29-АПРЕЛГЕ КАРАТА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ



КОЙ (21.03-20.04)

Сизге көп убакытты жана күчтү талап кылган жаңы милдет жүктөлөт. Белекке ээ болосуз же кымбат буюм таап алышыңыз ыктымал. Кылган иштериңиз жемиштүү болуп, өргө карай жылат. Дарыгерге көрүнүүгө баргандар мурда билбеген бир нече илдеттери бар экенин угуулары мүмкүн.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Чөйрөдөгүлөр менен мамиле түзүүдө өзүңүзгө болгон ишеним, ак дилдик керек. Ошондо жакшы жыйынтыкка жетишесиз. Бүгүн пикирлерге каршы турбай, компромисске баруу керек. Элестетүүңүз боюнча бир нерселерди жасап, үйдөгүлөрдү таң калтырасыз. Аалам, келечек жашоо, жакшы жакка өзгөрүү тууралуу ойлоносуз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Ишке ашышы кыйын делген жумушка оптимизм менен карап кирише бериңиз. Улуу муундагы туугандан насаатчы катары кеңеш алсаңыз болот. Үйдөгүлөрдүн бири сизге тоодой жөлөк экенин сезесиз. Айрымдар чыккынчылардын курмандыгы болуп калуусу ыктымал.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жылдыздар жаңы өнөрдү үйрөнүүгө, илимий иш менен алектенүүгө жол ачат. Айрымдардын карыздары кайтарылып кубанышат. Кээ бирлер пландарын жыйнаштырып, жакындарынын маселеси менен алектенишет. Терс азгырыктарга чекит коюңуз. Ырым-жырымдарга көңүл бурсаңыз ашыкча болбойт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Кайрымдуулук көрсөтүү, таарынткандарды кечирүүгө ылайыктуу күн. Жеке жашоону оңдоого аракетиңиз күчөйт. Жагымдуу да, жагымсыз да сюрприз болуп калышы мүмкүн. Кечинде эс алып, маанайыңыз көтөрүлөт. Эртеңки күндү алдын ала пландап алуу керек болот.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Келечектеги ийгиликтер үчүн база түзүп баштаңыз, идеяларды топтоңуз. Өз кызыкчылыгыңызды коргоп, сизге тиешелүү жаңы буюмдарды эч кимге бердирбеңиз. Керексиз талаштарга барбай, "сеники туура" деп кутулганыңыз оң.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Күтүлбөгөн өзгөрүүлөр сизди таптакыр тааныш эмес ишти колго алууга аргасыз кылат. Аракет кыла берсеңиз жыйынтыгы кубандырат. Жеке жашоодо алдануудан, бирөөгө көз кысуудан сак болуңуз. Айрымдар жеке көйгөйү боюнча керектүү органдарга кайрылышат.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Стресске кабылтуучу кырдаал жаралып, андан чыгууга көп энергия сарпталат. Кылык-жоруктарыңыз үчүн жоопкерчилик алууңуз кажет. Айрымдар жетекчилик менен тез арада чечүүнү талап кылган маселелер боюнча сүйлөшүшөт. Кечки тамак жаңылыктар, жакшы маанай менен коштолот.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Чыңалууну тартуулаган жакшы, жаманы аралаш күн. Адеп принциптери, жеке эркиндикти коргоо башкы орунга чыгат. Психологиялык жана материалдык көз карандылыкка кептелүү коркунучу бар. Андыктан акча жана баалуу кагаз, документтерге кылдат болуңуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Сизге кас адамдар чагымчылдыкка барышат, агрессия көрсөтөт. Алардын мизин кайтаруу үчүн каршы фактыларды айтып ордуна коюуга даяр туруңуз. Калп убадасынан көңүлүңүз калганын тиешелүү адамга билдирүүңүз мүмкүн. Маанайды оң жакка буруу үчүн өзүңүздү даамдуу тамактар менен кубантыңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Өз көз карашыңызды сактап калууга мажбурлаган майда чырлар чыгат. Кыска аралыкка болсо да сейилдөө, спорт менен алектенүү сунушталат. Керектүү мекеме же адамга кайрылуу менен окуянын агымын өз пайдаңызга бура аласыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Түшкө чейин көңүлүңүз бир жерде болбой, ишиңиз да чеке жылытарлык жүрбөйт. Баалуу буюмду жоготуп же сындырып алуудан абайлаңыз. Түштөн кийин бирөөлөр менен таасирлерди бөлүшүп, маселелериңиз боюнча кеңешесиз. Дүкөн же дарыканага барып калсаңыз чекти талап кылыңыз жана дарыны кылдат карап алыңыз. Мөөнөтү өткөн азык же дары алып албаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан