ӨЛКӨДӨ КОРОНАВИРУСТУН ТАРАШЫ БАСАҢДАП БАРАТКАНЫ АЙТЫЛДЫ

Кыргыз жеринде апрель айынын соңунан тарта коронавирус илдетинин тарашы басаңдап жатканы байкалууда. Маалыматты 12-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирип, статистиканы мисал келтирди.

Илдеттин тарашы 5-20-апрель күндөрү күчөп, эң жогорку көрсөткүч 11-12-апрелге туура келген. 11-апрелде 41, 12-апрелде 38 адам вирус жуктуруп алганы аныкталган. Усенбаев илдеттин туу чокусу делген учур божомолдон 1 апта эрте келгенин айтат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун туу чокусу Кыргыз жеринде 20-24-апрелге туш келерин божомол кылган.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 910, 14-20-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан