“ОРОЗОНУ КАРМАЙМ” ДЕП ИЗДЕГЕН 5 ЖАШАР БАЛА

(Аңгеме)

Умар жакында эле 5ке чыкты. Бала бакчага барганды анча жактыра бербейт. Анын үстүнө быйыл аны өзүнөн чоңдор тарбияланган тайпага которуп коюшуп, мурунку досторунун баары берки тайпада калып калбадыбы. Даткайым да ал жакта калды. Ал экөө жакшы ойношчу. Апасы карантин бүтсө кайрадан мурунку тайпага барасың деп сооротуп жатат.

Умардын сүйүктүү каармандары бар, көбүнчө ошолор менен сүйлөшүп жүрө берет. Анан ким менен ойносун? Азыр карантин маалы, көчөгө чыкканга, достору менен ойногонго болбойт. Апасы болсо жумушун компьютер аркылуу үйдөн бүтүрүп жатат. Анан өзү элестетип алган Капитан Америка, Бетмэн, Человек-паук, Халк, Балкасы бар (Тор) жана башкалар менен ойнойт. Алардын баарын кинодон, мультиктен көргөн. Баарынан да алардын учканда артынан от чыкканы абдан кызык. Кечке алар менен мушташып машыгат. Өзү да "герой" болуп, билегине жип байлап, башына таенесинин бутуна таккан резинасын тагып, бутуна эки башка байпак кийип алат. Бирок “дыш-дыш” деп урушканын үйдөгүлөр анча жактырышпайт. “Аркы үйгө барып ойночу, эшикке чыгып ойноп келчи” деп ары-бери чуркатышат. “Кызык, мен бардык “злодейлерди” жеңип жатсам, ары бар дегени эмнеси?” деп ойлонот кээде. Чоңдорду түшүнбөйсүң да.

Адаттагыдай күндөрдүн биринде эртең менен ал жалгыз тамак ичти. Таң калган ал:

– Апа, сиз да тамак ичесизби?

– Жок, балам, мен орозо кармадым.

– Ы? Кантип?

– Эртең менен эрте туруп, тамак...

– Мен да кармайынчы? Пожалуйста, пожалуйста...- апасынын оозунан сөзүн жула качкан Умар «орозо кармадым» десе дагы бир каарманды элестетип жиберди.

– Сен кийин, чоңойгондо кармайсың,- деди апасы жылмайып.

Ошентип Умардын жашоосунда жаңы каарман пайда болду. Орозо деген.

Кечке ойлонот, “кызык, орозону кантип кармашат болду экен?” Ал кандай болду экен? Чоңбу же кичинеби? Жанагы “геройлорго” окшош болуп жүрбөсүн?

Анан кечиндеси жатарда апасынан суранды:

– Апа, мени эрте ойготуп коюңузчу.

– Эмнеге?

– Орозону көрөйүн дедим эле да...

Үйдө угуп отургандар баары каткырып калышты. Кызык, орозону көрсө болбойбу? Неге күлүшөт? Бирок эртең менен уктап калыптыр, көрбөй калды орозону. Апасы да ойготпой коюптур. Ал күнү таенесинин да орозо кармап жатканын угуп андан бетер таң калды.

– Мына сага! Таенем да орозо кармап жатабы?

Демек, андай деле чоң эмес экен да, болбосо таенесинин бели ооруп калбайбы чоң орозону кармайм деп.

Апасы ал күнү орозо кармаганда эрте туруп тамак ичип, кечке чейин ачка жүрүп, кечинде ооз ачып тамак ичишерин, Кудайдан жакшы нерселерди тиленип бата кылышарын, бул мусулмандарга берилген парздардын бири экенин айтты. Ошентсе деле алар кармаган орозону көргөнгө кызыгып жатты. Күндө эле тамак ичип бүткөндөн кийин бата кылышат эмеспи. “Кудайдан жакшы тилек тилесең берет” деп ага дайым бата айттырышат. Анан анын орозо менен эмне байланышы бар? Демек, алар эртең менен эрте туруп орозону кармап, анан жешет окшойт...

Ал күнү телефондо видеочалуудан Оштогу туугандары менен сүйлөшүп жатышкан. Мына кызык, алар да орозо кармап жатышыптыр! Таенеси менен ошентип сүйлөшпөдүбү. Таң калып бүтпөй жатты.

Кечинде тамак ич деп апасы чакырса, барбай жаткан. Анан бир маалда эле эжеси:

– Орозону көрөсүңбү?- деп калды. Шашып-бушуп чуркап келсе эч нерсе жок, баары тамакта отурушат.

– Кана орозо? Каяктан кармадыңар? Ашканаданбы?

– Ооба,- деди эжеси күлүп.

– Чачы бар бекен? Арт жагынан от чыгат бекен?.. Же маскасы барбы?- деп ашканага кирди шашып.

Дасторкондо отургандардын баары каткырып калышты. Эмнеге эле орозону сурасам күлө беришет? Деги кандай болду экен орозонун кебетеси? Силер да орозону кармап жатасыңарбы? Ким көрдү орозону? Умардын оюнда ушул суроолор турду...

Гупа Эргешова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Altynbekova.01
2020-05-04 02:15:29
Мен деле кичинемде ошентип ойлочумун.
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан