КОЙ (21.03-20.04)
Профессионалдык иш сизден максималдуу түрдө кылдат болуп, көңүлдү бир жерге топтоп иштөөнү талап кылат. Чөйрөдөгүлөр менен мамилелер бекемделет. Үйдө "баары мен айткандай болушу керек” дей бербей, башкаларга да бийлик бериңиз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Күтүлбөгөн жагымсыз кырдаал достор жана жетекчилик менен мамилени татаалдатат. Талашып-тартышып жаман көрүнбөө үчүн токтоолук керек. Үйдөгү маселени чечпей убакытты узарткан сайын ошончолук нерв кетерин эске алыңыз. Жашоо образыңызды өзгөртө турган маалымат, кабар угасыз. Келбетти өзгөртүүгө убакыт келди.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Айрым эгиздердин кызматтагы же коомдогу аброюна бир окуядан улам доо кетет. Жүрөккө жакын албоо керек, убакыттын өтүшү менен баары калыпка келет. Сезимдерди талдап, бир жыйынтыкка келүү үчүн эл жок жерге ыктайсыз. Эски мамилелер жанданганы кубаныч тартуулайт.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бүгүн активдүүлүк төмөн болот. Негативдерге маани бере бербеңиз. Жеңил жол менен акча табууга азгыргандардын тилине кирбөө кажет. Ишиңизге жана ден соолугуңузга таасир этүүчү окуя болуп өтүшү ыктымал.
АРСТАН (23.07-23.08)
Күтүлбөгөн окуя орун алат. Кол куушуруп отуруп калбастан тезинен чечим кабыл алыңыз, керек болсо акча жумшаңыз. Эскертүү алып калбоо үчүн иште ката кетирбеңиз. Сиздин мээрим менен чыдамдуулугуңуз үйдөгүлөргө жан дүйнө жылуулугу менен тынчтыкты тартуулоого үлүш кошорун унутпаңыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Менменсинүү, башкалардын пикирин укпоо жана ойлонбой чечим кабыл алуу максатка жетүүдө тоскоол болорун жылдыздар эскертишет. Каалоолоруңуз менен бюджетиңиз дал келбей, бир аз маанайыңыз түшөт. Ушактардын курмандыгы болуп калуу коркунучу бар. Сүйлөгөн сөздү, кылык-жорукту көзөмөлдөө керек.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Убактылуу бирөөлөргө көз каранды болуп калбоонун алдын алыңыз. Туугандык байланыштар калыпка түшүп, жанданат. Балдарыңыздын өздөрүн алып жүрүүсү тынчсыздандырат. Интернеттен психология жаатындагы маалыматтарды окуп, жаңы нерселерди билесиз. Сизге жакпаган сөздөрдү айткан адамдын катыгын берүү керек.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Үй-бүлөңүздү бирөөлөрдүн терс таасиринен коргой билиңиз. Колу ачыктык касиетиңиз же ак көңүлдүүлүгүңүз кармап кайрымдуулук кылышыңыз мүмкүн. Бойдокторго сүйүктүүсү үчүн тобокел ишке барбоо керектиги эскертилет. Жекече жасаган иштер жакшы жыйынтык берет.
Бүтүрүүгө көз жетпеген ишке киришпеңиз. Бир жаңылыктан улам үй-бүлөлүк баалуулуктарга абдан маани берип каласыз. Балдарга жаңы нерселерди үйрөтүп, ырахат алыңыз. Келечек үчүн каржылык пайдубал тургузууга киришсеңиз болот.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Түзүлгөн кырдаал жакындарыңыз үчүн кооптонуп, ичтен тынчсызданууга жеткирет. Маанайыңыз улам өзгөрүп турат. Кокустан күбө болгон окуяны, ошондой эле көргөн түштү эч кимге айтпоо керек. Юморду, какшыкты чактап айтыңыз, болбосо уруш чыгат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Ачык-айрым болуп чыга келип, башкалардын жакшы мамилесине туш болосуз. Сырыңызды ишенген гана адамга айтып, ошонун гана кеңешин угуңуз. Элдик медицина менен дарыланууну көздөгөндөр ойлорунан кайтуулары зарыл. Бул ирет жакшы жыйынтык бербейт. Өжөрлөнбөй үйдөгүлөрдү уксаңыз, ашыкча чыгымга учурабайсыз.
Бактылуу болуунун өзөгүн издөөгө киришесиз. Душмандарга күчтүү жана чынчыл экениңизди көрсөтүүгө туура келет. Колу туткактардан сак болуңуз. Сүйүү жаатындагы мамилелер маселе жаратпайт. Эртеңкиге энергия топтоо үчүн жакшы тамактанып, жакшы эс алуу керек.