Эгер күрүчтү туура даярдасаңыз, анда ал сизге чыныгы деликатес болуп берери талашсыз. Бул жолу курамына күрүч кошулган даамдарды сунуштайбыз. Мындай даамдар үй-бүлө мүчөлөрүнө жагат деп ишенебиз.
ЧАКАН КУРНИКТЕР
Керектелүүчү азыктар:
(Камыры үчүн)
Каймак – 200 грамм
Жумуртка – 2 даана
Каймак май – 200 грамм
Кумшекер – 1 чай кашык
Туз – 0,5 чай кашык
Көбүрткүч – 1 чай кашык
Ун – 450 грамм
(Туурамжы үчүн)
Тоок эти – 400 грамм
Күрүч – 200 грамм
Туз, мурч – татымына жараша
Шорпо – 250 миллилитр
Даярдоо ыкмасы:
1. Идишке каймак, жумуртканын сарысын, кумшекер, туз, каймак май жана көбүрткүчтү салып аралаштырабыз. Эми үстүнө эленген унду салып камыр жууруп, бетин жаап, 30 мүнөт жылуу жерге тыныктырып коёбуз.
2. Күрүчтү тазалап, жууп, сууга чала бышырып алабыз.
3. Тоок этин майда туурап, буга күрүчтү, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.
4. Камырды куруттай тоголокчолорго бөлүп, диаметрин 12 жана 8 сантиметр кылып жаябыз.
5. Жайылган камырдын чоң бөлүгүнө туурамжыдан салып, кичине бөлүгү менен бетин жаап, түйөбүз. Курниктин бардык тарабы чогулган соң ичине 1 аш кашык шорпо куюп, андан соң камырды толук бекитебиз.
6. Курниктин бетине жумуртканын сарысын сүйкөп, 180 градуста бети кызарганча бышырып алабыз.
ЖАШЫЛЧАЛАР МЕНЕН БЫШЫРЫЛГАН КҮРҮЧ
Керектелүүчү азыктар:
Пияз – 1 баш
Сабиз – 1 даана
Кызыл болгар калемпири – 1 даана
Консерваланган жүгөрү – 2 аш кашык
Консерваланган көк буурчак – 2 аш кашык
Сарымсак – 2 тишче
Күрүч – 1,5 стакан
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Укроп – 2-3 тал
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Күрүчтү тазалап, жууп, суусун сарыктырып алабыз.
2. Жашылчалардын баарын жууп, тазалап, майда туурайбыз.
3. Көмөч казанга өсүмдүк майын куюп, алгач пияз менен сарымсакты, андан кийин сабиз, болгар калемпирин салып, татымына жараша туз, мурч кошуп 3 мүнөттөй кууруп, консерваланган жүгөрүнү, көк буурчакты салабыз.
4. Эми көмөч казанга күрүчтү салып, 2 мүнөттөй, башкача айтканда, өсүмдүк майын сиңирип алганча аралаштырабыз. Үстүнө 3 стакан суу куюп, капкагын жаап, жай отко коюп, суусу соолуганча күтө турабыз. Эскертүү! Күрүчтү кайсы стакан менен ченесеңиз, суу куярда дал ошону пайдаланыңыз.
5. Көмөч казанды оттон чыгарып, жакшылап аралаштырып, көмөч казандын капкагын жаап, 5 мүнөт дагы демдейбиз. Чачыраган күрүч даяр!
КҮРҮЧ КОШУЛГАН САЛАТ
Керектелүүчү азыктар:
Консерваланган балык – 1 банка
Күрүч – 65 грамм
Консерваланган жүгөрү – 3 аш кашык
Төө буурчак саадагы – 90 грамм
Сабиз – 1 даана
Жумуртка – 1 даана
Көк пияз – 2-3 тал
Болгар калемпири – 1 даана
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Күрүчтү, сабизди жана төө буурчак саадагын ар бирин өзүнчө туздуу сууга бышырып алабыз.
2. Сабиз менен болгар калемпирин төрт чарчы, төө буурчак саадагы менен көк пиязды 2 сантиметр узундукта туурап алабыз.
3. Балыкты чоңураак идишке салып, үстүнө сабиз, күрүч, көк пияз, болгар калемпирин жана төө буурчак саадагын, өсүмдүк майын, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз. Салат даяр! Салатты тарелкага салып, сууга бышырылган жумуртканы 4 бөлүккө кесип кооздоп коёбуз. Тамагыңыз даамдуу болсун.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg