АЛТЫНБЕК СУЛАЙМАНОВ: “КИМ ДЕПУТАТ БОЛОРУН ЭЛ ЧЕЧСИН”

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов келерки парламенттик шайлоону жаңы систем менен өткөрүүнү сунуштоодо. Ал сунуш кылган системдин негизги өзөгү – эл партияны гана эмес, анын тизмесиндеги талапкерди да тандайт. Тагыраагы, мурдагыдай эл шайласа-шайлабаса да тизменин алдыңкы сабында тургандар гана же тизменин аягында болгонуна карабай акчанын күчү менен мандатка ээ болуу көрүнүшүн жоюуну сунуштоодо. Мисалы, партия босого чектен өтсө тизмеде 90- же 115- болуп турган талапкер да парламентке өтүшү мүмкүн. Мындайда талапкер алдыңкы “ондук” же “жыйырмалыкка” кириш үчүн эмес, элден добуш алуу үчүн күрөшөт.

“Бул систем менен чыныгы элдик лидерлер, кесипкөй, жаратман, билимдүү, элдин ишенимине татыктуу болгон депутаттар шайланат. Тааныш-билиштикке, жердешчиликке, кокустан багы ачылгандарга эшик жабылат”,- дейт Сулайманов.

Бул идея көптөн бери коомчулукта, шайлоо темасына арналган жыйындарда талкууланып жүрөт. Көпчүлүк эксперттер, жарандык активисттер сөз болуп жаткан шайлоо системи адилеттүү болот деп жатышат. Бир гана шартта – эгер шайлоо таза өтсө. Анда акчадан башка таянары жоктор, аты-жыты белгисиздер партиянын алдыңкы орундарын сатып алып парламентке келе албай калышат деген пикир басымдуу.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо мыйзам боюнча 2020-жылдын октябрь айында өтүшү керек.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан