ЧОЛПОН АЛСЕИТОВА, ЫРЧЫ: “АСКАР ЭКӨӨБҮЗДҮ КАСИЕТТҮҮ САХНА ТАБЫШТЫРДЫ”

Убагында кыргыз эстрадасынын түптөлүшүнө өз салымын кошуп, “Дасторкон”, “Нооруз”, “Биздин жолдор” аттуу ырларды элдин жүрөгүнө жеткире ырдаган ырчы Чолпон Алсеитова менен басып өткөн жолу, чыгармачылыгы тууралуу кенен маек курдук. “Ырчылык талант мага апамдан өткөн, бирок апам ырдаган жок. Атам кызганып ырдатпай коюптур” дейт маектешим.

“Атам ырчы болом дей көрбө дечү”

– Мен 1969-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Нововознесеновка айылында туулуп, тоо арасында жайгашкан, жа­ратылышы кооз айылда чоңойдум. Үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз, 7 кыз, 1 эркек. Атам өмүр бою эсепчи болуп эмгектенди, апам болсо “кызматкердин аялы иштебейт” болуп бизди тарбиялады. Атамдын ишине байланыштуу ата-энем бир айылдан экинчи айылга көчүп-конуп жүрүүгө аргасыз болушуп, биз чоң эненин да тарбиясын алдык. Эжелерим бой жетип, алды турмушка чыгып, кийинкилери окууга тапшырып, тез эле өз-өзүнчө кетишти. Улуу эжем менен жездем “балет мектебине кабыл алуу жүрүп жатыптыр, тапшырып көрсүн” деп сиңдимди алып кетишкен. Көп өтпөй 100 баланын ичинен үчөө гана өткөнүн, алардын бири сиңдим Айнура экенин айтып сүйүнчүлөштү. Байкем да жашы жеткенде аскерге кетти. Ошондо сыртка чыгып эркектин, үйгө кирип кыздын ишин жасап үйдө жалгыз калдым.

Ырчылыкка шыгым кичине кезимден эле байкалды. Мектепте кандай гана маданий иш-чара болбосун мени ырдатышчу. Александра Пахмутованын, Раймонд Паулстун ырларын кадимкидей көзүмө жаш алып угар элем. Мунун баарын байкаган атам “ырчы болом дей көрбө, мен артисттерди жаман көрүп жүрсөм, кыздарымдын баары артист болуп кетти” деп эскертип жүрдү. Анткени эжем Шайгүл Алсеитова Ташкенттен актрисалыкка окуп келди. Кийинки эжем Тамара Алсеитова Политехти кызыл диплом менен аяктап, ошол кездин эң мыкты кызматтарынын бири деп саналган инженер-технолог кесибин таштап, диктор болуп кетти. Сиңдим болсо балерина болууну максат кылып окуп жүргөн кези эле.

“Эстрада ырчысы дегендин да окуусу болот турбайбы деп сүйүнгөм”

– Мектепте окуп жүргөндө эле так илимдерге анча жок элем. Математика сабагын жактырчу эмесмин, тапшырмаларды дайыма атам аткарып берет. Ал эми адабият, орус тили сабактарынан жакшы окучумун. Кийинчерээк англис тилине кызыгуум артып, жакшы өздөштүрүп кеттим. Текшерүү иштерин дайыма жакшы окуган окуучулардан көчүрүп жүргөн жаным, аларга англис тилинен жардам бере баштадым. Ошондо “мен деле жакшы окуй алат экенмин” деп өзүмчө кубанганым эсимде. Ичимден эгер ырчы болууга уруксат беришпесе, анда стюардесса болом деп пландай баштадым. Мектепти аяктаган соң атамдын тилин алып “англис тили мугалими болом” деп шаарды көздөй жөнөдүм. Экзаменге Тамара эжем экөөбүз бармай болдук. Шаардыктарга окшошуп чачты жазып алгым келет. Эжем “мугалимдерге тыкан кыздар жагат, жый алдагы чачты” деп тасырайтып өрүп салат. Ого бетер жиним келет. Ошентип экзамен күнү да келди, “өтсөм өттүм, өтпөсөм жок” деп кайдыгер болуп турдум. Тил боюнча сынактан жакшы баа алып, ал эми түшүнүк жазуу сынагынан кулап калдым. Эртеси окууга өтпөй калганымды укканымда сүйүнгөнүмдү айтпа.

Бир күнү улуу жездем Жаныш Кулманбетов “Чолпонду кыйнабагыла, эч кандай мугалим же стюардесса болбойт, ырчы болот. Филармониянын алдындагы эстрадалык студияга тапшырат” деп калды. Ошондо “эстрада ырчысы болуунун да окуусу болот турбайбы” деп сүйүнүп кеттим. Анан ошол студияга бардык, экзамен тапшырганы келгендер көп экен. Комиссияда отургандар бирден ыр ырдатып көрүп эле, өткөнүн же өтпөгөнүн дароо айтып жөнөтүп жатышты. Мен ырдап бүткөндө дагы бир ыр ырдап берүүмдү суранып калышты. Дагы ырдатып көрүшүп, “бул бизге табылга болду, дапдаяр кыз экен” дешип окууга кабыл алышты. Ага кошо айтылуу “Наристе” ансамблине солист болуп кирдим. Үйдөгүлөргө окууга да, ишке да киргенимди айтсам, “кантип эле тиешелүү билими жок кызды ишке алышты?” деп таң калышкан. Бир айдан кийин ансамбль жаңыланып, “Ариет” эстрадалык ансамбли деп өзгөрдү.

“Дасторкон” ыры акжолтой ыр болду”

– Ошентип, чыгармачылыкка аралашып жүрүп окуумду аяктадым. “Ариет” ансамбли дүңгүрөп, күндөн-күнгө популярдуулугу артып баратты. Топтун курамында мен, Алина Жетигенова, айтылуу Токтогул Сатылгановдун небереси Медер Токтогулов жана башкалар бар эле. Алина экөөбүз ошол жылдардан бери эже-сиңди, курбубуз.

1986-жылы Ташкентте бүткүл союздук республикалар арасындагы өнөрпоздор сынагында биринчи орунду багынттык. Көп узабай ансамбль Москвага сапар тартты. Медердин комузда кол ойнотконун көрүп Алла Пугачёва аябай таң калган. Кийин ансамбль тарап кетип, 1988-жылы филармониянын алдындагы Марат Алыбаевдин “Таазим” тобунда иштеп калдым. Кийинки жылы Аскар Карыбаев филармонияга музыкалык жетекчи болуп келди. Ал кезде эстрада жанрында аткарууга ылайыктуу ырлар жетишсиз эле. Ошол жылдары Аскар менен Тарас Асанакуновдун жараткан чыгармалары талашка түшүп, эстрадада жаңылык жаралды. 1990-жылы “Дасторкон”, “Атама кат”, “Алгачкы махабат” деген чыгармалар менен жеке ырчы катары элге таанылдык. Акын Эгемберди Эрматовдун сөзүнө жазылган “Дасторкон” ыры мен үчүн ак жолтой ыр болду. Бул чыгарманы Алина экөөбүз дуэт аткарып чыкканда ошол кездеги “Мыскыл жана тамаша” берүүсү кадимкидей жандана түшкөн. Ал кезде эстрада жаатында экөөбүзгө атаандаш жок эле. Кээде ошол жылдызым жанып турган күндөрдү сагынам. “Мен да убагында жылдыз болгон экенмин” деп калам. Мезгил деген көз ирмем экен, ал күндөр эми кайтпайт.

“Турмушка чыкканымды эжемдерге айтпай жүрдүм”

– Аскар (ред.: Карыбаев) экөөбүздү чыгармачылык, касиеттүү сахна табыштырды. Анын чыгармаларын мен жаңыдан ырдай баштаганда гастролго чыкмай болуп калдык. Тамара эжем Аскарды жетекчим катары үйгө чакырып, “сен турмушту көрүп калган экенсиң. Сиңдим жаш, көз сала жүр” деп мени табыштап жатпайбы. Барган жерибизде баарын коноктоп, сыйлап чакырышат. Менин да баргым келет, бирок Аскар “эжең сени эч жакка жибербе деген” деп мени жөнөтпөйт. Ошентип жүрүп сыйкырдуу сүйүүгө кабылдым. Башында менден 9 жаш улуу, биринчи турмушунан ажырашкан, баласы бар адам деп чочуладым. Бир чети жаштыгым, анын ырларына да байланып калдым. Тагдыр экен, Аскар экөөбүз эч кимге билдирбей бир жылдай кыз-жигит катары жолугушуп жүрүп, кийинчерээк баш кошуп алдык. Эжелериме турмушка чыкканымды айткандан коркуп, билдирбей жүрө бердим. Акыры кош бойлуу болгонумда ачыгын айтып, эжемдин үйүнөн Аскардын үйүнө кетишим керек болду. Ошондо да эжеме эмес, сиңдимди чакырып айттым. “Мен үйдөн кеткенден кийин гана эжемдерге айт” дедим. Экөөбүз кучакташып алып ботодой боздоп ыйлап жатабыз десең (күлүп). Ошентип, Аскар менен кеттим. Экөөбүз кайнагамдын үйүндө бир жума туруп, анан Балыкчыга жол тарттык. Аскар биринчи турмушунан ажырашкандан кийин көп убакыт бойдок жүрүп калган экен. Мени алып барганда кайненемдер аябай кубанышкан.

“Очор-бачар үй-бүлө болдук”

– Андан бери 30 жылга чукул убакыт өтүптүр. Улуу балабыз Улан 3 балалуу болуп калды, кызыбыз Айжамал быйыл 28 жашка толду. 2 баланын энеси. Андан кийинкибиз Айжаркын, жолдошу – күйөө балабыз ырчы Бек Исраилов. Андан кийинки эгиз кыздарыбыз 11 жашка толушту.

– Маегиңизге рахмат! Үй-бүлөңүз менен бактылуу болуңуз!

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
akmanai
2020-05-11 21:27:23
Мага жагат ушул эже, уй булосу менен. Татынакай жагымдуу эже.
+2
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан