5-МАЙГА КАРАТА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ



КОЙ (21.03-20.04)

Туура түзүлгөн пландар ишке аша баштайт. Балдарды урушуудан карманып, баарын акырын айтып түшүндүрүү керек. Карызы барлар андан кутулуу жолдорун издешет. Тегерегиңизге пикирлеш адамдарды чогулта баштаңыз, кыйын күндө алар сизди колдой ала турган болсун.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Алдоолор жана түшүнбөстүктөр орун алат. Абалды туура эмес баамдап алгандар агрессияга алдырат. Бирөөлөр сизге берген убадасын аткарбай көӊүлүӊүздү калтырат, андайларды сылык-сыпаа гана достордун катарынан чийип салыңыз. Документ менен иштөөдө так болуӊуз. Ал эми дары ичерде анын көрсөтмөсү менен жакшылап таанышыӊыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Талаш-тартыштарга аралашпай, байкоочу гана болуу кажет. Аралашуудан пайда таппайсыз. Уулануунун алдын алып, күмөндүү же эскирип калган тамакты жеп-ичпеңиз. Руханий байлыкты өстүрүүгө киришесиз. Телефон чалуулар көп болуп, айрым маалыматтар көңүлүңүздү көтөрөт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жеңил ойлуулук кылып жакшы бараткан ишти, мамилени бузуп албаңыз. Олуттуу маселелерде өзүңүздү өзүңүз алдап, жубатпаңыз. Баарына реалдуу кароо кажет. Жамааттык иштер жакшы жыйынтык берет. Достордун кеңешин четке какпаңыз, алар бул жолу пайдалуу.


АРСТАН (23.07-23.08)

Ишкерлердин, чыгармачыл адамдардын иши жакшы жүрөт. Курулуш, оңдоп-түзөө иштерин колго алса жакшы. Ички туюм жогорку деңгээлде болот, андыктан чиеленишкен иштердин чечилүү жолдору оңой табылат. Сиздин камкордугуңуз жетишпей жаткан жакын адамыңыздан кабар алуу сунушталат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Эмоция акыл-эске баш ийбей ташкындап кетишинин алдын алуу керек. Болбосо ар ким менен жакшы-жаман айтышып калышыӊыз мүмкүн. Иш баштаарда жыйынтыгы кандай болорун ойлонуу кажет. Шарт жана мүмкүнчүлүк жок болгондуктан бирөөгө убада берүүдөн карманыңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Каржыга байланыштуу иштерди ойлонуп жасабаса чыгым 2 эсе көбөйүп кетет. Иштеги кетирилген кемчиликтер абройду түшүрөт. Өзүңүздү жакшы сезбесеңиз чөп дары ичсеңиз пайдасын берет. Сиздин айыңыздан үйдөгүлөр урушуп калбашы үчүн чындыкты сүйлөп, баарына жылуу мамиле кылуу зарыл.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Тагдырга даттануунун ордуна айлыгы көп жаңы жумуш караштырып, үйдөгүлөр менен жаңы пландарды түзүп, колдоо көрсөтөр адамдар менен жакындашуу зарыл. Эл эмне дейт дегенди жыйыштырып, жашоону оңдоону колго алыңыз. Бирөөлөр менен мамилени такташууңуз мүмкүн. Өрт чыгуу, ысык нерсеге күйүп калуу коркунучу жогору. Этият болуңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Чырлардан, бирөөгө сын айтуудан качуу оң. Келишим менен убактылуу иштегендер ал жерде туруктуу иштегенге уруксат алышат. Бирөөлөрдөн олжо өндүрүүгө ылайык күн, аракет кылып көрүңүз. Саламаттыгыңыз калыпта болот. Кечки эс алууну туура пландаӊыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Кубаныч менен жолу болбостук аралаш күтүлчү күн. Андыктан чымырканып, чыккан маселеге арканы салбай, аны тез чечүүгө умтулуӊуз. Ичте топтолгон букту, ыза-таарынычты үйдөгүлөрдөн чыгарбаңыз. Жан дүйнө тең салмагын сактоону үйрөнүү сунушталат. Айрымдардын муун оорулары козголуп, врачка кеңеш алууга кайрылуулары мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Бирөөлөрдү каралоодон, улуулардын, жетекчинин айтканын тоготпой коюудан карманыӊыз. Зыянын бат эле тартып каласыз. Жеке маселелерди бирөөгө айтуунун кереги жок. Калп эле сизге жан тартымыш болгондор аны жайып жиберишет.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Күн окуяларга, жаӊы маалыматтарга бай болуп, сизди активдүү болууга аргасыз кылат. Азгырмалуу сунуштан баш тартуу сунушталат. Мыйзам чегинде жооп берип каласыз. Жашоо образын, имиджди жаңыртууга, үйдөгүлөргө карата манераны өзгөртүүгө кез келгенин унутпаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан