30-АПРЕЛГЕ КАРАТА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ



КОЙ (21.03-20.04)

Кырдаалды туура баамдап, үйдөгүлөрдү чечимиңиздин тууралыгына ишендире алсаңыз ийгилик сиздики. Балдар менен чогуу эс алуу уюштуруу оң. Бейтааныш адамдар менен чатакташуу орун алат, сабырдуу болуңуз. Короо-жайды өрттөн сактоо кажет. Туугандардын бири сиздин жардамыңызга муктаж болуп кайрылат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Энергияңыз жогорку деңгээлде болбойт, андыктан иштерди кыйынчылык менен бүтүрөсүз. Түшүңүз сизде өнүгүп жаткан оорудан же алдыда боло турган окуядан кабар берүүсү мүмкүн. Майда маселелер үчүн бирөөлөрдүн жардамын суранбоо кажет. Сиз туура деп санаган айрым көз караштарды жаңыга алмаштырууга учур келгенин сезесиз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Башкалардын пикирине кошулбоо керек. Ортодо чагымчы аталып каласыз. Чечилбеген маселени бир жаңсыл кылуу үчүн акча жумшайсыз. Куру намыска алдырып орунсуз иш жасап алышыңыз мүмкүн. Андыктан керексиз принциптериңизден арылып, кырдаалга ылайыкташып иш кылыңыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Ийгиликтер жылмайчу күн. Андыктан айтарга татый турган иштер бүтөт. Жакындардын колдоолорунан улам жан дүйнөңүз тазарат. Мамлекеттик кызматкерлер бүгүн кырдаалга жараша аткаруучулук шыгын, ишин так көрсөтүшсө кызматтан көтөрүлүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Аба ырайындагы өзгөрүү өнөкөт ооруларды козгошу мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)

Мыкты эс-тутум, уникалдуу жөндөм, күчтүү эркке ээ адамдарды бүгүн оор сыноолор да сындыра албайт. Коомдо болуп жаткан окуялар боюнча интернеттеги социалдык тармактарга жазган пикириңиз көпчүлүктөн колдоо табат. Бирөөнү алдабаңыз, алданып да калбаңыз. Бирге иштешкен адам же жакындарыңыздын бири менен мамилелерди териштирүүңүз мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жетекчиликке, коомдук мекемелерге кайрылууңуз колдоо таппайт. Бир окуя достордон жардам суроого аргасыз кылат. Керексиз байланыштардан кол үзүү туура. Күн сизге кымбат адамдардын камкордугу менен аяктайт. Сизди кабатыр кылып келген иштин оң жакка чечилүүсүнө үмүт берген жагдай жаралат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жашоо принциптерди, жашоого көз караштарды сыноодон өткөрүүчү оор күн. Жаңы милдет жүктөлөт же жаңы түйшүк түшөт. Жагымсыз кабардан улам калдастап туура эмес иш кылып жибербеңиз. Чыдап койсоңуз баары калыпка түшөт. Кандайдыр бир себептерден улам артка жылып келген маселеге чекит коюуга учур келди.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чыгынсаңыз кыялданып жүргөн тилегиңизди иш жүзүнө ашыра аласыз. Үй-бүлөлүк мамилелердин бекемдиги сыналат. "Мен" деп төш кагуудан карманыңыз. Жан дүйнөңүзгө тынчтык берген эс алуу уюштуруңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жашоодогу жетишкендиктер, көйгөйлөр тууралуу ойлор мээңизди ээлейт. Бир нерселерди сатып алуу менен акча каражатты башка нерселерге жеткире албай убара болосуз. Катаңызды моюнга албагандан же бирөөнү кечире албаганыңыздан улам үйдөгүлөр менен араздашуу орун алат. Жакшы түшүнбөгөн ишке киришпеңиз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Акыркы кезде жүрөгүңүздү өйүп келе жаткан иштер ордунан жылат. Анткени алардын ишке ашышына салым кошчу керектүү адамдарды табасыз. Чыдамкай болуп, терс эмоцияларга жол бербеңиз. Чет тилине, психологияга кызыгуулар өсүп, керектүүлөрдү интернеттен табасыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жасап жаткан иштериңизди таштап, бирөөнүн көйгөйүн чечүүгө киришесиз. Эмоционалдык туруксуздук жакындарыңызга катуу айтууга жеткириши мүмкүн. Көктөн издегениңиз жерден табылып кубанасыз. Пландап, бирок ишке ашыра албай жүргөн жумуштарды колго алыңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Унутчаактык жана кош көңүлдүүлүк жагымсыз окуяга жеткириши мүмкүн. Андыктан муну эске алыңыз. Айрым тилектер ишке ашса эле, адам бактылуу болуп кетпестигин дагы бир ирет сезесиз. Эски таарыныч, кекти козгоп, жашоону оорлотпоңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан