ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 11-МАЙДАН 17-МАЙГА ЧЕЙИН


 

 

КОЙ (21.03-20.04)

Планеталардын таасиринен энергия, максатка максималдуу күч жумшоо менен жетүүгө умтулуу күчөйт. Түрдүү тоскоолдуктар чыгышы мүмкүн. Тез бүтүрөм деген иштериңиз туура болуп жатабы, анализдеңиз. Талаштан улам чырдашып кеткен тааныштарыңыз болсо жарашыңыз. Жашоону өзгөртүү үчүн олуттуу чечим кабыл алууну чечесиз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Окуу, иш, тил үйрөнүүгө байланышкан маселелер бат чечилет. Айлык мурункудан азая тургандыктан, акчаны канткенде көп табуу керек деген суроо ойлондурат. Бирге иштешкен өнөктөштөр менен олуттуу сүйлөшүүлөр болот. Жан шериктер бири-биринен жадагандыктан, жалгыздыкты самашат. Балдар жана ден соолук маселе жаратпайт


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Пландарды ишке ашыруу үчүн чечкиндүү жана так болуу керек. Сүйүктүү адамыңыз менен мамилеңиздин туруктуу болушуна жетишиңиз. Жаман маанайдын арты менен бирөөгө жаман сүйлөп албаңыз. Кийинүү стилиңизди, чач жасалгаңызды өзгөртүүгө ылайыктуу апта. Демилге көтөрөм деп жаныңыздагыларга жаман көрүнүп калууңуз мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптада ак-кара аралаш жүрөт. Бир жагынан каржылык абалыңыз оңолушу мүмкүн, анткени сизге кошумча иш жүктөлөт. Экинчи жагынан тартип сакчылары менен эсептешип калышыңыз ыктымал, сак болуңуз. Диетага отуруп, организмдеги шлактардан арылып, жеңилдөөнү колго алыңыз. Көксөгөн бкюмуңуз колуңузга тийиши мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)

Талант жана жөндөмдү көрсөтүп көзгө илинип алууга ылайыктуу кез. Ишти жекече бүтүрүп көнүүгө умтулуңуз. Сизге керек болчу маалыматтар менен достор камсыздап турмакчы. Психологиялык комплекстерден арылуу жолдорун өздөштүрүү керектиги билинет. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн маселесин чечүүгө убакыт бөлөсүз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жакындарыңыздын же бирге иштешкендердин ачуусуна тийбөө үчүн амбицияны ооздуктоо керек. Тагдырдын колдоосун сезесиз. Кайсы иш кандай жыйынтык алып келерин алдын ала сезе билүүгө умтулуп, ошого жараша аракет кылуу сунушталат. Көз караштары бир адамдарга жакын болуп, жаңычылдыкка умтулуңуз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Ишти жакшы уюштуруп албасаңыз натыйжа чыгышы кыйын. Бараткан жолуңузду так аныктап алууга мүмкүнчүлүк бар. Көп ишти пландабаңыз, убакыттын жетишсиздиги стресске жеткириши мүмкүн. Тоскоолдуктарга туруштук берүүгө даяр туруңуз. Көңүл ачууга себеп табылат. Толук кандуу эс алууну, бош убакытты спортко же хоббиге арноону эскертебиз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Аптанын башында энергиянын аздыгы активдүү болууга жеткирбейт. Болуп жаткан окуяларды, өзүңүздүн жашоону сырттан карап баам салыңыз. Эмнеге умтулуу, эмнеге өзгөртүү киргизүү керектиги ачыкталат. Жакындарга кубаныч тартуулаңыз. Аптанын калган күндөрүндө чөйрөдөгүлөргө чекти сактап мамиле кылыңыз.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жоопкерчиликтен качпай, жүктөлгөн ишти аягына чыгаруу керек. Баары кыйынчылыксыз, тез бүтөт. Өзгөрүүлөр жакшы жакка алып бараткандыктан санаа чегүүнүн кереги жок. Аброй түшпөш үчүн өз позицияңызды коргоңуз. Депрессияга жол бербей сейилдеңиз, жакын адамыңыз менен сырдашыңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Чөйрөдөгүлөрдүн ыгына кирбөө, принциптериңизди өзгөртпөө сунушталат. Кыйынчылык тең салмагыңыздан чыгарып жиберүүсү ыктымал. Жашоодо баары жипке тизгендей болбостугун эске алып, чыйралуу керек. Жаңы ишти баштаарда керектүү адистен кеңеш алыңыз. Сүйүктүүңүз менен жолугушуу уюштуруңуз, жашоого кумарланыңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эркти бек кармап, көп нерсени бүтүрүүгө жетишүү керек. Кийинки аптадагы ийгилик да азыркы аракетиңизден көз каранды. Жаңы таанышуулар пайдалуу болмокчу. Соода тармагындагылар, бизнесмендер ишкердигин өнүктүрүүгө киришишет. Апта акырында ойлонбой сүйлөнгөн сөз чырга жем таштайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


БАЛЫК (20.02-20.03)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Аптада ишке ашкан идея кубаныч тартуулайт. Демилгени өз колуңузга алыңыз. Сарамжал болуп, эң керектүүлөргө гана акча жумшаңыз. Үйдөгүлөр менен чакан да болсо эс алуу уюштуруп, балдарга кыймылдуу оюндарды ойнотуңуз. Ден соолукка кам көрүп, таза абага көп чыгуу сунушталат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан