3-МАЙГА КАРАТА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ



КОЙ (21.03-20.04)

Курч акыл менен иштерди туура пландап, энергияны туура жумшаганда алгылыктуу иштер жасалат. Чыңалган кырдаалга туруштук берүү менен каржылык абалыңызды оңдоп кете аласыз. Бронхит, жогорку кан басым, муун ооруларынын козголуусунун алдын алуу эскертилет.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Оюңузду оптимисттик маанай ээлейт. Жашоодогу маселелерден качпай, аларды тезирээк чечүү керек. Айрым адамдар менен түшүнбөстүк келип чыкпашы үчүн оюңузду так билдириңиз. Айрымдарды пайдалуу жолугушуу күтөт. Убакытты үнөмдүү пайдаланыңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Көрөгөчтүк сапатыңыз жемишин берет. Андыктан чаташкан абалдан жол таап чыгып кете аласыз. Кыймылсыз мүлк, мурас маселелери жеңил чечилет. Таба албай жүргөн адамыңызды табууңуз ыктымал. Көптөр сүйүүдөн жолдуу болушат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Күндүн жарымы негативдин коштоосу менен өтөт. Аткарылбаган убадалар, акталбаган үмүттөр жиниңизди келтирет. Ишке үстүртөн мамиле кылуу кирешеңизди азайтарын эске алыңыз. Күндүн калган бөлүгү "жумшак" өтөт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Акча көп жумшалчу долбоорду азыр баштаса ийгиликтүү боло бербейт. Кечке маал майда кырсыктар тооруйт. Өзгөчө рулдагылар, курулушта иштегендер сак болуулары кажет. Ортого түшүп бирөөнүн ишин бүтүрүп берүүгө ылайыктуу күн. Пайдасы аз тийчү тааныштардын санын кыскартуу сунушталат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жакшы менен жаманды баалоо, мыкты, активдүү адамдарга тартылуу күчөйт. Алардын таасири жашоо жолуңуздун түздөлүшүнө салым кошот. Күтүлүп жаткан акча колуңузга тиет. Организмди тазалоого өтө баштоо сунушталат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Мактанчаак, сөз көтөрбөс чыртылдак болуудан качыңыз. Болбосо ийгилик кушу колуңузга конбойт. Пландар өзгөрүшү мүмкүн. Тилектериңиздин бири орундалып, жан дүйнөңүз тең салмакка келе түшөт. Майда тиричилик иштерин бүтүрө бергениңиз оң, анчалык убактыңызды деле албайт.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Провокация менен сыноолорго жакын күн, сак болуу керек. Жагымсыз да, жагымдуу да кабарларды угууга даяр туруңуз. Бүгүнкү иш-аракеттериңизден жакынкы күндөрдөгү ийгилик көз каранды. Сүйүктүү адамыңыз сизге чакан белек бериши ыктымал.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Майда нерселерге алаксыбасаңыз, бүгүн эмне иш кылсаңыз да майын чыгарасыз. Жамандыктар айланып өтөт. Жаңы таанышуулар дүйнөгө, жашоого башкача карап, өткөн окуяларды таразалоого түртөт. Бойдоктор кол сунган адамына жүрөгүнөн орун берүү же бербөө керектигин чечишет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Дарылануу, чөйрөнү жашылдандыруу, таарынычтарды кечирүүгө ылайыктуу күн. Сунуштаган идеяңыз айланаңыздагылар тарабынан кабыл алынбайт. Жаңы горизонтторду ача турган жакшы кабар угарыңыз күтүлөт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Ооруп калбоо үчүн аба ырайына карап кийинүү, убагында тамактануу кажет. Сынды туура кабыл албасаңыз, жаралган чыр бир топко уланат. Достордун жардамы менен көптөн бери пландап жүргөн иштериңиздин бири бүтүп кубанасыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Күндү пландоодон баштабай койсоңуз деле болот. Анткени түзүлгөн кырдаалдан улам план өзгөрүлөт. Иштерди бүтүрүүдө бирөөгө көз каранды болбой, өз алдынчалыкты сактаңыз. Чачтарач, уста, фермер, зергерлердин тапкан кирешеси мол болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан