2020-жылы 5-майда эгемен Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясынын кабыл алынганына 27 жыл болду. Буга карата президент Сооронбай Жээнбеков элди куттуктап, анда Баш мыйзамдын ордун белгиледи.
“Конституция – Кыргыз мамлекетинин дүйнө коомчулугунда демократиялык мамлекет катары ордун бекемдөөгө, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө укуктук негиз болду. Башкы мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик. Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү – биздин негизги милдетибиз”,- деди президент.
27 жыл ичинде Конституцияга 10го жакын ири өзгөртүүлөр киргизилген. Ал өзгөртүүлөр ошол кездеги президенттердин таасирин, бийлигин күчөтүүнү көздөгөн. 2010-жылы кабыл алынган жаңы Конституция менен өлкө парламенттик башкаруу жолун тандап алган. 10 жыл өттү, иш жүзүндө Кыргыз өлкөсү дале президенттик башкаруудан кете албай жатат.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg