Парламент депутаттары өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевден активдүү болууну, элге так маалымат берүүнү талап кылып жатышат. Премьердин дарегине Жогорку Кеңештин 6-майдагы жыйынында сын-пикир көп айтылды.
Депутат Мирлан Жээнчороев башта коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге 200 миң сомдон төлөнөрү айтылып, эми 100 миң сомдон төлөнөт деген сөздөр чыкканын, буга өкмөт башчы так жооп бериши керектигин айтты.
“Бул алдамчылык. Милдеттенмесин аткара албаган өкмөт отставкага кетиши керек же ачыгын айтып кечирим сурашы керек”,- дейт Жээнчороев.
Вице-премьер Акрам Мадумаров дарыгерлерге өкмөттүн токтомуна жараша компенсация төлөнөрүн, бул үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн айтты.
Буга чейин "коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге 200 миң сом, эгер дарыгер бул илдеттен каза тапса 500 миң сом берилет" деген маалыматтар айтылган.
Айрым депутаттар эл арасында "быйыл жай айларында пенсия, жөлөк пул берилбейт" деген маалымат тараганын, буга премьер-министр так жообун айтышы зарыл экенин белгилешти.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg