Балалык таттуу, эч нерсе менен ишибиз жок сонун курак тура. Андагы көз ирмемдерди эстеп бир жылмайып алуунун өзү ырахат. Бул ирет ырчы Кудайберди Айтбосунов менен балалык күндөргө сапар тарттык. Айылда эшек, ат минип, кой кайтарган, мектепте биринчи атаман болгон ырчынын балалык кези кызыктуу өтүптүр.
“ЭШЕКТИ МЕРСЕДЕС ЭЛЕСТЕТИП МИНЧҮМҮН”
– Менин балалыгым Бишкекте жана Ысык-Көлдө өттү. Өзүбүз Бишкекте жашадык. Атамдын да, апамдын да туугандары Көлдө жашагандыктан, каникулда дайыма байкемдердин же таякемдердин жанына кетчүбүз. Мага ошол айылда көчөнүн чаңын сапырып ат, эшек минип ойногон, кымыз ичип, жаңы бышкан нанды каймакка малып жеген, эртең менен боз үйдө же палаткада ойгонгон жакчу.
Чоңойгондо “Боз салкын” тасмасындагы Сагын менен Асемадай айылда жана тоодо жашайм дечүмүн. Айылда жүргөндө таң эрте саат 5те турчубуз. Биз турганча ат токулуп калар эле. Аны минип алып, айылдагы жаш балдар чогулуп тоого кой кайтарганы кетчүбүз. Мен анда ат минип жүрсөм эле жашоого ыраазы болчумун. Андан башканын мага кереги жок эле. Чоңойгондо анчалык ат менен “оорубай” калдым.
Менден бир жаш улуу таякем, анан бизден кичүү бөлөбүз болуп эшек минип ойноп, жумуш кылар элек. Эшектерибизди бизге жаккан унаа деп элестетип алып жыргап жүрө берчүбүз. Бөлөмдүн эшеги Хаммер, меники Мерседес, таякемдики БМВ болчу. Бир күнү ошол “унааларыбызга” отун артып келатсак, жолдон үркүп кетишти. Отундарыбыздын баары чачылып, биз балтабызды жана кайтарып жүргөн уюбузду жоготуп алганбыз. Үйгө барганда таякем бизди сабаган. Өңгүрөп ыйлап алып апама барсам, ал мага болушпай койгону эсимде. “Эмнеге болушпай койду экен?” деп мына, дагы эле эстеп жүрөм (күлүп). Таякем эртеси эртең менен тургузуп, үчөөбүздү "балта менен уйду таап келгиле" деп жөнөткөн. Кечээ келген жолубуздан издеп жүрүп, атчандарга жолугуп калдык. Көрсө, балтабызды ошолор алып коюшуптур. Аларга “балтаны бергилечи, таякем уруп жатат” деп ыйлап жатып араң алганбыз. Анан элден сураштырып жатып уйду да таап келдик. Уй бирөөнүн буудайын аралап кеткен экен, ал киши сарайына камап коюптур. Таякем экөөбүз кайра аны сарайдан “уурдап” кеткенбиз.
Атамдын туугандары Ак-Сууда жашашат. Ал жакка автобус менен барчубуз. Жолдо баратканда апам автобустун ичиндеги жүргүнчүлөр арасында ыр кесе уюштура калчу. Өзү ырдап бүтүп, “уулума берем кезекти” деп ыр кесени мага узатып коёр эле. Ошентип апам экөөбүз автобустагы элге ырдап, маанайын көтөрчүбүз.
“МУШТАШАМ, БИРОК ТАЯК ЖЕЙМ ДЕП ОЙЛОДУМ”
– 9-класска чейин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатта окудум. Ошондо эле 1-2-класстардын баарын тизчүмүн, биринчи атаман болчумун. Башка мектептин балдары менен мушташып, кичүүлөргө “налог” салып, өзүбүздү кыйын сезип эле жүрчүбүз. Начар окучумун.
Интернаттан үйгө ишемби жана жекшемби күндөрү гана келчүбүз. Чоң ак сумкама китептеримди, эки пакетке кийимдеримди салып эки колума көтөрүп алып үйгө келчүмүн. Үйгө келсем бир жума мени көрбөй сагынган апам аябай эркелетчү. Кээде аймактардан келип, жума сайын үйүнө кете албаган досторумду ээрчитип барчумун.
Туулган күндөрүмдө 15-20 чакты баланы ээрчитип келер элем. Апам дасторкон жаят. Азыр эстесем, ата-энем мага эч качан “жок” деп айтышпаптыр. Эмне кылсам да колдоп, баарына макул болуп турушчу. Баарыбыздын курсагыбызды тойгузуп, апам 20 чакты балага төшөк салып берчү. Эртеси ар бирибизди ваннага киргизип жуунтуп, баарыбыздын кир кийимдерибизди жууп, кургатып, тамактарыбызды салып кайра мектепке жөнөтчү. Ошентип окуп жүрүп, үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу 9-класста №39 мектепке орус класска которулдум. Кыргыз класстан орус класска барып, тилден бир аз кыйналдым. Бирок тез эле үйрөнүп кеттим.
Кошуна бала экөөбүз чогуу бир класска кирип калдык. Экөөбүз тең арык, кичинекейбиз. Ал жакта классташтарыбыз далдайган, бизден бир жаш улуу балдар болчу. Музыкалык мектепте башка мектеп программасынан алдыда окучубуз. Ошол себептүү жөнөкөй мектепке барганда 8-классты аттап, 9-класска отургам. Анткени биз 8-класстын сабактарын окуп койгонбуз. Ошентип биринчи сабакка кирсек эле артымда отурган чоң бала далымдан түртүп калды. “Сабактан кийин дааратканага чыкчы, уктуңбу?” деди. “Мушташам, бирок таяк жейм” деп ойлодум. Доскада бирөө бир нерсе жазып жаткан болчу. Карасам, ал Максат деген кошунам экен. Максат ал класстын атаманы экен. Менин бир тууган байкем Рысбек дагы ошол мектепте окучу. Сабактан кийин Максат сыртка чыгып, “бул Рысянын иниси” деп балдарга тааныштырып калды. Ошол маалда байкемдин классташтары жанымдан өтүп калып, “кандай, Кудайберди? Эч ким тийишкен жокпу?” деп сурап калышты. Ошентип аларга таянып кыйын болуп калдым. Тиги балдар да тийишпей калышты.
Ошол мектептен иш-чараларда ырдап баштадым. Музыкалык мектепте ырдачу эмесмин, ал жакта пианинодо, виолончелде ойноп, хордо гана ырдачумун. Ырдап, пианинодо ойноп берсем кыздар жаныма үйүлүп калышар эле. “Жакшы ойнойт экенсиң” деп коюшса өзүмдү кыйын сезип алчумун. Сүйүшкөндөр күнүндө кыздардан “валентинка” жайнап келчү. Бир ирет Дима Биланды туурап чачымды өстүрсөм, мени туурап мектептеги балдардын баары чачтарын өстүрүшкөн. Ошентип ырчылык талантым ошол мектепте ачылып, кийин ошол жол менен кетпедимби.
Үйдө 3 бир тууганбыз. Эжем менден 10 жаш улуу. Аны менен уруша алчу эмеспиз, айтканын аткарчубуз. Рысбек байкем менден 3 жаш улуу. Экөөбүз мушташа берер элек. Бир ирет жиним келип байкемдин жаңы алган спорттук бут кийимин айрып салгам. Ал ыйлаган бойдон мени кууп барып сабаган.
Эстесем, ата-энем мени такыр урчу эмес экен. Кичүү деп эркелетишчү. Апам “алтыным, күмүшүм” деп коноктордун көзүнчө деле эркелете берчү. Мен уялып, “эркелетпеңизчи” деп суранчумун. Азыр коноктордун көзүнчө апамды “алтыным го, ананайын, Деркембаева Светлана Карыпбаевнам го менин” деп эркелетем. Ушинтип өч алып жатам (күлүп).
“БЕЛГИЛҮҮ КОМУЗЧУ КЫЗДЫ СҮЙГӨМ”
– Мендеги сүйүү 1-класста эле башталган. Айылда жүргөндө Перизат деген кызды сүйүп калып, апама “ушул кызга үйлөнөм” дептирмин. Көрсө, ал биздин тууганыбыз экен. Апам “болбойт, ал биздин тууган” деген. Кийин 5-класста азыр белгилүү комузчу кызды сүйгөм. Ал менден бир класс өйдө окучу. Аны үйүнө чейин узатып барып, апасы экөөнө балмуздак, шоколад алып берип үйүнө киргизип койчумун. Ал кезде WhatsApp, Telegram дегендер жок. Экөөбүз бири-бирибизге сүрөтүбүздү бергенбиз. Кечинде ал кыздын сүрөтүн кучактап уктачумун. Экөөбүз жарым жылдай сүйлөшкөндөн кийин ал менден 3 жаш улуу баланы жакшы көрүп калган. Таарынып, жаман болгом. Андан кийин №39 мектепте окуп жүрүп Адинай деген сары кызды сүйдүм. Апама келип, “апа, мен Адинайды алам” десем, апам “койчу, бул деген тоок сүйүү” деген. Мен “кайдагы тоок сүйүү, чоңоюп калбадымбы” деген элем. Анда 9-класс болчумун.
Чын эле өзүмдү чоң сезчүмүн. Эсимде калганы ушул окуялар. Балалыгымды эстесем, ушинтип бир жылмайып алам.
Перизат Музуратбекова
sport@super.kg