Парламент депутаты Кубанычбек Жумалиевди коррупцияга айыптаган блогер, мурдагы прокурор Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.
ИИМдин маалыматына таянсак, Жапыкеевге мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнүп депутат Жумалиев арыз менен кайрылган. Анда депутат аталган блогер элге жалган маалымат таратып, байлыгы менен мүлкүн тартып алууга чакырык жасоо менен өзүнө жана үй-бүлөсүнө коркунуч туудуруп жатканын айткан.
Аталган арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” беренеси менен катталганы белгилүү болду. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө Жапыкеевдин Жумалиев тууралуу сүйлөгөн бардык сөздөрүнө тийиштүү экспертизалар дайындалганы да айтылды.
Айта кетсек, “Чоң Казат” деген кыймылдын мүчөсү Сыймык Жапыкеев жакында "Кубанычбек Жумалиев өлкөнү тоноп байыган, жегенин кустуруш керек" деп, социалдык тармактар аркылуу билдирүүлөрдү жасаган. Башка чиновниктерге да кезек жетерин айтып, элден колдоо издеп жаткан эле. Жапыкеев Кыргыз эли өмүр бою алданып жүрө бербеши керек, элдин, мамлекеттин эсебинен байып, мүлктөрүн декларацияда көрсөтпөй, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштесе да бизнесте жүргөндөй байлык топтогон чиновниктердин кантип байыганы мыйзам чегинде текшерилсин деп жатат. Коррупция гүлдөгөн өлкөдө мындай жөндүү чакырыктарды колдогондор арбын.
Көпчүлүктү мындай курч, ачык билдирүүлөрдү жасап жаткан адамдын артында турган күчтөр ким экендиги да кызыктырып турат.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg