Карантин маалында бул ырчы айымдын жаны тынбады окшойт. Инстаграм баракчасынан короо тазалап, көчөт отургузуп, үй кожойкелерине ашканадагы сырлары, рецепттери менен бөлүшүп жатканына күйөрмандары күбө болуп жатты. Сахнада назик ырчы, үйдө сүйүктүү жар, уул-кыздын мээримдүү энеси катары суктанткан Неля айым жаңы сандын апта каарманы.
– Неля айым, саламатсызбы? 2 айга чукул үй карантининде отурабыз. Убакытты текке кетирбеш үчүн эмне менен алек болдуңуз?
– Карантин бизди көп нерсеге үйрөттү. Ашканада кесибиме байланыштуу колум жетпей жүргөн көп сырларды багынттым. Аны өзүм үчүн эле пайдаланбай, бардык ашкана ээлери менен бөлүшкүм келди. Айрым рецепттерди дүйнөлүк ашканадан үйрөнсөм, айрымдарын өзүм ойлоп тапканга аракет кылдым. Ал үчүн атайын Инстаграмдан «Тасмал» баракчамды да ачтым. Баракчама келген каттардан улам бул жаатта кожойкелерге жакшы жардамчы болгонума ынанып, кубандым.
Андан тышкары карантин жаз мезгилине туш келгендиктен, бакчага клубника, малина, алма, алчанын көчөттөрүн отургузуп, жашылдандыруу менен алектендим. Үй тиричиликтен убакыт таап, кызыктуу, пайдалуу, керектүү китептер менен дос болдум.
Жалпылап айтканда, карантиндин биз үчүн зыянынан пайдасы көбүрөөк болду.
– Айрымдар "дүйнөгө келген бул апаат жашоону баалаганды үйрөттү" дешсе, кээ бири "акчаны үнөмдөөгө үйрөттү, мурда болбогон нерселерге корото берчү экенмин" деп жатышат. Сизди карантин эмнелерге үйрөттү?
– Эң алгач күнүмдүк күрөштөн оолактатып, терең ойлонууга убакыт берди. Жараткандын берген сыноосу жалпы адамзатты ден соолукту баалоого үйрөттү. Оору бет келсе ээлеген статусуна, байлыгына, улутуна, жаш курагына карабай баары тизе бүгөрүн эскертти. Үй-бүлөлүк баалуулуктардын маанисин көрсөттү.
Балким, бул эскертүү болгондур. Ар бир адам өзүнүн буга чейинки каталарын сезип, жыйынтык чыгарып, сабак алуусу керек.
– Коронавирус эпидемиясы өлкөдө жакыр жашаган үй-бүлөлөр көп экенин дагы бир жолу ачыктады. Жардам берүү мүмкүнчүлүгү болдубу?
– Тилекке каршы, коомдо жакырчылыкта жашагандар көп. Пандемияга чейин эле Жараткандын берген ырыскысын муктаждар менен бөлүшүүнү милдет кылганбыз. Карантин учурунда да бир нече ирет колубуздан келишинче жардам кылдык. Бирок кайрымдуулук адамдардын көзү үчүн, сөзү үчүн эмес, Кудайдын ыраазычылыгы үчүн жасалышы керек.
– Айымдар "карантин балдарыбызга аябай жакты. Дайыма жанында болгонубузга көксөөсү канып жыргап калышты" деп жатышат. Сиздин уул-кызыңызга дайыма үйдө болгонуңуз жагып жатабы?
– Менин балдарым үчүн бул айырма анчалык деле сезилген жок. Буга чейин деле аларды эне мээриминен максималдуу аксаткан эмесмин. Болгону ошол убакытты колубуздан келишинче кызыктуу, пайдалуу өткөргөнгө аракет кылдык.
Кечкисин Урматтын (ред.: Усенов) келишин чыдамсыздык менен күтүп, эки командага бөлүнүп (кыздар, балдар), кино тандоодо гана табиттердин талашуусу болуп жатты. Балдарыма жакпаганы – карантинде атасынын иштегени болду.
– Азыр сиз дагы балдарды онлайн окутуп жатсаңыз керек. Көпчүлүк ата-энелерди, окуучуларды бул метод менен окутуу стресс кылды окшойт. Балдарыңыз сабактарын түшүнбөй жатканда пикир келишпестик орун алган жокпу? Абалдан кантип чыгып жатасыз?
– Биринчиден, мугалимдерге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Карантинге карабай биринчи күндөн тарта абалды колго алып, балдарыбызды билимден аксатышкан жок. Биз дагы четте карап турбастан колубуздан келишинче аракет кылдык. Мугалим эң таза жүрөктүн ээси экенин, бул мээнетти талап кылган кесип экенин далилдешти. Бардыгыбыз мектептин, мугалимдин кадырын сездик. Нурэл менен Жазэл мектебин, мугалимдерин, классташтарын, классын, жадакалса партасын сагынышканын айтып жатышат.
Мугалим болбогондон кийин кыйынчылыктар болду. 2-4-класстардын программасын эстегенге туура келди. Кайненем математика, апам англис тили, кайнежем кыргыз тили, Урмат универсал мугалим болгону биз үчүн чоң бакыт болду. Буюрса, карантин бүтсө онлайн-сабактар алып койгон нервдерди ордуна келтирүү керек (күлүп).
– Мурда биздин муун үй тапшырмаларын өзүбүз эле аткарып, ата-энебиз кийлигишчү эмес. Сизде да ошондой болсо керек. Азыркы балдар эмне үчүн өз алдынча эмес деп ойлойсуз?
– Азыркы окуу системи биздикинен бир топ эле айырмаланат. Азыр талаптар, максаттар башка. Ошого байланыштуу балдардын жоопкерчилиги алда канча жогору. Кээ бир учурларда багыт бергенибиз болбосо, көбүнчө үй тапшырмаларды өздөрү эле аткарышат. Бирок ата-эне балдардын окуусунан дайыма кабар алып турушу зарыл.
– Карантин көпчүлүк жубайларга бири-бирин жаңыдан таанууга шарт түзгөндөй. "20 жылдан бери кызыксыз адам менен жашап жүрүптүрмүн" дегендер да болду. Таң калып калбаш үчүн түгөй тандоодо эмнелерге көңүл буруш керек?
– Сиз айткан учурлардын бизге тиешеси жок. Кудайга шүгүр, дагы деле үй-бүлөлүк баалуулуктар өз маанисин жогото элек.
Европада чын эле жубайлар келишим менен жашап, кайсы бир кызыкчылыктарды көздөшөт. Ошондуктан карантин аларды ыңгайсыз абалга кириптер кылып жатса керек.
Түгөй тандоодо алгач жүрөктү тыңшап, окшоштуктарды издөө керек. Ой жүгүртүү, тарбия, табит өңдүү окшоштуктар 50 пайыздан ашып жатса, алдыдагы кыйынчылыктарды жеңүү оңой болот.
– Орозо кармадыңызбы?
– Орозону биринчи жолу студент кезимде кармагам. Үй-бүлөбүз менен үзгүлтүксүз кармап келе жатканыбызга быйыл 7 жыл болду.
– Кабыл болсун! Эми чыгармачылыкка кезек берели. Карантин бүтсө күйөрмандарыңызды кандай жаңылыктар күтүп турат? Кандай пландар бар?
– 3-4 ыр кезекте турат. Былтыркы концертибиздин монтажы аяктап калды, көрөрмандарга жакын арада сунабыз.
Сөзүмдүн аягында айтарым, аялзаты коомдогу ээлеген ордубузга, кесибибизге карабастан эң негизги миссиябыз өлкөгө, коомго, пайдалуу уул-кыздарды тарбиялап, даярдап берүү экенин унутпайлы. Кудайым берген өмүрдү жакшы жашап сабырдуу, кечиримдүү, кайрымдуу болуп, эң негизгиси, жакшы сөздү аянбастан бири-бирибиздин көңүлүбүздү табалы. Жаман ойдон, жаман сөздөн алыс бололу. Туура эмес ойлор, сөздөр, таарыныч, кызганыч, кусалыктар, көрө албастык, ичи тардык, терс мүнөздөр адамды оорутат, кыйнайт. Ошон үчүн кечиримдүү бололу, достор. Көңүлдүү жүрөлү, жашоону сүйөлү. Жүрөгүбүздү мээримге, сүйүүгө толтуруп, бири-бирибизди сыйлоону үйрөнөлү, түшүнүп мамиле кылуу менен бирге колдой билели. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!
– Айтканыңыз келсин! Маегиңизге рахмат!
Динара Абдыкадырова
sport@super.kg