КОФЕДЕН ЖАСАЛГАН МУЗДАК СУУСУНДУКТАР

Кофени ысык кезинде гана ичпестен, аны муздатып түрдүү суусундуктарды даярдоого болот. Мындай муздак суусундуктар жайкысын суусунду кандыруудан тышкары, адамга энергия жана жакшы маанай тартуулайт.

ДАЛЬГОНА КОФЕСИ

Керектелүүчү азыктар:

Бат даярдалуучу кофе күкүмү – 2 аш кашык

Кумшекер – 2 аш кашык

Жылуу суу – 2 аш кашык

Сүт – 300-400 миллилитр

Муз чакмагы – табитке жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Кофе күкүмү менен кумшекерди аралаштырып, акырындан сууну куюп, миксер же атайын камыр чалгыч менен көбүргөнчө чалабыз.

2. Стаканга бышкан муздак сүттү куюп, үстүнө кофе күкүмү менен кумшекердин көбүгүн куябыз. Дальгона кофеси даяр! Кааласаңыз, стаканга муз чакмактарынан салсаңыз да болот. Аталган кофе суусундугун кашык менен акырын аралаштырып, муздак ичүү сунушталат.

МУЗДАК ЖЕ АЙС-КОФЕ

Керектелүүчү азыктар:

Кофе күкүмү – 4-6 чай кашык

Суу – 300 миллилитр

Коюулатылган сүт (сгущенка) – 3 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Алдын ала 2 чай кашык кофе күкүмүнөн кофе даярдап, муздатабыз. Андан соң аны атайын муз чакмактарын тоңдуруучу калыпка куюп, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүндө тоңдуруп алабыз.

2. Кофе күкүмүнүн калган бөлүгүнөн кофе кайнатып, ага коюулатылган сүттү кошуп аралаштырабыз. Эгер табигый кофеден даярдасаңыз, андан сүзүп алуу кажет.

3. Кофе муздаган соң алдын ала даярдаган муз чакмактарын кошобуз. Суусунду кандырган айс-кофе алдыңызда!

ФРАППЕ СУУСУНДУГУ

Керектелүүчү азыктар:

Балмуздак – 100 грамм

Шоколад – 50 грамм

Бат даярдалуучу кофе күкүмү – 2 чай кашык

Банан – 1 даана

Сүт – 300 миллилитр

Суу – 100 миллилитр

Кумшекер – татымына жараша

Муз чакмагы – 1 стакан

Даярдоо ыкмасы:

1. Блендерге балмуздакты, кофе күкүмүн, сууну, сүттү, кумшекерди жана бананды салып аралаштырабыз.

2. Эми муз чакмагын салып блендерди 2-3 жолу айландырабыз. Фраппе суусундугу даяр!

3. Суусундукту стаканга куюп, бетине балмуздактан 1 аш кашык салып, үстүнө шоколад таарындысынан себелеп, жалбыз менен кооздоп коёбуз.

КОФЕ ЧАКМАГЫ КОШУЛГАН СҮТ

Керектелүүчү азыктар:

Тез даярдалуучу кофе күкүмү – 5 чай кашык

Кумшекер – 5 чай кашык

Ванилин – 1 чымчым

Кайнак суу – 250 миллилитр

Сүт – 250 миллилитр

Даярдоо ыкмасы:

1. Кофе күкүмү менен кумшекерге кайнак сууну куюп, аралаштырабыз. Муздаган соң ванилинди салып аралаштырып, атайын муз чакмактарынын калыбына куюп, тоңдурабыз.

2. Кофе чакмактарын стаканга салып, үстүнө муздак сүттү куябыз. Андан соң 10-15 мүнөткө муздаткычка сала турабыз. Бул аралыкта муз чакмактары сүт менен аралашып, даамдуу суусундук ичүүгө даяр болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
gulzar_gulu
2020-05-04 10:39:24
Кофени ысык ичип конгон учунбу муздак кофе ичсен кызыктай болот экенсин.
-1
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан