ӨЛКӨ ГЕРМАНИЯНЫН КАРЖЫЛЫК КОЛДООСУНАН КОЛ ЖУУЙБУ?

Германиянын эл аралык кызматташуу уюму (GIZ) Кыргыз өлкөсүнө каржылык колдоо көрсөтүүнү токтотот. Бул тууралуу 6-майда аталган өлкөнүн Кыргыз жериндеги элчилиги билдирди.

“Германиянын өнүгүү кызматташтыгынын мазмуну, процесстери жана түзүмдөрү жаңыртылып, өнөктөш өлкөлөрдүн саны кыскарат. Башка мамлекеттер сыяктуу эле Кыргыз өлкөсү үчүн жакынкы бир нече жыл аралыгында техникалык жана каржылык кызматташтык боюнча эки тараптуу программалар ырааттуу түрдө токтотулат. Мурда макулдашылган же ишке ашырылып жаткан долбоорлордун баары токтотулат. Бул чечим Кыргыз өлкөсү дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирбейт деген баа берүүгө негизделген”,- деп билдирет Германия тарап.

Каржылык кризистин оозунда турганда Германиянын колдоосунан ажырап калуу өкмөткө сезилерлик сокку болору талашсыз. Бул үчүн “тышкы мамилени жөнгө сала албай жатат” деп жарандык коом ТИМди сындап жатат.

Аталган уюм 1990-жылдардан бери Кыргыз өлкөсүнүн билим берүү, саламаттыкты сактоо жана жаратылышты коргоо тармагындагы долбоорлорун колдоо үчүн каражат бөлүп келген. Өлкөнүн туруктуу каржылык өнөктөшү эле. Соңку каржылык колдоосу тууралуу айтсак: коронавирус илдетине каршы күрөшүү үчүн GIZ грант катары өлкөгө 550 миң евролук гуманитардык жардам бергенин вице-премьер Эркин Асрандиев билдирди.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан