ТАЛАНТ КАДЫРОВ, ЫРЧЫ: “ЖАЛГЫЗ БОЙ АПАМ БИЗДИ КЫЙНАЛЫП ЖҮРҮП ЧОҢОЙТТУ”

Көп инсан апасын айтканда, ал тууралуу сүйлөгөндө ууртунда күлүмсүрөө пайда болуп, балалык убагына кайткандай жүзү жумшара түшөт эмеспи. Атактуу ырчы Алтымыш Кадыровдун жана актриса Рая Нургазиеванын уулу, ырчы Талант Кадыров апасы тууралуу айтып берди.

 

«АТАМ АПАМДЫ ЖАКШЫ КӨРҮП КАЛЫП АЛА КАЧЫП КЕТКЕН ЭКЕН»

– Атам Ош жергесинен, апам Нарындын Ак-Талаа районунан болот. Атам Ак-Талаага гастролго барып, апамды жакшы көрүп калып ала качып үйлөнгөн экен. Апам мени 18 жашында төрөптүр. Ош шаарында атактуу адамдар менен чогуу жүрүшүп, анын ичинен ырдын пири Рыспай Абдыкадыров “уулуңардын атын Талант койгула” деп атымды ошол киши коюптур.

Апамды сагынган учурларым бала кезимде болду. Ал бизнес кылып Кытайга кетип, бизди айылга таштачу. 3 айлык каникул мен үчүн бүтпөй кыйналчумун. Апамды сагынып “бизди алып кетсе” дечү элем. Апам бир чети бизди айылдын жашоосун көрсүн, бышсын деген ойдо жиберчү экен. Айылды аябай жаман көрчүмүн, деги эле жумуш бүтчү эмес, тескерисинче, азыр айылга көп баргым келет. Эмнегедир айылдын жашоосу мага жагымдуу сезилет.

Мен улуусу болгонум үчүн апам көбүрөөк инимди эркелетет. Кичүүсү болгонго жакшы көрөт болуш керек деп ойлой берем. Мени менен кеңешип, кайсы бир маселелер тууралуу сүйлөшөт.

Бала кезибизден эле атам менен апам эки ара жолго түшүп, бизди апам тарбиялады. Атамды гастролдоп келгенде эле көрчү элек. Биздин ушул даражага жетип чоңоюшубузга апамдын эмгеги чоң.

Жалгыз бой апам бизди кыйналып жүрүп чоңойтту. Ал күндөрдү эстеп “апам кыйын экен” деп калам. Апам бир учурда эки жумушта иштеп, эки окуу жайда окуган учурлары болду. Кыйналып жатканын билдирбегенге аракет кылчу. Ал күндөрдү көп деле эстегибиз келбейт. Алдыда жакшы, ынтымактуу күндөрүбүз бар.

Апамдын сабизден жасалган оромосун жакшы көрөм, пловду жакшы басат, "фирменный" тамагы беш бармак деп айтсам болот. Ушуларды сагынып, сүйүнүп жейм.

 

«АПАМДЫН 5 БИЛИМИ БОЛСО ДА, ДАГЫ ОКУГУСУ КЕЛЕТ»

– Апамдын бетке айткан сапатын баалайм. Ашкере чынчыл адам, кээде ошол чындыкты оор болсо да “көңүлү калып калбайбы?” дебей айтып салат (күлүп). Бетке айткандын заары жок деген апама тиешелүү сапат. Анан мени таң калтырган сапаты – анын "дайыма алга!" деген ураан менен жашаганы. Азыр апамдын 5-6 билими бар, дагы деле “окусам” деген каалоосу күч. "Колуңдан келсе оку, заман кандай өзгөрүп кетет ким билет?" дей берет. Апамдын демилгеси менен мен да быйыл бир окууга тапшырам деп турам. Ал кайсы кесип, азырынча сыр болуп турсун.

Апам өмүрүн бизге арнады, кичине кезимде апамды катуу кызганчу элем. Акыл-эсим кире баштаганда жалгыздык жаман экенин түшүндүм. Мусулманчылыкта уулу апасына “турмушка чыгыңыз” деп үч жолу ыраазычылык айтыш керек экен. Мен көп жолу айттым, азыр деле айтып келем. "Жалгыздык кимге болсо да оор, сиз бактылуу болсоңуз, биз да бактылуу болобуз" дейм. Айтсам эле сөздү шарт кесип “жок” дейт. Турмушка чыккысы келсе кичинекей кезибизде эле чыгып кетмек болсо керек, өзү каалабайт окшойт.

 

«АЖЫРАШЫП КЕТСЕ ДА АТАМДЫН ТУУГАНДАРЫ МЕНЕН КАТЫШТЫРДЫ»

– Апама менин эмоционалдуу мүнөзүм окшош. Боорукер, ар нерсени жүрөгүнө кабыл алат. Кайгылуу кино көрсө да көзүнө жаш толуп кетет, меники да ошондой.

Апам акылдуулук кылып, атам менен ажырашкандан кийин анын бир туугандарынан кол үздүргөн жок. “Атаңар тарбия бербесе, бир туугандары берет” деп айылга көп жиберчү. “Туугансыңар” деп кулагыбызга куйчу. Ушуну туура кылганын азыр туйдум.

Бир жолу айылда атамдын туугандарыныкында жүргөнбүз. Саматтын туулган күнүндө “Ошко жиберет болуш керек” деген ойдо атамдын бир тууганына “бүгүн Саматтын туулган күнү” деп айтып жатпайымбы. Оюмда акча берип Ошко жиберет болуш керек дегем. Ал "ии, жакшы. Туулган күнүң кут болсун! Эми айры менен тырмоокту алып ишти бүтүрө калгыла" десе болобу. Ушинтип турмушта көп нерсеге даярдалган экенбиз.

 

«МЕНИН ФОБИЯМ – АПАМДЫ ЖОГОТУУ»

– Апам эртең менен жумушка кетип, кечинде келип, тамак ичип жатып калчу. Дем алыш күндөрү да шеринелеп үйдө болчу эмес. Карантин учурунда эле үйдө болуп, неберелерине көңүл буруп калды. Балдарым мага жакын деп ойлочумун, азыр карасам чоң энесине жакын экен.

"Апанын таманынын алдында бейиш бар" дешет. Азыр ооз ачып жатканда “апама өмүр бер, ден соолук бер” деп жалынып турам. Менин фобиям – апамды жоготуу. Эч качан эч ким апасын жоготпосун. Апалар көп жашасын!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nina.alex
2020-05-14 09:25:10
Неинтересна
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан