даана

Салат жалбырагы – 1 тутам

Укроп – 2-3 тал

Консерваланган тунец балыгы – 1 банка

Зайтун майы – 2 аш кашык

Бал – 1 чай кашык

Лимон ширеси – 3 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Чамгыр, бадыраң жана сабизди жууп, тазалап, бирдей формада туурап даярдайбыз.

2. Салат жалбырагын кол менен чоң-чоң үзүп алсак, укропту майда туурайбыз.

3. Чыныга балды, лимон ширесин жана зайтун майын кошуп жакшылап аралаштырып, суюк татымал жасайбыз.

4. Чоңураак идишке жашылчалардын баарын салып, татымына жараша туз, мурч кошуп, суюк татымалды куюп аралаштырабыз.

5. Салатты тарелкага салып, үстүнө чакан кесимдерге бөлүнгөн тунец балыгын коёбуз. Салатыбыз даяр! Тамагыңыз даамдуу, келбетиңиз келишимдүү болсун.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан