Назира Токонова, ырчы: “БАСПАЙ ТӨШӨКТӨ ЖАТКАНДА УУЛУМДУН ЧОҢОЙГОНУН КӨРБӨЙ КАЛАМБЫ ДЕП ОЙЛОГОМ”

Ырчы Назира Токонова турмушка чыккандан бери сахнадан алыстап кеткен. Үй-бүлө күтүп, уулдуу болгондон кийин ооруп да калган эле. Ырчыга байланышып, ден соолугун сурап, үй-бүлөсү тууралуу баарлаштык.

– Назира, салам! Ден соолугуң жакшыбы? Өткөндө бизге берген маегиңде операция болгонуңду айттың эле...

– Салам! Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы. Белиме суук тийип өөрчүшүп кетиптир, ошол боюнча операция болгом. Бул дарт уулумду төрөгөндөн кийин тынчымды ала баштаган. Дароо дарыгерге барбай, өзүм билемдик кылып сыныкчыга кайрылгандан кийин такыр эле баса албай төшөктө жатып калдым. Ооруп төшөктө жатканда “мындан ары баспай калам го. Ушинтип эле өтүп кетемби? Баламдын чоңойгонун көрбөй каламбы?” деген жаман ойлор келген. “Айыгып кетсем эч нерсенин кереги жок, ырдабайм дагы” дегем. Анткени баарына кайыл болуп калат экенсиң.

Суук тийгенден кийин дароо дарылабай койгонго бир омурткам желип калыптыр. Операция болгонумда ошол омуртканын ордуна имплант коюшту.

Ошол учурда кайын журтум, үй-бүлөм колдоп турушту. Айрыкча кайын тарабым чоң колдоо көрсөттү, аябай ыраазымын. Инстаграмдан дагы жакшы адамдар жазып жатышты. Бир кыз дал мендей ооруптур. “Ооруп жатат” деп сиздер чыгаргандан кийин ал кыз жазыптыр “кабатыр болбоңуз, баары жакшы болот. Мен дагы сиздей болуп ооругам” деп. Номерин алып дароо чалдым. Ал байкуштун тынчын алып күнү-түнү деле чала бердим. Ал күйөрманым да көп жардам берди. Буюрса, ал күндөр артта калды. Ооруну сезбей жашап келатканыма 5-6 ай эле болуп калды. Ден соолуктун кадырын билип калдым.

– Мындан ары ооруба, ден соолугуң бекем болсун! Уулуң чоңоюп калдыбы?

– Мен 30 жашымда эне болдум. Жаштын тилегин берет деген чын окшойт. “29 жашымда күйөөгө тийсем, 30 жашымда төрөсөм” деп тилей берчүмүн. Оозума сала бергендей эле болду. Азыркыга чейин уулумду карап “ушул менин баламбы?” деп ишене албай кетем. Уулумдун атын кайненем менен кайнатам Ариет деп коюшкан. 1 айдан кийин 2 жашка чыгат.

Балам төрөлгөндөн кийин эле ооруп калганга аны көтөрүп, эркелете албай калдым. 5-6 айлык баланы көтөргөн сонун го. Мына ушул сезимге тойбой калганыма ичимде бир аз боштук бар. Ошол кезде баланы да, мени да кайненем бакты. Күчтүү укол алганга баламды эмчектен чыгарууга да мажбур болгом.

Баламды атасы көп карап калганга атасына жакын, ишенсеңер, мага такыр келбейт. Атасы жокто эле алдап коёт. Атасы барда эч кимге барбайт.

– Азыр карантинде эмне менен алексиң?

– Учурда Көлдө кайын журтумдукунда жүрөм. Төшөк көктөп жатам. Кайненем көп нерсени үйрөтүп жатат. Азыр сиз менен баарлашып жатып да төшөк көктөп отурам (күлүп).

– Келин болуп келгениң тууралуу айтып берсең. Кайын журтуң ырчы кызды кандай кабыл алышты?

– Башында жолдошум ата-энесине үйлөнөрүн айтса “ырчы кыз аласыңбы?” деп таң калышыптыр. Мен жөнүндө изилдеп, интернеттен маалыматтарды окуп чыгышыптыр. Кайын журтум сонун адамдар, бриллиант десем болот. Меникиндей кайнене эч кимде жок болушу керек деп ойлойм. Кээ бирөө “бул кошомат кылып жатат” деп ойлоп калышы мүмкүн. Кайненемди башынан көргөндө эле жактыргам. Мүнөзү да меникине окшошуп кетет. Көбү бизди окшоштурушат. “Уулум сени мага окшоштуруп тандаса керек” дейт. Жолдошум “апама окшошсуң деген эмес, апам да жакшы ырдайт” деген.

“Бул жерин минтип эле койбойсунбу. Ушуну да билбейсиңби?” деп урушкан кайненелер болот го. Билбей жатсам апам “балам, андай эмес, мындай кылсаң туура болот” деп үйрөтөт. Ички дүйнөсү таза, пейили кенен. “Келин алганда мен да сиздей кайнене болом” дейм.

Кайнатам да жакшы адам. Жаңы келин болуп келгенде “келиндин колунан тамак жейли” деп калышты. Очокко тамак жасап көргөн эмесмин. Эшикке чыгып казанга тамак жасап баштадым. Балыкчыда шамал го. Эшикке чыксам шамал. Жолдошумдун досуна от жактырып алып, “тамак күйүп кеткен жокпу?” деп чыйпылыктап жүрөм. Ошол маалда терезеден кайнатам көрүп боору ооруган экен. Жеңеме айтып “барып келиниме жардамдашып койчу. Кечээ эле телевизордо ырдап жүрүп, бүгүн казандын жанында жүргөнүнө боорум ооруп жатат” дептир (күлүп). Ушундай сонун адам. Кудайга ыраазымын ушундай үй-бүлөгө туш келгениме.

– Жолдошуң тууралуу да айта кетсең...

– Негизи калп айтпаган, жөнөкөй жигиттерди баалачумун. 8-9 ай кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Үйлөнүү сунушуп киргизгенде карап көрсөм 29 жашка келип калыптырмын, анан “кой, убакыт келиптир” деп макулдугумду бергем. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө сүрөтүбүздү Инстаграмга жүктөп койсом “ата-энеңе наалат. Кыргыздан жигит таппай калдыңбы? Башка улутту эмне кыласың?” деп жазышкан. Азыр да “күйөөсү кыргыз эмес, тажик, түрк го” деп жазып калышат. Сиздер аркылуу айта кетейинчи, жолдошум канында эч кандай аралашмасы жок кыргыз.

Бактыма жараша, жолдошум дагы жүрөгү таза адам. Башында эле “чыгармачыл чөйрөдөгү адамга турмушка чыга албайт болушум керек” дечүмүн. Анткени чыгармачыл эркектер сезимтал, назик деген ойдо элем.

Каалаганымдай жолдошум бул чөйрөдөн алыс, аскер кызматында эмгектенет. Ал чыгармачылыгыма такыр кызыкпайт. Ушул убакка чейин “ырдап берчи” деп сураган эмес (күлүп). Мен ырдап жатсам да уккусу келбейт. “Жаным, тиги үйгө чыгып алып ырдачы” дейт (күлүп). Бир эле жолу “жакшы ырдайсың” деген, ошол боюнча чыгармачылыгыма карата комплимент уккан жокмун. Ырга жакын эмес. Кайненем экөөбүз ырдап жатсак “акырын ырдагылачы” деп эшикти жаап кетет. Ал “ырчылыгыңа каршы болбойм, болгону мени аралаштырба” деген. Маек берүүгө макул болбойт. “Чыгармачылыгымды сыйлап бир эле жолу маек берүүгө барып койчу” деп сурансам да такыр болбой койгон.

– Сахнаны сагынып, ичиңе бук толгондо кантип алаксыйсың?

– Сахнаны чындап сагындым. Ичте жаткан талант оңой менен коё бербейт экен. Кайненем жакшы ырдайт, сагынганда экөөбүз кошулуп ырдап калабыз. Мен ырдагым келип буулугуп калганымды байкап калса “залга кирип ырдап ал” дейт. Ырдагым келип, өзүнчө депрессияга түшөм. “Ушинтип эле ырдабай каламбы?” деген ойлор келет. Сахнаны таштабайм. Буюрса, жаңы ырларды жаздырып чыгып калам.

– Маегиңе рахмат! Ишиң ийгиликтүү болсун! Ден соолукта бол!

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Dani
2020-05-01 13:33:20
Бир нерсесин тушунбой калдым ооруп жатканда экинчи ырдабайм деп анан сахнага чыгам дегени ммм
+5
Mednur
2020-05-01 13:42:20
Мен да ошентип ойлопмун.
+1
erlan2196
2020-05-02 10:36:47
Жакшынакай айым экен.
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-05-04 10:49:30
Чыгармачылыгын баалайм.Женил желпи эмес.
+2
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан