Разия Өсөрова, Көк-Таш айылынын башчысы: «ТАЖИКТЕРДИН ҮСТӨМДҮГҮ ЖЫЛ ӨТКӨН САЙЫН КҮЧӨП БАРАТАТ»

Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжалдардын чыгышы, таш ыргытуу, өрттөө, ок атышуу адатка айланып баратат. Кейиштүүсү – ар бир чырда жергиликтүү эл жапа тартып, адам өмүрү кыйылган учурлар көп. Эл бийликтен чек арадагы абалды, коопсуздукту жакшыртууну талап кылууда. 2020-жылдын 8-майында да Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылында чыр чыгып, Тажик тарап аткан октон Кыргыздын 3 жоокери жарадар болду. Коңшу өлкөнүн чек арачылары Көк-Таштын бир тургунунун үйүн өрттөп жиберишти. Окуя кантип башталып, кантип токтогонун жергиликтүү жашоочулар айтып беришет.

«БИР АЙЫЛДАШЫБЫЗДЫН ҮЙҮН ӨРТТӨП ЖИБЕРИШТИ»

8-майдагы чыр дыйканчылык иштерден улам келип чыккан. Жергиликтүү калктын айтымында, чырды тажик тарап баштаган. Нурлан, 34 жашта, Көк-Таш айылынын тургуну:

– 8-май күнү мен жумушта болчумун. Үйдөгүлөр телефон чалышып, «чек арада чыр чыгып, атышуу болуп жатат» дешти. Дароо үйгө чуркадым. Үйгө жакындаганда ызы-чуу, атылган октордун үнү угула баштады. Кыргыз-Тажик чек арасында таштан тургузулган дубал бар. Ошол дубалдын ылдый жагы тажиктердин, ал эми өйдө жагы кыргыздардын огороду. Таш дубалдан 200 метр өйдөдө биздин үй жайгашкан. Сураштырсам, тажик тарап алгач мергенчилик куралдан ок чыгарыптыр. Анан огнемёт менен атыптыр. Октор биз тарапка чейин жетип жатты. Биздин чек арачылар турган жер окоп же жашына турган эч нерсе жок ачык болчу. Тажиктер болсо ортодогу таш дубалдын ар жерин тешкилеп, ошол жерден куралдарын чыгарып алып атып жатышыптыр. Чек арага жакын жайгашкан үйдөгүлөр атышуу башталганда эле бала-чакасын алып башка жакка качышты. Бир маалда биздин чек арачы 3 жигитке ок тийип, жерге кулап түшүштү. Атылган октордон коркуп аларды алып келүүгө эч ким даай албай калды. Жоокерлер ар жерде кансырап, 30 мүнөттөй жатышты. Аңгыча Кыргыз чек арачыларынын бири тажик чек арачысы менен ортодогу чектен жолугуп сүйлөштү. Ошондо гана ок атуу токтоп, ок тийген 3 жоокерди ооруканага алып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Менин угушумча, чырдын башы ортодогу таш дубалга жакын жердеги огородуна айылдашыбыз жүгөрү тикмек болуп жатканда башталыптыр. Тажик тараптагылар «бул аянт бизге тиешелүү, керек болсо документтери бар» деп чыр салышкан. Былтыр деле ал жерди айылдашыбыз иштеткен. Анан тажиктер кайсы документти айтышканын билбейм. Кыргыз өкмөтү талаш жерлерди алмаштыруу тууралуу айтып чыгышпады беле. Сыягы, ошондон улам тажиктер эми ал жерди өздөрүнө тиешелүү жер аянты деп алышкан окшойт.

«ТАЖИК ЖАРАНЫ КЕЧИНДЕ КЕЛИП ТАЛКАЛАЙБЫЗ ДЕП КЕТИПТИР»

Разия Өсөрова, Көк-Таш айылынын айыл башчысы. Ал дайыма мындай жаңжалдарда тургундардын алдында жүрүп, элдин таламын талашат.

– Тажиктер биздин ата-бабаларыбыз жашап келген жерди талашып жатышат. Илгерки заманды айтпай эле коёюн. Бул жер такталбаган аймак катары саналып келе жаткандан бери биздин эл жашап, колдонуп келе жатканына 50 жыл күбөмүн.

Чыр эртең менен саат 10дордо башталды. Айылдашыбыз өзүнө тиешелүү делген жерди иштетмек болот. Аны көргөн тажиктер келип каршылык көрсөтүшөт. Тиги айылдашыбызды таш менен уруп, сабап да салышкан. Таш анын башына тийип, эси ооп кулайт. Аны ооруканага алып кетишет. Кыргыздар чогулуп алып барса, тигилер токтобой, чыр күчөйт. Эки тараптан тең асманга ок атылгандан кийин тарап кетишкен. Тажиктердин арасынан бирөө «силерди кечинде келип талкалайбыз» деп эскертип кеткенин айтышты.

Чыр кайра кечки саат 6да башталды. Баягы жүгөрү айдамак болгон айылдашыбыздын жерине тажиктер топтолуп келип, тракторду киргизет. Аңгыча эле ок атуу башталат. Чектеги таш дубалга жашынган тажик чек арачылары кыргыздарды көздөй ок атат. Атышуу 1 сааттан ашык болду. Чек арачы 3 жигитибизге ок тийип кулап, октон жалтанган эл аларды дароо алып чыгып кете албай калышты. Эсен деген айылдашыбыздын үйүн өрттөп жиберишти. Алардын документи, кийим-кечеси, буюмдары баары күйүп кетти.

Айта кетсем, кыргыздар тажиктерге карай таш да ыргыткан жок. Тажиктердин үстөмдүгү жыл өткөн сайын күчөп баратат. Тынч жашайлы десең, алар жан койбос болушту. Эгер чек ара маселеси чечилбесе, биздин Көк-Таш айылыбыздын эли башка жакка көчүп кетсе, анда Ак-Сай айыл өкмөтүнө караган башка айылдар, Лейлек району кошо анклавга айлануу коркунучунда калат. Андыктан өкмөт чек ара маселесин тез арада чечип берип, биздин айыл элин көчүп кетүүгө жеткирбеши зарыл.

ОККО КАБЫЛГАН 3 ЧЕК АРАЧЫНЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?

Учурда октон жаракат алган 3 жоокер ооруканада дарыланууда. Алардын абалы оор деп баалангандыктан Бишкекке алып келинген.

Дөөлөс Муратов, Улуттук госпиталдын 2-нейротравма бөлүмүнүн врач нейрохирургу:

– Үстүбүздөгү жылдын 9-майында биздин врачтарга атайын көрсөтмө болуп, дайындалган врачтар Баткенге жөнөп жаткан өкмөт мүчөлөрүнө кошулуп атайын борт менен учуп бардык. Чек ара чырында негизинен 4 адам жаракат алган. Үчөө чек ара кызматкери, бирөө башынан жаракат алган Көк-Таш айылынын тургуну. Ал жаранга медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга чыгарылган.

Чек арачыларды Баткен облустук ооруканасына барган соң текшерүүдөн өткөрүп, жолго алып чыгууга даярдадык. Эртеси 10-майда Улуттук госпиталга алып келип жаткырдык. 25 жаштагы С.М. аттуу жоокердин диагнозу: курсак жана жамбаш сөөгүндө кыр аркадан көкүрөк тушка ок атуудан алган жаракат. Ок тийип тешип кеткен ичегилерине Баткенде операция жасалган. Жамбашындагы октон үзүлгөн венасын жамап тигишкен. Баш-аягы ал жигиттен 5 литрдей кан кеткен. Октон зыян тарткан жүлүнүнө жана ичегилерине операция жасоо пландалууда. Келгенден бери кайра жандандыруу бөлүмүндө, абалы өтө оор.

Кийинки жабырлануучу М.А. 1995-жылы туулган. Диагнозу: Ок көкүрөк булчуңунун бир жагынан кирип, экинчи жагынан чыгып кеткен. Абалы орточо оор. Баткендин ооруканасынан жаракатын тазалап, тигишкен. Учурда ириң хирургиясында дарыланууда.

Үчүнчү бейтап Т.Ч. 1996-жылы туулган. Диагнозу: көкүрөк булчуңун тешип өткөн октон алган жаракат. Баткендеги ооруканада жаракатты тазалоо жүргүзүлгөн. Абалы туруктуу. Учурда ириң хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

«БИР АСКЕРДИН АБАЛЫ ООР БОЙДОН КАЛУУДА»

Миталип Мамытов, нейрохирург, медицина илимдеринин доктору, академик:

– Чек ара кызматкери С.М. аттуу жигит кызмат нөөмөтүндө окко кабылган. Көкүрөктөн ылдый бел тушка атылган ок омурткага тийип, жүлүндү иштен чыгарып салган. Кирген октун чачырандылары жүлүндө калган. Жүлүн жабыр тарткандыктан 2 буту иштебейт. Кичине заара, чоң заараны башкара албайт.

Ок омуртка, жүлүн тарапка өтүп баратканда ичегилерин 2-3 жеринен тешип кеткен. Баткенде ооруканада ичегилерине операция жасап, тешилген жерлерин кесип салып, кайра улашкан. Ичегилеринин абалы бул жактан да текшерилүүдө. Дагы бир ок жамбашына тийип кан тамырын үзүп кеткен. Кан көп кеткен. Ооруканадан кан тамырды байлап, кан агууну токтотушкан.

Абалы оор. Колдору иштейт, сүйлөй алат. Белден ылдый иштебейт. Ок жүлүнгө катуу тийген. Ал жерден окту алабыз. Операция качан жасалары бейтаптын абалына жараша 3-4 күн ичинде билинет.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
tular
2020-05-18 12:26:34
Чек араны тезирээк чечип беришпейби! Эмне себептен саналуу контрабандистердин кызыкчылыгы учун Кыргыз эли жапа чегиш керек
+6
nurikkg1
2020-05-18 14:48:51
Бул чек ара чынын чече албастык биздин окмоттун алсыздыгы Исфаранинский райондун Шах аттуу Начальник милициясы таджиктерге дух берип полностью оружие менен камсыздаган а бизде тескери текшерип камашат
+3
Birimdik5555
2020-05-18 21:31:20
Жоокер балдардын убалы жетсин ошо чыр чыгаргандарга,жоокерлерге шыпаа берсин Аллахым
+5
001KG
2020-05-19 05:40:19
Жанагы галустукчу Акрам Мадумаров деген ВПМ болуп келди элего, Баткенде Губернатор болуп иштегем, мен кыйратам деп, андан үн-сөз жокко. Биринчи интервьюну ошодон алыш керек, кантип атасың чегара боюнча деп ёлый!
+7
muku.85
2020-05-19 19:16:02
Кыргыздын бактысына журогу кыргыз деп соккон башчылар келмейинче чек ара чечилбейт окшойт тетиги элиталар болсо кайдагы шайлоонун босогосун чече алышпай атат аттин
+5
futboler
2020-05-20 01:47:21
Мына ушуларга бериш керек баатыр деген наамды, каяктагы бийлик үчүн күрөшкөн жегичтерди ээрчиген 7-апрелдегилерге эмес.
+5
Adil18
2020-05-21 12:35:00
futboler,
Эн туура айтасыз.Мына ушуларга ай сайын 100.000сомдон пен
+2
Bike2016
2020-05-20 05:35:48
Урматтуу чиновниктер чек ара масалесини чечип бериниздер.Эл жок болсо силер кантип шайланат эленер.
+2
emirchik
2020-05-21 16:05:23
Баткендин Элине Курал беришкерек Мамилекет чегарыны коргой албаса Эл озу коргоп алат Баткен Чон алайда Кыйын мергенчилер бар !
+3
tina-Tin
2020-05-24 17:38:38
Мамилекеттин масаласин чече албайт окшойт азыркы бийлик. Тажиктер чек арасын жылдырып эле келе жатат. Эки уч контробондистер учун ушунча элди неге кыйнайсынааар...
0
№ 910, 14-20-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан