Ысык-Көл облусунун башчысы Акылбек Осмоналиевге эскертүү берилгенин 6-майда өкмөттөн билдиришти. Себеп – жетекчинин өз билемдиги. Буга чейин облустук ыкчам штаб Ысык-Көл облусуна кирүүгө тыюу салган, ал эми кирүү учурунда жарандардан коронавирус бар же жок экенин аныктаган тесттен өткөнү тууралуу маалым кат талап кылышкан. Бул аракет жарандар арасында катуу нааразычылык жаратып, "өкмөт элге каршы иштеп жатат" деген сындарды күчөткөн. Кеч болсо да өкмөт катачылык кеткенин моюнга алып, “макулдашпастан чечим кабыл алган” деп облустагы өкүлү Осмоналиевге эскертүү берди.
"Бул чечимдер республикалык ыкчам штабдын сунуштамаларына жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген иш-аракеттердин алгоритмине дал келбейт. Тийиштүү алгоритмде каралган учурларды эске албаганда, жарандардан облуска, шаарга, районго жана башка калктуу конуштарга киргенде COVID-19 жок экендиги тууралуу маалымдама талап кылуу туура эмес",- деп жазылат маалыматта.
6-майда облустук штаб Ысык-Көл аймагына киргендерден вирус жуктурбаганын ырастаган маалым кат талап кылынбай турганын, бирок алар 14 күндүк үй карантинине алынарын билдирди. Облустук штаб муну Бишкек шаарында коронавирус боюнча абал жакшырбай жатканы менен байланыштырды. Ал эми облус тургундарынын сыртка чыгуусуна эч кандай тоскоолдуктар жок.ў
Автандил Добулбеков
politika@super.kg