ҮМҮТАЙ АБДЫШОВА, ЫРЧЫ: "КЫЙШАЛАҢДАП ЖЕҢИЛ-ЖЕЛПИ ЫРЛАРДЫ ЫРДАБАЙМ"

Салттуу музыка менен аты чыгып, эл оозуна алынып, учурда комуз менен ырдап жүргөн ырчыбыз бар. Ал ыр тандоого аяр мамиле кыларын айтат. Өзүнө гана таандык чектөөлөрү бар. Ал ырчы Үмүтай Абдышова бул жолку “Дил маек” рубрикабыздын каарманы.

– Үмүтай, кандайсың? Күндөр кантип өтүп жатат? Карантин көпчүлүктүн планын бузду, сени да айланып өтпөсө керек?

Карантин жарыялана электе Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы эл аспаптар оркестри чет өлкөгө гастролдук сапарды пландап жаткан эле. Кайсы айда болору белгисиз болчу. Ошол план үзгүлтүккө учурады. Ырчы ар дайым ырдап турушу керек, ырдаш үчүн да маанай керек. Ички жан дүйнө тынч абалда болгондо гана чыгармачылык менен иштей аласың. Чыгармачылыктын туу чокусуна чыгыш үчүн ар дайым кыймылда болушубуз шарт. Ошондуктан өтө бийик максатым болбосо да, карантинде жөн жатпай, бирин-экин ырлардын үстүндө иштедим. Бир-эки обонго текст жаздым. Белекке, байгеге келип чаң басып калган китептердин барагын ачып, сөз байлыгымды кеңейттим. "Семетей" эпосунан кабарым жок эле, аны окуп бүтүрдүм. Андан тышкары быйыл Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин бүтүрүүчүсү болгондуктан, акыркы сессияны онлайн түрдө тапшырдык. Күнү-түнү экзамендик лекцияларды жазып, комуз күүлөрүн мамлекеттик сынакка даярдадым. Дирижёрлук оор кесип. Жалпысынан алганда, карантин убагы текке кеткен жок. Азыр орозо кармап жатам.

– Соңку эки аптада эки акынынан ажырап кыргыз эли, кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Бул жоготуу кандай ойлорго түрттү сени?

Катардагы адам каза болсо билинбей калат. Ал эми замандын аска зоодой залкарларынын удаа көз жумганы жалпы журтту кайгыга салды. Өлүм ак, кеткендер келгендерге орун берет экен. Айла жок, жаткан жерлери жайлуу болсун! Бул инсандар менен маданий иш-чараларда бир-эки жолу бет келишкем. Негедир Элмирбек аганын жанында ырдагандан сүрдөп турчумун. Зайырбек ага “комуз ойноп бересиңби?” деп бир жолу телефон чалып калды. Андан да айбыгып, өзүм барбай, башка комузчулардын номурун бергем. Аттиң, ай, сүрдөбөй-этпей эле жандап жүрө берсем эмне? А бирок, экөөнүн тең ырларын комуздун коштоосунда ырдап жүргөм, ырдай берем. Мисалы, репертуарымда Зайырбек Ажыматовдун "Жарты кайык", Элмирбек Иманалиевдин "Жалгыздыктан жадап бүттүм", "Булбулум" жана башка ырлары бар.

– Көз күйдүргөн бойдоктордун бирисиң, жүрөгүң ээсин таптыбы?

Омар Хайямдын "Үмүтүн жоготкон адам эрте жок болот" деген жакшы сөзү бар. Ошол сыңары бир үмүтүм өмүр жашымда. Канча адам менен таанышсам, ошончо кемчилик чыга берет экен. Менде да кемчилик бар. Ал тилим. А тил болсо, адамдан сен каалаган мээримди, камкордукту көрө албагандыктан күчөйт экен. Сүйүү үчүн жанымды бергим келет. А бирок жанымды бере турган сүйүүнү табуу кыйынга турууда.

– Карантинде “келечек кандай болот?” деген кооптонуу болдубу?

Ааламдагы жандуу жана жансыз кубулуштар Жараткандын кудурети менен бири-бирине жем болууга жана өз ара күч-кубат берүүгө багытталат эмеспи. Бир убакта курал-жарактуу согуш дүйнөнү айланса, учурда вирус күчүндө. Кудайга шүгүр, тирүүлүк улана берет экен. Бирде кайгы тартсак, бирде кубанабыз. Ачыгын айтсам, башында кенебей эле отургам. Кийин дүйнөлүк жаңылыктарды, айрыкча Италиядагы окуяларды көргөн соң коркуу пайда болду. Эркектердин алсыз тартып, үй-бүлөгө жоопкерчилик албай калганы кыз-келиндерди күчтүү кылды. Албетте, жалгыз бой эне мен эле эмесмин. Бирок аялдын тапканы ташыган сайын тартылган балээ сыяктуу. Күнүмдүк ырыскы табылганы менен, заңгыраган үй сала албадым. Коркуудан куткарган алтын апам бар. Апамдын көмөгү менен балам чоңоюп калды. Быйыл буюрса, 1-класстын босогосун аттайт.

– Ырчыларда кошумча киреше деген бар эмеспи? Сенде жагдай кандай?

Кошумча кирешем жок. Жер жамгырга кандай муктаж болсо, мен да кирешеге муктажмын. Менин байлыгым үй-бүлөм, эл берген ак бата, ыйманым жана үмүтүм.

– Көп учурда ырдын тарыхын айтып анан ырдайсың. Бул авторлорду сыйлоо элеби же башка да себеби барбы?

Тарых өзүбүз басып өткөн жол. Башыңдан өтпөгөн окуяны жон териң менен сезип, образдуу ырдаш оңой эмес. Жазма акындардан өтө көп ырлар келет. Дароо текстине көңүл бурам. Өмүрүм жайдак өткөн жок. Кагылдым, согулдум. Ошондуктан кыйшалаңдап жеңил-желпи, сүйдүм-күйдүм дегенден ары өтө албаган ырларды ырдай албайм. Репертуарымдагы Зуура Накетаеванын калемине таандык "Өмүр толкуну" деген чыгарманы бир угарым менен жактыргам. Обону Үсөн Оморовдуку. Сөзу, обону төп келишкен ыр. Уккан адамды ойго салбай койбойт. “Өмүрүң аккан дайра, кайрылып артка акпаган, бүгүнкү күн эртең жок” деген саптары бар. Ошондо өмүрдүн баалуулугун түшүнүп, аз өмүрдө алгылыктуу иш жасап кетиш керек деген бүтүмгө келесиң.

– Акыркы учурда сени катуу ойлонткон, түйшөлткөн эмне болууда?

Өрнөктүү өмүр, кадырлуу карылык жок. Чайыңды ичип алганча чала кайымдыгыңа көз жума турайын деген заман. Жыртыгы жамалып бүтпөй жатканы үчүн алдым-жуттум, кошоматчы, жалаачылар көбөйүүдө. Эгерде өлкөбүз айрым мамлекеттерге окшоп, адамды төрөлгөндөн тарта ичер суусу түгөнгөнгө чейин бардык жактан камсыз кылып койгондо мындай көрүнүштөр болмок эмес. Жокчулуктун айынан нечендеген үй-бүлө урап, балдар жетим калып, тилемчиге айланып, билим албай, өмүр бою оор жумуштарда иштеп, оорулуу болуп калышууда. Мени ушул нерселер түйшөлтүп келет.

– Өзүңдү күчтүү аялзатымын деп эсептейсиңби?

Ооба, бирок апамды көргөндө өзүмдүн алсыз экенимди сезем. Негизи эле кыргыз кыздары күчтүү. Түйшүкчүл, көтөрүмдүү, чыдамкай. Кандай жашоо шарт болбосун көнүп кете турган касиети бар. Алсызмын деп ыйлап-сыктаганың менен, турмуш өз нугу менен кете берет. Турмуштун толкунуна туруштук бере албасаң, анда чөгүп кетесиң да.

– Болочок түгөйүңдүн кандай болушун каалайсың?

Жүрөгүмдү ээлеген адам жүрөгүмдүн кирин кетирүүчү адам. Көңүл жубаткан, кыйынчылыкта кошо ыйлап жатып албай, маселени чечүүнүн жолун таба билген, оптимист, жоопкерчиликтүү, коомдо кадыр-баркы бар, салмактуу адам менин жүрөгүмдүн төрүнөн орун ала алат. Аялдын асыл сапаттарын көрө албаган, жасаган ишин баалай албаган өзүмчүлдөр бар. Андайлар өз жолу менен кете беришсин. Менин сүйүктүүмдүн конфеттей ичи да таттуу, сырты да жылтырак болушу керек.

– Маегиңе рахмат! Өзүң каалагандай конфеттей түгөйлүү бол!


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
rola
2020-05-04 13:41:22
Жакшы маек болуптур.Кичине тилди тыйып койсон,бактылуу болуп жашайсын.
+11
akmanai
2020-05-04 21:26:19
Созмор экен.
+6
Mamiev
2020-05-04 22:57:55
Супер инфо жооп берип койсоңор. Онлайн режимге өттүк дегенинер кандай. Биз ошондо супердин жаңы чыгарылышын окуй албай калабызбы алыста жургондор
+1
admin_portal
2020-05-05 15:03:24
Mamiev, саламатсызбы, карантин болгонуна байланыштуу, гезитке чыга турчу макалаларды сайттан окуй аласыз, гезит убактылуу басылып чыкпай жатат.
+1
Mamiev
2020-05-05 15:54:07
admin_portal,а бул жактан толук макалалар чыкпай жатат го сериал ж.б. Төрт беш макала көрсөтүп турат
+1
admin_portal
2020-05-07 18:41:15
Mamiev, эми толук чыгып баштайт, буйруса гезит да чыгып баштады.
+2
Mirlan27011987
2020-05-05 08:19:59
Кыргыздын айымдары ар дайым ушундай татынакай, сулуу болуп журо бергиле.
+2
mela
2020-05-05 13:13:26
Чайханаларда комуз менен ырдайт.Yчоо.Уну сонун,бийик. Неге сахнага чыкпайт деп койчу элеем
+5
0001KG
2020-05-05 18:51:53
Бул талап кылган жигиттерди алтын балык укса, анында башы катып калат эмне кылаарын билбей.
+8
Asel69
2020-05-05 22:09:28
Аялдар ар дайым озун сулуу, чач жасалгаларын жакшынакай алып жургону жакшы. Сулуулук бар жерде кадыр барк болот.
+2
aydinnur
2020-05-06 20:00:46
Салттуу музыканы жандантып журо бер карындашым,комуз колдон тушпосун!Бирок ,жигит маселесинде планканы кичине тушур,коомго болгон кадырынын сага эмне кереги бар,сага,балана карамдуу болсун деп тиле.
+3
fanatka19
2020-05-07 13:07:54
Жакшы ырдайт айрыкча Тумонбай Колдошевтин бир чыгармасын сонун ырдаптыр.Жигитке болгон талабына караганда бул дагы бир курсактуу чондун аялы болот окшойт.
+4
Dikowka93
2020-05-10 08:53:30
Урматту админ Жозефина деген сериалдын уландысын чыгарабыз дединер элего ошону бутуруп койбойсунарбы
+2
Bdastan
2020-07-20 01:33:31
Хайлайлоо деген эмне анан оолутуу ырбы?!кыйшандап эле бийлеп ырдапсын го
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан