«КОШТОШУУ ВАЛЬСЫ» ЫРЫНЫН АВТОРУ: «ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВГЕ ЫРААЗЫМЫН, КАЗА БОЛУП ЖАТЫП ДА МЕНИ ДАГЫ БИР ЖОЛУ ПОПУЛЯРДУУ КЫЛЫП КЕТТИ»

Элмирбек Иманалиев аткарган «Коштошуу вальсы» ыры сөзүнө обону, обонуна сөзү, экөөнө аткаруучусу төп келишкен чыгармалардын бири. Бул чыгарма ырдын аткаруучусу көз жумганда дагы бир жолу даңкталды. Чыгарма качан жаралды эле? Көпчүлүктүн жүрөгүн багындырган анын өзгөчөлүгү эмнеде? Алдыда ушул тууралуу сөз кылабыз.

Хабибулла Азиреткулов, обончу: «ЭЛМИРБЕК «КОШТОШУУ ВАЛЬСЫН» 17 ЖАШЫНДА ЫРДАП ЧЫККАН»

– Бул ырдын обонунун тарыхы узун. Мен 1995-жылы Шаршен Термечиков атындагы куудулдар театрынын музыкалык бөлүмүнүн башчысы болуп иштечүмүн. Ырдын сөзүн жазган акын Кыялбек Урманбетов менен теңтушмун. Бир күнү «жүрү үйгө» деп калды, барып таң атканча сүйлөшүп отурдук. Кыялбек гитараны сонун ойнойт. Ырларды да гитарада ойноп отуруп чыгарчу. Бул өзгөчөлүгү менен ал башка акындардан айырмаланып турат. Эртеси мен кетерде жука китеп белек кылды. Андагы ырлардын жарымы атасы Советбек Урманбетовдуку, жарымы өзүнүкү экен. Жолдо келе жатып барактасам дароо эле көзүмө ушул «Коштошуу вальсы» урунду. Обонун жазган Мукан Рыскулбеков деп турат. Ошондон баштап ырдын тексти менен ооруп калдым. Жатсам, турсам, отурсам да оюмдан кетпейт. Ушул ырга обон чыгаргым келет десең. Мукан агай анда тирүү эле, андан текстти талашкансып каламбы деп бушайман болом. Мукан агай чыгарган обон менен бул ырды чынында уккан эмесмин. Буга кайрылбайын десем тиги ыр жанымды койбойт.

Ошол учурда театрдын ямахасын жанымда алып жүрчүмүн. Бирөө туулган күнгө чакырып калды. Жаштык кез, бардым. Коноктор ырдап, бийлеп жыргап жатышат. Мен болсо бир бөлмөгө жалгыз камалып алдым. Обон чыгарар кезде ушинтип жалгыздап калам. Обон деле жөн чыкпайт, кадимкидей толгоо тартасың. Ошол туулган күндө отуруп обон чыгардым, таң атканча нотага түшүрдүм. Эртеси Кыялбекке барып ырдап бердим. Эки жолу ырдатып укту да, ордунан туруп келип кучактады. «Ырларыма далай обон жазышты, аларды жаман дебейм, бирок эч ким сеникиндей обон чыгара элек болчу» деди. Аябай ыраазы болду. Ал жерден чыгып эле театрга барып ырдап бердим.

Ал кезде театрда Элмирбек Иманалиев, Медер Кадыршаев өңдүү көптөгөн таланттар иштешчү. Баары жаңы ырды жактырып, куттукташты. Элмирбек ал кезде 17 гана жашта болчу. Театрдын төкмөсү эле. Гүлбү (ред.: Гүлбү Орозкул кызы) экөө жаңы баш кошкон кез экен, аны кийин билдим. Үйлөнгөнүн угуп таң калып, «койчу» десем, Элмирбек «байке, ушундай болуп калды» деп күлгөн эле. «Коштошуу вальсы» Элмирбектин колуна ушинтип тийген.

«ЭЙ, БАКА, СЕНИ ИЗДЕП КЕЛДИМ...»

– Эми бул ырга биринчи обон чыгарган Мукан Рыскулбековго жолукканымды айтып берейин. Жумушта отурсам Мукан байке келип калды. «Эй, бака, сени издеп келдим» деди. Ошол жерден өлдүм. «Мен ырдын текстин Кыялбекке атайын буюртма менен жаздыргам, кыздар менен коштошуу үчүн. Сен ага башка обон чыгарып ат салышканы жатасыңбы?» деди дароо. «Кечириңиз» десем болбойт. «Бир бөтөлкө арак алып кел, балким, таарынычым жазылып кетет» деди. Арак-шарабын алып келип сүйлөшүп отурдук. Көрсө, байке мени шакаба кылып жатыптыр. Чынында мага ыраазы болуп издеп келген экен. «Бул ырга сеникиндей обон чыгарыш керек болчу, менин колумдан келген жок, сен жасай алдың» деди ыраазы боло.

Кийин Элмирбек чыгармачылыгынын 20 жылдыгына арналган концертте «Коштошуу вальсын» ырдап чыгып, ырдын тарыхын айткан экен. Мени, Кыялбекти баса белгилеп, өткөн күндөрдү эстеп ырдап бериптир. Өзүм барбай калгам, кийин уктум. Элмирбек ушундай жигит эле, Эшмамбет, Токтогулдан калган кайрык болсо да тарыхын айтып ырдачу. Бирөөнүн ырынын бир сабын, бир кайрыгын да менчиктеп алчу эмес. Азыркы ырчылар тарыхын айтмак түгүл, ырдын тарыхын деле билбейт.

«ЖУРНАЛИСТТЕР «КОШТОШУУ ВАЛЬСЫН» ЭЛМИРБЕКТИКИ ДЕП ЖАЗЫП ЖАТЫШТЫ»

– Күтүүсүз жерден Элмирбек каза болуп калды. Таң атканча уктай албай койдум, шалдайып отурдум. Аны билген да, билбеген да ар нерсени жазып жатышты. Кээ бир журналисттер «Коштошуу вальсын» Элмирбектики деп жазып жатышты. Эч жерден тактоо кирген жок. Ал тургай расмий некрологдо да Элмирбектики деп жазышты. Эл мени көп тааныбайт, Кыялбекти да эстешпеди. Бирок бул ырды сүйгөндөр көп сыңары, чындык да бар.

Баса, бул ырды «меники» же «аныкы» деп талашуу эмес. Акыретке кеткен ак таңдай акындын моюнуна аманат кетпесин деген кеп. Унчукпай коюу болбогон иш. Ырдын «Элмирбектики» деп аталып калганынын да жөнү бар, аткаруучу катары мыкты аткарган. Анан ыр Гүлбүгө арналган сыяктуу да болуп калып жатпайбы. Экөөнүн сүйүүсүнө арналган ыр сыяктуу туюлуп калганы да ушул ойго түртсө керек. Элмирбек 17 жашында гана ырдап чыгып жатпайбы. Байкуштарым, мен экөөнү тең жакшы көрчү элем. Элмирбек каза болуп жатып да мени дагы бир жолу популярдуу кылып кетти. Мен ага ыраазымын, мыкты жигит эле. Жаткан жери жайлуу болсун, бейишин берсин!

Акын, обончу жана аткаруучу. Ырдын элге сиңип, өчпөй ырдалып жүрүшү дал ушул 3 таланттан көз каранды. «Коштошуу вальсы» да Элмирбек Иманалиевдин аткаруусунда элге сиңди. Жакынкы убакта Иманалиевдин башка ырларынын да тарыхына токтолобуз.

«КОШТОШУУ ВАЛЬСЫ»

Сөзү: Кыялбек Урманбетовдуку

Обону: Хабибилла Азиреткуловдуку

Көңүлүм байланабы,

Көзгө жаш айланабы?

Колуңду коё бербей

Кош дедим кайра дагы.

Толгонуп шашылбадым,

Токто деп чакырбадың,

Топ таштай чачылганмын,

Сен мени жоготтуңбу?

Токтолуп шашылбадым,

Токто деп чакырбадың.

Чакмактай чачылганмын,

Сен мени жоготтуңбу?

Айтпадым намыс барын,

Акырын алыстадым,

Капарга алганым жок

Кабыргам кайышканын.

Кайгырып шашылбадым,

Кайткын деп чакырбадың,

Шурудай чачылганмын,

Сен мени жоготтуңбу?

Кайрылып шашылбадым,

Кайрыл деп чакырбадың,

Мончоктой чачылганмын,

Сен мени жоготтуңбу?

Күймөнүп басып араң

Күн менен батып барам.

Күн чыгар кайра-кайра,

Мен чыкпайм, жашып барам.

Кармалып шашылбадым,

Кайткын деп чакырбадың…

Жылдыздай чачылганмын,

Сен мени жоготтуңбу?

Кылчактап шашылбадым,

Кыйкырып чакырбадың.

Кыргыздай чачылганмын,

Сен мени жоготтуңбу?

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Mister-X
2020-04-28 20:33:54
"Коштошуу валсы"-Х.Азиреткуловдуку экенин мурда эле билчүмүн.Элмирбек элге жакшы жеткизе алган.Бейишин берсин!
+3
ainura220888
2020-04-29 00:29:52
Текстин окуп эле ыйлагын келет. Мен эми озумо келип атам. Элмирбек откондон бери. Жайы жаната болсун ылайым
+2
filis
2020-04-29 06:44:38
Тенирим жаткан жерин жай кылсын
-1
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-30 23:46:37
Элмирбек Иманалиев жөнүндө макала болсо эле көзүмдүн жашы даяр.Жакшы адам эле, жакындан тааныбасам да,жакынымдай ичим туз куйгандай ачышты (((
+1
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан