“Чиновниктер Бишкектеги балдар хосписинин имаратын алып койгону жатышат” деп жазды 11-майда өзүнүн интернеттеги жеке баракчасына аталган жайдын түптөөчүсү Динара Аляева.
Айтымында, бул демилгенин артында Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана өкмөт өкүлдөрү турат. Аляева өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруучу аппараттын жабдууларына министрликтен жардам сураганы үчүн Балдар хосписин жаманатты кылганы жатышат дейт. “Мындай аппарат үчүн чыгымдар камкордукка алынып, үйүндө оор абалда дарыланып жаткан балага керек. Карантинге жана чек аралардын жабылганына карабай хоспис өз камкордугуна алгандарды 200 миң сомдук дары-дармек менен камсыз кылды. Жылуу креслодо отурган сен эмне кылдың?” деп суроо узатты Аляева депутат Евгения Строковага.
Буга чейин хоспис жетекчилиги мекемеде 7 бала өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулганын айтып, ал аппарат үчүн жардам сурап Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылган. Министрлик бюджетте бул үчүн акча каралбаганын айтып жардам берүүдөн баш тарткан.
Ал эми депутат Евгения Строкова "балдар хосписине өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат керек же керек эместигин өкмөт текшериши керек" деп чыккан. Депутат аталган мекеме мыйзамдуу иштеп жатабы-жокпу деп текшерүү үчүн атайын комиссия түзүүнү да сунуштаган эле.
Дарылоо жардам бербей калган айыккыс дартка чалдыккан балдарга кам көрүлө турган бул хоспис 2017-жылы Бишкек мэриясынын жетекчилигинин катышуусу менен ачылган. Хосписке имаратты шаардык мэрия бөлүп берген.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg