КОЙ (21.03-20.04)
Таң эртеден бирөө маанайыңызды бузат. Ага теңелбей унчукпай койсоңуз нерв клеткаларыңызды сактап калган болосуз. Кандай ишке киришсеңиз да бат жана кынтыксыз бүтөт. Жоголгон байланыштарды калыпка келтире аласыз. Ушундан улам ишиңиз өргө жылып, жакшы иштерди бүтүрүп аласыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Чиновниктер менен байланышууга, документтерди бүтүрүүгө, жетекчиликке кайрылып ой-пикир айтууга, арыз-муңду билдирүүгө ылайыктуу күн. Бирөөлөр менен берген убадаларды такташып, өйдө-ылдый талаш жараткан жагдай түзүлүшү мүмкүн. Каржылык абалыңызды оңдоого болгон аракетиңиз үзүрүн берип баштайт.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Колуңузду кармаган иштер көп болот. Бирге иштешкендерден же таанышыңыздан жакшы кабар күтө бериңиз. Коммерция менен алектенгендер активдүү болуп, керектүү адамдар менен келишимдерди түзүшөт. Үйгө же өзүңүзгө керектүүлөрдү аласыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бетке сүйлөөнүн, ашыкча чынчыл болуунун кереги жок. Өзүңүздү бөөдө жаман көрсөтүп аласыз. Ишти көңүл топтоп жасабасаңыз кемчиликтер кетип, кайра иштеп чыгуу керектелет. Тамак-аш рационуна жаңы жашылчалардан кошуп, витаминдүү тамактаныңыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Пландар жана үмүттөр акталбай баштаганы ойлондурат. Ишенимдүү деген адамыңыздын сиз биле элек жактары билине баштайт. Чала тааныш адамдар идеяңызды колдоп, ага түзөтүүлөрдү киргизип кубандырат. Ысык суу, ысык тамактардан абайлаңыз, күйүккө учуроо коркунучу бар.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Тынчтыктын, гармониянын, жакшы окуялардын күнү. Жашоо жолуңузда туура кетип бара жатканыңызды сезесиз. Бирок толук бактылуу болуу үчүн бир нерселер жетишпестигин тактасаңыз жакшы. Балдар жаңы нерселерди өздөштүрүп сиздин жардамыңыз жок эле иш бүтүрүп кубантышат.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кырдаалды туура баамдап, абалды оң жакка бурууга аракет кылуу керек. Кетирилген ката же жакын адамыңыздын туура эмес кеңеши максатка жетүүнү кыйындатат. Олжо же акча кокустан колго тиет. Душмандарга сыр алдырбаңыз. Үй тиричилик техникаларына этият болуңуз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Эмоционалдуулук, сезимталдык майда нерселерге деле жинди келтире бермекчи. Кооптуу кадамдарга барбоо кажет. Ишкерлерге сунуштар түшөт. Баарлашуулар чыгармачылыкка жакшы үзүрүн берет. Жагымсыз окуяга кабылбоо үчүн эл топтошкон жерлерге барбоо керек.
Көрө албастар маселелерди жаратат. Алар сиздин элден жашыргыңыз келген нерсени ачыкка чыгаргылары келет. Жан шерик менен мамиле жакшырмайынча үйдө береке боло бербестигин эске алып, майда-чүйдөдөн уруш чыгарбоо кажет. Ички туюм бир кырсыктын алдын алууңузга себепкер болот.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Негизги жагымсыздык жашооңуздун материалдык жагына байланыштуу болмокчу. Бир нерсеңизди уурдатып албоо үчүн кыраакылык керектелет. Үйдө оңдоп-түзөй турган иштерди жакындарыңыз менен чогуу бүтүрөсүз. Документтерди иретке келтирүү иштери менен алек болосуз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Келечекке ишенимдүү түрдө пайдубал орното баштасаңыз болот. Жеке жолугушуулар, козголбой келе жаткан сөздөрдүн айтылышы күтүлүүдө. Бирөөлөрдү ишендирүү, эпке келтирүү оңойго турат. Таасирдүү адамдардын бирге иштешүү сунушунан баш тартпаңыз, ийгилик коштойт.
Дос же туугандардын арты менен маанилүү ишти бүтүрүп, пайда таба аласыз. Жумушка, жакынкы күндөргө карата план түзүү керек. Жагымдуу сюрприздин болушу ыктымал. Иш-чараны кечкиге пландаңыз. Жакын адамдарыңызды менчигиңиздей көрө бербей, эркиндик бериңиз. Алар да тирүү жан.