Учурда өлкөдө көпчүлүк элдин абалы оор. Коомдун аярлуу катмары саналган үй-бүлөлөрдүн абалы андан да оор. Карантин башталгандан бери жардам берип, жан кейиткен абалдагы жарандар тууралуу видеолорду жарыялап жаткан шоумен Эрнест Бөрүбаев маек төрүбүздө.
– Эрнест мырза, алгач ден соолукту сурашып алалы. Анткени кооптуу күндөрдө узак убакыттан бери эл арасында жүрөсүң...
– Ден соолук Кудайга шүгүр. Эң негизгиси, өзүбүздү абайлап бардык эрежелерди сактап жатабыз. 2-3төн ашык адам топтолбой, аралыкты сактап жатам.
– Карантин учурунда элге жардам берүүнү кантип баштап калдың?
– Биздин "Өзгөн өнөрпоздору" деген бирикмебизден Алтынай Нарбаева апабыз акча топтоп, демилге көтөрүп чыккан. Алгач Талант Сагынбаев, Сагын Эргешов деген инилер болуп 4 адам жардам берүүнү колго алганбыз. 2 күн жардам көрсөткөндөн кийин токтоно албай калдык. Себеби элдин ыйлаганын, кыйналганын көрүп жүрөк чыдабайт экен. Алтынай апабыздын курбулары да кошулуп, алар азыркыга чейин биз менен жардам берип жатышат. Карындашым Кызсайкал Бөрүбаева, ырчылар Анжелика, Бактыгүл Бадыева да биздин катарга кошулду. Ыктыярдуу топ 9 адамдан турат.
– Жакында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун коомдук кеңешчиси болуп дайындалдың...
– Кырдаал башталганда эле блокпосттордон өтүү кыйын болду. Шаардын ичинде кээ бири өткөрөт, кээ бири кыйнайт. Бизге кайрылгандардын абалы өтө оорлорун биринчи кезекке коёбуз да. "Балдарым ачкадан чыдабай калды" дегендерге посттон өтө албай, жөө барганга туура келип жатты. Өзүм Бишкектин четиндеги Заря айылында жашайм. Бир жолу посттон өтө албай 4 саат турдум. Ары айттым, бери айттым, жалдырап да көрдүм, унаамдагы азык-түлүктөрдү көрсөтсөм да такыр өткөрбөй коюшту. Аябай жиним келип Фейсбуктагы жеке баракчама билдирүү жазып чыктым. Себеби пропуск алыш үчүн 1 ай аябай аракет кылып, эшиктердин баарын сүзгүлөп, барбаган жерим, кайрылбаган адамым калган жок. Эч ала албай койдум. "Пропуск бербейт экенсиңер, мен аны түшүндүм. Мамлекеттен эч нерсе сураган жокмун. Жардам бергениме тоскоол болбогулачы" деген билдирүү жаздым. Эл арасында бул пост талкуу болду, эртеси күнү Улукбек Кочкоров агабыз (ред.: эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри) Фейсбуктан “пропуск алганга жардам берем” деп жазып калды. Ыктыярчы деген маалымдама берип, посттордон оңой өтө баштадым. Аябай сүйүнүп, ыраазычылык билдирип дагы билдирүү жаздым. Ал дагы аябай талкуу болду. Бул билдирүүм дагы Улукбек агабызга жеткен окшойт, жардамчысы чалып, “келиңиз” деди. Барсам грамота жана министрдин коомдук кеңешчиси деген күбөлүк даярдап коюптур.
Көп адам жардам берип жатышпайбы, мен эмнеге көзгө илинип калдым? Улукбек агабыз "жардам бергендер көп. Барып бир көчөгө таратып коюп жатышат. Арасында колунда барлары да бар. Сен чындап муктаж болуп жаткандарды таап жатасың" деди.
Жардам берип жүргөндө бир үй-бүлөгө туш болдум. Гаражда 8 адам жашайт экен. 4 баласы оорукчан, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү экен. Абалдары оор болчу. Ошолорду тартып чыгарганда Германияда жашаган Тамара деген кызыбыз Бишкектеги үйүн убактылуу берди. Ал качан келерин билбейм. “Электр жарыгын төлөп жашай беришсин” деди. Ал үй-бүлөнү ошол үйгө көчүрдүм. Министр ошол видеодон да таасир алган экен.
11 айлык баласы менен күйөөсү көчөгө чыгарып койгон келинди көчөдө жүргөн жеринен батир таап бердик. 1 жылдык батир акысын төлөп, керектүү нерселерин алып бердик. Аны да көрүптүр.
Колунда 3 айлык баласы, дагы боюнда бар келинди күйөөсү аябай сабап салыптыр. Анын туугандары келип алып кетишти. Ушундай иштеримди көрүп таасирленип, министр мага ишеним артты деп ойлойм.
– Ал эми "бирөө төшөккө макул болсоң жардам берем деп чалды" деген келиндин видеосу элдин кыжырын келтирген окуя болду. Ошол тууралуу айтып берсең.
– Негизи видеолордун алдында жарандар өз абалдарын айтып комментарий жазып кетишет. Ошондон иргеп алып, чыныгы муктаждарга жардам беребиз. Ошол жерден жаман ойлуу адамдар телефондорун алып, "төшөккө макул болсоң жардам берем" деп сунуштагандар бар экен. Мен видеого тартып чыгарган келин бир эле мисал. Андайлар өтө көп. Ушул абалды колдонуп алгысы келген эркектердин бар экенине таң калдым.
39 жашка чыгып, өмүрүмдө көрбөгөн шумдуктун баарын ушул 2 айдын ичинде көрдүм. Мен эң муктаж жарандарга барам. Кыргыздын аялдары намыстуу келишет экен. Кыйналса да эрдин бекем тиштеп чыдап, такыр эле болбой калганда кайрылышат.
Ар бирине барганда ыйлайм. Чоң энемдин колунда өтө эрке чоңойгон, жүрөгү назик баламын. Бирөө ыйласа кошо ыйлаган адаммын. 2 күндөн бери уктай албай калдым. 2 жашар бала аппарат менен жашайт экен. Жарык өчүп калса эмне болот? Аппарат иштебей калса 1 мүнөткө жетпей чарчап калышы мүмкүн экен. Опперацияга 300 миң сом керек деген, араң 20 миң сом чогулду. “Ушул балага жардам берип алсам” деп уктай албай калдым. Апасы көрүнгөн жерде кайырчы болуп жүрөт, ыйлайт.
– Өтө кейиштүү абалда экен. Айыгып кетсин! Эми өзүң тууралуу сүйлөшөлү, чыгармачылыкка кантип келдиң?
– Мен дыйканчылык кылып чоңойгон баламын, негизги кесибим ошол. Тамадалык, куудулдук, ырдап коймой андан кийинки кесибим десем болот. Негизи ырчылар, артисттер кембагал эле эл болчубуз. Кийин тойлор башталып жашообуз оңоло баштады. Мен-мен деген мыкты маданият өкүлдөрү батирде жашап өтүшпөдүбү. Атам Кабыл Бөрүбаев Бек Борбиевдин менеджери болуп чогуу жүрүштү. Мени эң биринчи сахнага алып чыккан адам атам болду. Ал чыгармачыл чөйрөдө көп жүргөндүктөн, мен да ошол жакка кеттим. Бул чөйрөнү жакшы тааныгандыктан кыйынчылык болгон жок. Кафеде ырдап жүрүп таанылдым. Кийин актёрлук, тамадалык, куудулдук менен кеттим.
– Канча балаң бар, кандай атасың?
– 4 балам бар. Эки кыз, эки уул. Улуусу студент, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуйт. Аты Денис. Жакында кыздуу болдум, эки ай болуп калды. Коомдук кырдаал өзгөрүп кетип ал кызым менен жытташып, жакшылап эркелеше элекмин. Ынтымактуу үй-бүлөнүн бактылуу атасымын.
Өзүм үй-бүлөнүн улуусумун. Атам да, апам да жоош, балдарынын ою менен болгон адамдар. Экөөнүн ордуна бир туугандарымды мен башкарам. Чектен чыгып баратышса урушуп, кеп-кеңеш керек болсо кеңешимди айтып турам. Тизгиндерин тартып тура турган менмин.
– Жубайың менен кантип таанышып, бирге түтүн булатып калдыңар?
– Жубайым кошунабыз болчу. Сынап жүрүп алгам (күлүп). Жылдызыбыз келишип, түшүнүшүп турабыз. Дайым мени колдоп келет. Андан ашыктын кереги барбы? Балдарымды жакшы карайт, үйүмдүн куту. Азыр да мага чоң жардамчы болуп жатат. Кечке азык-түлүк таратып келгиче жубайым комментарийлерди окуп, жардамга муктаждардын тизмесин даярдап коёт.
– Маек соңунда эркин микрофон берели...
– Акыркы учурда жүрөктү ооруткан көп учур болду. Эл оор абалда. Бирок оор абал деп эле отуруп алган болбойт да. Эмнеге балдарын таза карашпайт? Эмнеге ден соолугуна кам көрүшпөйт? Жадакалса үйүн, эшигинин алдын шыпырып койбогондор бар экен. “Жетишпей жатышат” дейин десең карантинде бош эле отурушат да. Кээ бирөөлөргө чындап таң каласың, өздөрү деле аракет кылышы керек да. Бейиштей жерде жашап жатабыз. Жалкоо болбосок эбак өнүгүп кетмекпиз. Элге да кайрылгым келет, аракет кылуу керек. Өлкөдө тынччылык болуп, тез арада бул кырдаалдан чыгып кетели!
– Айтканың келсин! Маегиңе рахмат! Ишиңди ийгилик коштосун!
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg