Өлкөдөгү банктар карантинге туш келген айлар үчүн элге берген насыяларынын үстөк пайызын кечиши керек.
Бул сунушту 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Искендер Матраимов айтып, мындан банктар чыгым тартпай турганын билдирди.
“Кыргыз өлкөсүндө 1 миллиондой жаранга насыя берилген. Өкмөт насыя төлөөнүн мөөнөтүн узарттык дегенде жарандар карантин маалында иштебеген күндөргө пайыздык үстөк төлөбөйт экен деп ойлоптурбуз. Банктар насыя төлөмдөрүн жылдырганы менен, анын пайызын кийинки айларга кошуп салат экен. Карантин жана өзгөчө абалдын айынан бир күн соода кылбаган, иштебеген ишкерлер каяктан акча таап пайызды төлөшөт? Мен депутат катары бул маселени эксперттик топ менен карап чыктым. Улуттук банк, коммерциялык банктар орточо жылына 18-20 пайыз пайда көрөсүңөр, ушул саналуу карантин айларында элди кыйнабай, банктар пайызды кечип койсо болбойбу? Жөн эле кечип койгон күндө деле силер чыгашага учурабайсыңар”,- деди депутат.
Эл өкүлү пандемиядан кийинки кырдаалга даярдык катары Орусия менен Казакстан пайызсыз насыяларды берип жатканын, Кыргыз өлкөсүнүн банк секторунда да мындай мүмкүнчүлүк бар экенин эскертти.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg