«Атамдын менин чыгармачылыгыма берген таасири абдан чоң. Анын сөз баккандыгы, улуу ойлорду айткандыгы, дастандарды жактырганы, мекенчилдиги чыгармачылык багытыма жол көрсөттү. Ал эми жеңил-желпи, шайкелең нерселерди баалабагандыгы, ачык кийинүүнү жактырбагандыгы менин образымда чагылдырылды» дейт каарманым. Бирде кылык-жоругун эстеп күлүп, бирде жашып, атасы тууралуу кызыктуу маек курду.
«АТАМ ЧОҢ АТАМДЫН 70 ЖАШЫНДА КӨРГӨН УУЛУ»
– Атам Жетимиш Рыскулов 1955-жылы Өзгөн районуна караштуу Чымбай айылында төрөлгөн. Ата-теги Жапаң датканын урпактарынан. Үй-бүлөдө 2 кыздан кийин атасы Рыскул чоң атамдын 70 жашта көргөн уулу. Алгач Абдуллажан деген ысым ыйгарышып, документтерге жазылып калганы менен, чоң атабыз «70ке чыкканда көргөн балам» деп эркелетип, Жетимиш деп атап алган экен. Ошондон улам айылдагылардын баары атамды Жетимиш деп билишчү. Бизден деле бирөө «кимдин кызы болосуң?» деп сураса, «Жетимиштин кызымын» деп жооп берер элек. Чоң атамды биз көргөн жокпуз, ал тууралуу дээрлик эч нерсе билбей калдык. Биз тургай, атам өзү деле атасын эстей албай калганын айтчу. Себеби атам 3 жашка толгон кезде эле чоң атабыздын көзү өтүп кеткен экен. Улуу эжелери турмушка чыгып, атам чоң энемдин жалгыз уулу, эркеси болуп чоңоюптур. Кийин 2 эжеси тең 40-50 жаштын тегерегинде каза болуп, чоң энемдин да көзү өтүп, жалгыз калган. Атамдын ушунчалык кайраттуулугуна баа берер элем. Эч качан атамдан «жалгызмын» деген сөздү уккан жокмун. Улуу эжем турмушка чыкканда мага «силер бар мен жалгыз эмесмин» деп айтканы эсимде.
«АТАМ ЧУРКАГАНДА ЭЧ КИМДИ АЛДЫНА САЛЧУ ЭМЕС»
– Атам аябай токтоо, сөзгө кем, мамилеге бекем, анан ушунчалык так адам эле. Бирөөдөн бир буюм алса, сөзсүз айтылган убагында кайтарып берчү. Атам кесиби боюнча эсепчи. Көп жылдар бою өзүбүздүн Дөң-Булак айылында эсепчи болуп эмгектенди. Абдан эсепке так, чынчыл, бирөөнүн ырыскысына эч убакта кол салбаган адам болгондуктан, кийин Союз таркап, айылдык кооперативдер түзүлгөндө кайра эле бул милдетти атама ыйгарышкан. Ал тургай эл арасында уюшулган иштер болсо да эсеп-кысап жагын дайыма атама табышташчу.
Сөз менен айтпаса да, көз карашы менен оюн жеткире билген, өзгөчө кыздарынын тарбиясына, ыйманына талабы күч эле. Үйдө отурганда эч качан атамдын көзүнчө башка бир адам тууралуу ушак сүйлөнчү эмес. Аял кишинин ушак айтканы атамдын эң жаман көргөн сапаты эле. Балабыз да, көчөдөн көргөнүбүздү үйгө келип айтып калсак, ошол жерден «бирөөнү сүйлөбөй, өзүңөрдү билгиле» деп оозубузду жаап коёр эле. Эч качан катуу урушуп, сөгүнүп сүйлөчү эмес. Атам адамды эмес, малды да сөккөн жок. Тамеки тарткан жок, ичкиликке деле жакын эмес болчу. Аябай кыйын чуркачу. Айылда тушоо кесүү тойлордо жарышка түшсө, аны эч ким басып өтө алчу эмес. Менин классташтарым «атаң бизди далай кубалады го» деп күлүп калышар эле. Биз бой жете баштаган кезде классташтар ышкырып келип калышса, жетер жерине жеткирип кубалап койчу экен да.
«ООР БАСЫРЫКТУУ БОЛГОНУ МЕНЕН, ТАМАШАКӨЙ ЭЛЕ»
– Атамдын мүнөзү токтоо болгону менен, аябай тамашакөй болчу. Бир ирет энемди тамашага салып коркутканы эсимде. Атам өзү балыкты жакшы көрчү. Күн алыс балык көтөрүп келер эле. Энем «эмне эле балык алып келе бересиң, балдардын тамагына сөөгү туруп калат. Илгери балыкты суунун кайберени деп жешчү эмес» деп сүйлөнүп калчу. Атам «макул, эми алып келбейм» дейт да, кайра эле алып келет. Бир жолу күндөгүдөй куурулган балык жеп отурсак атам какап калды. Энем селт этип чочуп кетти. «Кокуй, айтпадым беле, эми эмне кылам? Мен балык алып келбе деп айтпадым беле» деп кокуйлап атамды далысына чапкылап жүрөт. Атам бир топко тамашалап, анан бир маалда каткырып жиберген.
Дагы бир жолкусунда апамды тамашалаганы эсимде. Экөө таарынышып бир-эки күндөн бери сүйлөшпөй жүрүшкөн. Апам камыр жууруп жаткан. Мен апамдын жанында болчумун. Атам болсо жарыктын бир жерин оңдоп жаткан. Негизи атам электр жагын да кыйын билчү. Радио, телевизорлорду оңдомой жайы да бар эле. Ошентип иштеп жатып эле кулап түштү. Таарынып сүйлөшпөй жүргөн апам үстүнө үйрүлүп түшүп «өлдүм эле, өлдүм, кайдан гана токту кармадың экен» деп жүрөгүн тыңшап, өкүрүп-бакырып жүрөт. Кошуналарды чакырмакчы болуп эшикке атып чыгып, кайра атамдан алыс кете албай үйгө кирип «тур эле, тур» деп атамды жулкулдатып жатты. Ушундай бир жаман болуп чыйпылыктаганын көрүп атам каткырып жиберген. Апам атамдын тирүү экенине сүйүнүп, анан экөө жарашып калышкан (күлүп).
«АТАМ ЖАНА РАДИО»
– Атамдын дагы бир өзгөчөлүгү – радио укканды ушунчалык жакшы көрчү. Саясатка, географияга, математикага кызыгуусу күч болчу. Саясатка жөн эле кызыкпастан, өз алдынча аналитика жүргүзүп, талдап, эл дегенде күйүп-бышып турар эле. Анан радионун түрүн сатып ала бермей адаты бар болчу. Апам «радиого тойбойт, бирде жаңысын, бирде эскисин деле көрүп калса сатып ала берет» деп жинденип калчу. Сыртта бир радио, ашканада бир радио, жаткан бөлмөсүндө бир радио болгондуктан, кайда кирбейли радио сайрап турчу. Ал тургай бала кезинде эле достору менен радио толкундар аркылуу байланыш түзүп алганын айтып калар эле. Бирок бул кандай байланыш экенин мен азыркыга чейин жакшы түшүнө бербейм. Саясаттан тышкары санат-насаат ырларга кызыгуусу күч эле. Кассетага жаздырылган «Манас», «Курманбек» эпосторун коюп койчу. Анан да бардык дастандарды жан дили менен угар эле. Атам угуп жатса биз да угабыз да. Ошол ыр, дастан, эпостор менен чоңойдук. Бул нерсе кийин менин чыгармачылыгыма да чоң таасирин берди.
Андан тышкары ырчы Жолболду Алыбаевдин чыгармаларын сүйүп укчу. Кайра-кайра кайталап уккандан тажачу эмес. Акын, жазуучу, журналисттерди абдан баалачу. Мен да бир убакта журналист катары иштеп, дикторлукту да аркалап эфирлерге чыгып калдым. Ошол убакта менин сынчым, эң чоң күйөрманым атам эле. Ар бир эфиримди, даярдаган жаңылыгымды калтырбай көрүп, сын-пикирин айтып турчу.
«АПАМДЫ КУДАЛАП КОЙГОНУНА КАРАБАЙ АЛА КАЧЫП КЕЛГЕН ЭКЕН»
– Апам кашы-көзү кара, сулуу, көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан, турмушка бышкан кыз болгон. Бирок ата-энеси кудалап койгон болот. Ага карабай атам менен апамдын көңүлдөрү төп келишип, апамдын макулдугу менен ала качып баш кошушкан экен. Кийин үйлөнгөндөн кийин атам өзү апамды окутуп, жогорку билим алуусуна жол ачыптыр. Апам окуусун ийгиликтүү аяктап, мектепке чейинки билим берүү тармагында жакшы ийгиликтерди жаратты. Өзүбүз жашаган аймакта 6-7 бала бакчага жетекчи болуп эмгектенүүгө жетишти. Экөө жетелешип 5 баланы тарбиялап, коомго кошушту.
«ӨЗ КОЛУ МЕНЕН ӨЗГӨН ПАЛООСУН ДЕМДЕП БЕРЧҮ»
– Атам даамдуу тамакты ушунчалык жакшы көрчү. Ага жага турган тамак жасасаң аябай мактап, маанайы көтөрүлүп калар эле. Кийин биз бой жетип шаарда туруп калдык. Айылга барганыбызда атам өз колу менен Өзгөндүн күрүчүнөн палоо бышырып бергенден ырахат алчу. Биз барганда шымаланып, сабиз туурап, кызарта кууруп, шуулдап калчу. Көңүлү көтөрүлгөндө өзгөчө тез-тез басып, тез кыймылдап калар эле.
«АТАМДЫН КОЛДООСУ»
– Атам мени дайыма колдоду. Жашоо деген ушундай экен, биринчи турмушумдан ажырашып келгенимде, менимче, атама оор эле тийсе керек. Эми кеткен келинди ким жакшы десин? Керек болсо эшигибиздин алдына келип жаман сөз айтышкан күндөрдө атам мени колдоп, «баары жакшы болот, кызым, мен сага ишенем» деп мени соороткон сөздөрү эсимде. Бирок кийинчерээк карьера деп көбүрөөк жүрүп калдым. Ошол убактарда бир ирет «сенин мага карьераңдын кереги жок. Аял катары бактылуу болушуңдү каалайм» деп катуу айтканы бар. Ошол мүнөттөрдө ал сөздөр үчүн атамды жек көрүп, өзүмдү үй-бүлөдө ашыкча сезгем. Көрсө, атам менин жанымда жанашкан жарым болуп, бактылуу турмуш курушумду каалаган экен. Ал бакытка жеткениме күбө болуп, ыраазы болду кийин.
«2 БАШКА АТАМДЫ КӨРГӨНДӨЙ БОЛДУМ»
– Мындан 5 жыл мурун атам инсульт алып калды. Баягы кычыраган, толуп турган атам жок. 1 жылдын ичинде таптакыр башка адамга айланды. Баладай таза, жумшак мүнөз, жашык, жан дүйнөсү үлбүрөп, кичинекей нерсеге жашыйт, таарынат, ар бир майда нерсеге көңүл бурат. Инсультка чейинки атам таптакыр башка эле. Кайраттуу, сабырдуу, зыңкыйган, чечкиндүү, бир сүйлөп, так аткарган. Кээде жакпаган нерсесин кесе сүйлөп айтып алган адам эле. Ооруп калганында мурда айтпаган сөздөрүн апама арнап, жылуу сүйлөп, «5 баланы мага билдирбей өзүң эле чоңойткон экенсиң. Сен аялдардын асылы турбайсыңбы, сага ыраазымын» деп айтты.
«АТАМ ЖАНА МЕН»
– Атам мени Айгүкү деп эркелетчү. Атам экөөбүз эми-эми ынак болуп, көз караштарыбызды терең түшүнүшүп, ата менен кыздын өзгөчө жакындыгы пайда болгон учурда атам кете берди. Анын батасы мага тумар эле. Кайда гана барбайын атамдын батасын алып чыккан болсом, ишим жакшы жыйынтык берчү. Ата – аска зоо деген чын экен. Быйылкы жыл жаңырары менен январь айында атамдан айрылып калдык. Ошентсе да анын бизге берген адамдык асыл сапаттары жашообузга таберик болуп кала берди. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө «кызым, сен Жер энени даңктап ырдаган кызсың. Сен Жер эненин, жерде басып жүрүүнүн кадырын билген кызсың» деди. Бул мен үчүн күтүүсүз болду. Атамдын ушундай бийик баалоосуна арзыйм деп эч качан күткөн эмесмин.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg