28-АПРЕЛГЕ КАРАТА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ



КОЙ (21.03-20.04)

Чыгармачылыкка, эксперименттерди жасоого ылайыктуу күн. Көксөгөн тилектердин бири ишке ашат же күтүлбөгөн жакшы кабар келет. Жан шериктер бүтпөй калган иш үчүн бири-бирин күнөөлөп, ачуу сөздөрдү айткандын ордуна, ал ишти ийгиликтүү бүтүрүү жолдорун чогуу издегени жакшы.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Чыңалуу орун алчу күн. Бейтааныш адамдардын агрессиясына кабылуу мүмкүн. Ачууңуз келсе да териштирүүнү баштабаңыз. Ашыкча тамак жеп организмге күч келтирүүдөн абайлаңыз. Максатка жетүү үчүн колдоо көрсөтөт деп туура эмес адамга ишеним арткан жоксузбу, ойлонуп көрүңүз. Оор иштерге киришпей турган жакшы.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Энергия тартуулоочу мыкты күн. Окуялар сиз күткөндөй болбой, башка нукта өнүгөт. Майда-чүйдө маселелер жеке тааныштарыңыздын колдоосу менен оңой чечилип, өзүңүзгө ыраазы болосуз. Кандай болбосун өз принциптериңизди коргошуңуз керек. Бирөөнүн сиздин үстүңүздөн бийлеп, башкаруусуна жол бербеңиз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Бирөөлөрдү жамандоо, алдоого барбаңыз. Баары тез эле ачыкка чыгып, аброюңузга доо кетет. Туугандардын таасиринен улам ойлонулбаган ишти жасап жибербөө да керек. Жеке жашооңузга өзгөрүү алып келчү жаңылык болушу ыктымал. Айрымдар өзүн жалгыз сезип, жеңил депрессияга батышат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Сергек ой жүгүртүү, эсепке тактык сизди ката кетирип алуудан сактап калат. Терс ойлордон кутулуп, жаңы энергияга ээ болууга аракет кылуу кажет. Жасай баштаган ишиңиз өзгөрүүлөргө дуушар болот. Сүйүүдө жек көрүү жана көз жашка орун бербеңиз, оптимист болуңуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Тагдыр күтүлбөгөн бурулуш тартуулашы мүмкүн. Ар бир кадамды ойлонуп таштап, кыраакы болуңуз. Бир иштер менен макулдашуу оң жакка чечилет. Байланыштар жакшы жыйынтык алып келе башташы күтүлүүдө. Кайсы бир жетпей жүргөн максатыңызга байланыштуу үмүт жылт этет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жакын арада пайда болгон тааныштар менен баарлашууда абайлоо кажет, болбосо ыңгайсыз абалда каласыз. Дары чөптөрдү чогултууга, табият коюнунда болууга ылайыктуу күн. Шашкалактап иш бүтүрүүгө ашыкпай, өзүңүзгө эс алуу уюштуруңуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Романтикалык же жөн гана жакшы маанай олуттуу маселелерди чечүүгө жол бербейт. Унутчаактык жана жакшы көңүл бурбагандык жасаган ишиңизди артка тартышы мүмкүн. Достордун бири эч кимге айтпаган сырын айтып сизди таң калтырат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жан дүйнөнү тазалоого, курулуш иштерин баштоого ыңгайлуу учур. Бир топ күч коротууга туура келчү ишти бүтүрүп жаныңыз эс ала түшөт. Каржылык тартыштыктан чыгууда чыдамкай болуу сунушталат. Үйдөгүлөр сизден демилге жана идея күтүшөт. Өнөкөт ооруңуз кармаса, ал дартка моралдык жактан туруштук берип бекем болуу керек.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Өзүңүздү колго алып, агрессияга, өзүмчүлдүккө жетпеңиз. Кооптуу кадамдар өзүн актайт. Айрымдар олуттуу ишкана жетекчилери тарабынан келечекте бирге иштөөгө чакырык алышат. Чочулабаңыз, алар сиздин талантты баалаганы үчүн ушундай кадамга барып жатышат. Үйдөгүлөрдүн маселесин карыздап болсо да чечүү керек.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Күтүлбөгөн чыгымдарга туш келесиз. Сизге карата жагымсыз ишти жасап, сиздин атыңызды булгагысы келген адамдын тилегин таш каптырыңыз. Кырдаалдын оң жана терс жактарын талдап көрүңүз. Көргөн түшүңүз аян болуп, жакын арада ишке ашат. Кечинде жагымдуу комплименттерди угасыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Сиздин эмгекчилдигиңиз жана көтөрүмдүүлүгүңүз күндүн негативдүү жактарын азайтат. Ашыкча сараң болуп, үйдөгүлөргө жаман көрүнбөңүз. Тааныштардын кеңешинин пайдасы тиет. Досторго туура эмес сүйлөп алсаңыз кыжалат болбоңуз, алар сизди түшүнүү менен кабыл алышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан