2-МАЙГА КАРАТА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ



КОЙ (21.03-20.04)

Мурунку жасаган эмгегиңиздин үзүрү кайтып, күтпөгөн жерден колуңузга акча тийиши мүмкүн. Жаңы тааныштардын бири жашооңузда роль ойной баштайт, бирок жакшы же жаман жаккабы, аны өзүңүз байкап көрүшүңүз керек. Кыска сүйүү романдарынан баш тарткан оң.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Үй-бүлөлүк маселе алдыңкы орунга чыгып, кошумча чыгашаларды талап кылат. Агымга каршы сүзбөй, чөйрөдөгүлөрдүн пикири менен болсоңуз утасыз. Ойлоруңуз куру план түзүүдө эмес, конкреттүү түрдө акча табууда болушу кажет. Жадатма иштер көңүлүңүздү калтыра баштайт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Көңүлүңүзгө эч нерсе чаппаса да, жашоо турмушту оңдоо планыңыз илең-салаңдыкка жол бошото койбойт. Чөйрөңүздү жаңы керектүү адамдар менен жаңылоону ойлонуңуз. Чогуу иштеген адам менен мамилеңизди бузуп алуудан сак болуңуз. Бирөөнүн сабыры менен ойногон пайда алып келбейт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Чечкиндүүлүктү талап кылган күн. Жашоодогу ийгилик жана кемчиликтерди талдаңыз. Бүгүн башкалардын кеңеши эмес, өзүңүзгө өзүңүз гана жардам бере аласыз. Андыктан ички туюмду угуңуз. Кыйбас адамыңыз керектүү нерсеңизди алып келип бериши ыктымал. Ыраазычылык үчүн чакан нерсе менен сыйлап коюу ашыктык кылбайт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жашоо үчүн күрөшө берип моралдык жактан чарчагандай болосуз. Бирок негативге жол бере турган учур эмес. Ийгилик тилкеси башталат, чамдаңыз. Жаңы маалыматтардан керектүүлөрдү алып, колдонууга өтөсүз. Айрымдар азыраак өлчөмдө акчалуу болушат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Алдоолорго, иллюзияга жакын күн. Көндүм иштер менен гана алагды болуу керек. Оңдоого кыйын болгон каталарга жол бербөө зарыл. Акыйкатты айткыңыз келсе чөйрөдөгүлөрдүн чабуулунан коргонууга даяр туруңуз. Жамааттык иш-аракеттер жакшы жүрөт. Энергияны туура пайдаланыңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Күн жашооңузду аздан болсо да өзгөртүүгө убада кылат. Туура эмес болуп чыга тургандыктан бирөөлөрдүн пикирине таянбаңыз. Өз ой-пикирди кескин айтуудан карманыңыз, ниети түз эместер көп болот. Киреше алып келчү жаңы пландарды түзөсүз. Жакын жашаган тааныштыкына иш боюнча барасыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Активдүү, чыгармачылыкка ылайыктуу күн. Андыктан күн чыңалуу менен өтүп, эмоциялар акыл-эске баш ийбей, чыр-чатак да орун алышы мүмкүн. Бирок келишимдерди түзүү, чечимдерди кабыл алуу ийгиликтүү болот. Чогуу иштешкен шериктерге ашыкча ишенүүнүн кереги жок. Көз жазгырып, алдоого барышы мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Күчтөнүп иштөөгө даяр туруңуз. Талап, көрсөтмөлөр көп болот. Чала тааныш адам сизден бир иштер боюнча жардам суроосу ыктымал. Айрымдар тааныштары аркылуу жаңы ылайыктуу жумуш издеп башташат. Кечинде үй- бүлөнүн кашында эс алып, тынчтаныңыз, иш, маселелерди ойлонууну эртеңкиге калтырыңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Өзүңүзгө ашыкча ишенүү жана даңкты сүйүүчүлүк сапатыңыз ийгилик алып келет, же тескерисинче, иштин баарын кыйратат. Кырдаалдын өнүгүшүнө көз салып, керектүү учурда демилгени колго алуу кажет. Жекече же табият коюнунда эс алуу оор ойлордон арылтарын эске алыңыз. Маанилүү ишти колунан келчү адамга гана табыштаңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жумушта иштөө шарттары, талаптар өзгөрөт. Сөзүңүздөн, кылган ишиңизден кыйкым таап, жиниңизге тие тургандар чыгат. Аларды какшык менен утуңуз. Үйдөгү иштерди ар кимге бөлүп берип, аткарылышын көзөмөлдөңүз. Жеке кызыкчылык үчүн бирөөнү "курмандыкка" чалып жиберүүгө жетпеңиз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Үйдө жакшы жаңылыкты белгилешиңиздер мүмкүн. Ичте толгон букту бирөөлөр менен баарлашуудан чыгарасыз. Жолго чыгууну пландагандар документтерин түгөлдөп чыкпаса маселеге кабылат. Имиджди өзгөртүшүңүз ыктымал. Бирөөгө карата топтоп жүргөн компроматтардын кереги тиет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан