Нурмат Садыров, ырчы: «ЖУБАЙЫМ БОЛУУГА ТАЛАПКЕРЛЕР КӨП»

«Карантин бүтөрү менен концерт берүүгө киришем» дейт ырчы Нурмат Садыров. «Торгоюм» деп боздоп, «Кыргыз кыздары» деп сыздаган ырчы мырза карантинде эмне менен алек? Кандай жаңылыктары бар? Маегибиз ушул жаатта болмокчу.

– Салам, Нурмат! Карантин кандай өтүп жатат?

– Саламатсызбы? Эл катары эле үйдөн чыкпаганга аракет кылып жатабыз.

– Чыгармачылыкка карантиндин таасири канчалык тийүүдө? Ырлар жазылып жатабы?

– Ооба, карантин учурунда «Дуба» аттуу ырымды жаздырып бүттүм. Бүгүн фотосессия жасап келдим. Айтор, чыгармачылык уланууда.

– «Үйдөн чыкпаш керек» деген талапты аткарбай жаткансың го анда?

– Эрежелердин баарын эле сактап жатам. Биз көп адам болуп чогулган жокпуз да. Фотосессияда мен жана фотограф болсо, студияга барсам деле бир гана адам менен жолугам. Андан тышкары үйдөн чыгуума кайрымдуулук иштер да себеп болуп жатат. Эл арасында тамак-ашы жок, жардамга муктаждар көп болуп жатса, "үйдөн чыкпаш керек" деп жатып алган да туура эмес экен.

– Кайрымдуулук кылууда кандай окуяларга туш болуп жатасың?

– "Үйдө отура берип тажадым" дегендер шүгүр деши керек. Үйү, үйүнүн ичинде телевизору, интернети бар. Жегенге наны, ичкенге чайы бар. Каалаган учурда каалаганыбызды кылып коюп эле жатабыз да. Наалып баштаганда биздин эле жаныбызда үйү жоктор, үйүндө бир үзүм наны жоктор бар экенин эстешибиз керек. Жаңы конуштарда чатыры кулайын деп калган кепедей үйдү ижарага алып жашагандарды, 5-6 баласын жалгыз баккан жаш энелерди, чын эле тамак-ашы жок, ага кошумча жарыгы жок отургандарды көрдүм. Мен кайрымдуулук фонду аркылуу азык-түлүк жактан жардам берип жатам. Андай үй-бүлөлөрдү көрүп жүрөгүм ооруду. Биздин өлкөдө жакырлар көп, арман көп экен. Бир үй-бүлөгө туш болдум. Ал үйдөгү келин каза болгон эжесинин балдарын, өзүнүн балдарын кошуп 8 же 9 бала жана өзүнүн карыган апасын карайт экен. Келин балдарды, апасын караш керек болуп иштебейт экен. Үйдө эркек жок. Апасынын жарыбаган пенсиясы менен оокат кылып жатышыптыр. Өкүндүргөнү – күйөөсү таштап кеткен жалгыз бой энелердин көп экени.

– Кайрымдуулукту элге көрсөтүп жасаш керекпи же көрсөтпөйбү?

– Көрсөтпөй да, көрсөтүп да жасаса болот. Мен карантинге чейин деле, азыр деле эч кимге көрсөтпөй колумдан келген жардамды берип жүрөм. Айрым учурларды Инстаграмдагы баракчама жүктөдүм. Анткени бизде, ырчыларда катталуучулар көп. Алардын арасындагы кайдыгер эмес жарандар да жардамга колун сунса экен деген ниет менен кээде көрсөтүп жасап жатабыз. Биз аркылуу кайрымдуулук фондуна акча которгондор бар. Элибиздин арасында жардамга муктаждар канчалык көп болсо, жардам бергендер да ошончолук көп экен.

– Карантин сени эмнеге үйрөттү?

– Карантин жакшы деле нерсе эмес. Айла жоктун иши болуп жатпайбы. Үйдө жатып буулугат экенсиң. Бирок сабак алчу учурлар бар. Мисалы, мен мурда көп басып, көп ысырап кылчу экенмин. Кафе-ресторандан тамактанып, жума сайын сөзсүз кийим алып турчумун. Көрсө, мынча көп акча коротпой жашаса болот турбайбы. Анан да концерттердин, эл арасында жүргөндүн, тынч жашоонун баркын билип жатам. Мындан кийин баарыбыз эле Кудайга шүгүр деп жашап калабыз го. Илгери ата-бабабыз мындан да кыйын учурларды башынан өткөрүшпөдү беле. Ага караганда азыр Кудайга шүгүр.

– Көбүрөөк эмнеден кооптонуп жатасың?

– Элдин финансылык абалы оңолуп, тез эле жашоо өз нугуна түшүп калса экен, эл кайра күзүндө тойлорду берип бапыраңдап калышса экен деп жатам. Элде болсо ырчыларда болот да.

– Карантин бүткөндө эмне кыласың, кандай пландарды түзүп жатасың?

– Март айында Бишкекте, апрелде Москвада концертим болмок. Ошол болбой калган концерттеримди ишке ашырам.

– Билишимче, ушул жылы апаңды Меккеге алып барып келдиң. Келгенден кийин текшериштиби?

– Биз Меккеге январь айында барып, 9-февралда кайттык. Ал кезде вирус Кытайда жаңы чыгып жаткан. Биздин өлкөдө андай маселе жок болчу. Бирок аэропорттон биздин дене табыбызды текшерип өткөрүшкөн. Атайын деле текшерилген жокпуз. Бирок жеңем жана бир кошунабыз медицина кызматкерлери. Алар бизди карап, дене табыбызды текшерип турушту. Андан бери 3 ай өттү, оорубай эле жакшынакай жүрөбүз.

– Теманы өзгөртөлү. Жубай тандоодо апаңдын талаптарын эске аласыңбы?

– Апамдын «келиним мындай болушу керек» деген талабы жок. Ал мага ишенет, менин эркиме коёт. Дайыма «акыл-эстүү баласың, өзүңдүн жашооңду өзүң каалагандай кур, өз тандооң менен жаша. Сен бактылуу болсоң, мен да бактылуумун» дейт. Ал эми жубай маселесине келгенде «негизгиси сени сыйласын. Сени сыйлаган жубай мени да сыйлайт» дейт. Мен да ошондой ойлойм.

– Азыр жүрөктү ээлеген талапкерлер жок болуп жатабы?

– Талапкерлер көп эле. Кыз таппай жатам же кыз карабай жатат дебейм. Бирок күткөнүм башка негедир. Жүрөгүмдүн жактырганына жолуга элекмин. Үйлөнүп алыш бат эле. Аны менен өмүр бою жашаш бар. Бактылуулук деген байлык же бийлик эмес экен. Бай да, кедей да окшош эле өлөт, экөө тең жерге көмүлөт. Бактылуулук деген тынч жашоо. Өзүмө бакыт тилеп жатам. Мени, менин чыгармачылыгымды түшүнгөн жубайым болсо деп кыялданам. Мен ыр жаздырсам, азыр үйдөгүлөр, досторум менен кеңешем. Үйлөнгөндөн кийин аялым менен кеңешким келет.

– Жашоодо өкүнүчүң барбы?

– Өкүнүчүм жок, жашоомо ыраазымын, Кудайга шүгүр. Мен ушундай жашоону каалагам. Бирок кээде 22-23 жаштарымда үйлөнүп алсам болмок экен деп ойлонуп калам. Ошол кезде мага сүйүү келген эле. Ошондо үйлөнсөм, азыр балдарым чоңоюп калмак. Эми бул деле маңдайга жазылганы да.

– Теңиңди таап, бактылуу бол! Орозо кармаптырсың, кыйналган жоксуңбу?

– Рахмат. Мен 7 жылдан бери орозо кармайм. Мурдагы жылы, андан мурунку жылы күн ысык болуп орозодо кыйналгам. Быйыл жеңил эле. Эртеден кечке үйдө жатабыз, бир уктап ойгонсок эле ооз ачар болуп калат.

– 2019-жылы элдин добуш берүүсү аркылуу бир телеканалдын сыйлыгын жеңип алганыңда айрым сахналаш досторуң «добуш берүүнүн соңку мүнөттөрүндө жыйынтык күтүүсүз, тездик менен өзгөрүп кетти» деп нааразы болушту. Бул сыйлыктын артында жашыруун оюн жүргөн болушу мүмкүнбү?

– Буйруктан адам эч жакка качып кутула албайт. Буйрук экен, алдым. Буюрбаса канча аракет кылсам да алмак эмесмин. Чычалагандар, «жең ичинен сүйлөшүп алып добуш берүүнүн жыйынтыгын өзгөрттү» дегендер өздөрүнө жараша ойлонуп жатышса керек. Демек, алар буга чейин ошондой иштерди кылып жүрүшкөн. Мен андай ишке барган жокмун. Жөн гана добуш берүүнүн токтолушуна бир күн калганда бардык ырчылардан «Инстаграм баракчаңардан мага добуш берүүгө элди үндөп койгулачы» деп сурангам. Кесиптештерим колдогондуктан ушундай жыйынтык болду деп ойлойм. Чыгармачылыкта атаандаштык болот. Ырчылардын баары эле алдына эч кимди чыгаргысы келбейт. Шоу-бизнестеги досторум да дайыма алдыңкы болгусу келишет да. Эми мен сыйлыкты алып жыргап кеткен жокмун. Сыйлык алсам эле баркым көтөрүлүп, эл мени көбүрөөк сүйүп калган жок го. Баарынан элдин сүйүүсү маанилүү. Ошондо сыйлык алып жатып деле толкунданып, кубана алган жокмун. Сыйлык тапшыруу аземине чейин ар кандай сөздөрдү айтып, кубаныч сезимдеримди өчүрүп салышкан эле.

– Элдин сүйүүсүнө арзып жүрө бер! Маегиңе рахмат!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Crokus
2020-05-14 17:15:26
Ушул ырчы жагатда,эн жонокой,суйкумдуу,жакшы ыймандуу кызга туш болсо экен.
-2
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан