Кулпунай бакчаларда бышып баштады, базарда, дүкөндөрдө сатылып жаткан чагы. Бул ширелүү жана жыты аңкыган жемиштен жасалган даамдарды сунуштайбыз. Жасап жегенге жетишип калыңыз, анткени кулпунайдын биринчи терими бат эле аяктайт. ИТАЛИЯ ПИРОГУ
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 300 грамм
Маргарин же каймак май – 120 грамм
Жумуртка – 2 даана
Кумшекер – 100 грамм
Сүт – 3 аш кашык
Көбүрткүч – 2 чай кашык
Ваниль кумшекери – 1 чай кашык
Туз – 1 чымчым
Кулпунай – 10 даана
Кумшекер күкүмү – 1 аш кашык
Корица – 1 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Каймак майды же маргаринди бөлмө температурасында эритип, кумшекерди кошуп аябай чалабыз.
2. Андан кийин буга жумуртка менен жылуу сүттү кошуп аралаштырабыз.
3. Бул аралашмага унду, тузду, корицаны, ваниль кумшекерин жана көбүрткүчтү кошуп жакшылап чалабыз. Жыйынтыгында боткодой камыр даяр болот.
4. Пирог бышыруучу калыптын ичин майлап, камырды куябыз. Камырдын бетин тегиздеп, тең ортосунан кесилген кулпунайларды кесилген тарабын төмөн каратып кооздоп тизебиз.
5. Пирогду 180 градуста иштеп турган электр мешинде 30-35 мүнөттө бышырып алабыз. Бышкан пирогдун бетине кумшекер күкүмүн себелеп,
дасторконго коёбуз. КУЛПУНАЙ ДЕСЕРТИ
Керектелүүчү азыктар:
Кулпунай – 20-30 даана
Быштак – 100 грамм
Кумшекер күкүмү – 50 грамм
Ваниль – 1 чымчым
Шоколад же жаңгак таарындысы – 20 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Бул десертти даярдоо үчүн кулпунайдын чоң-чоңдорун тандап алганыңыз оң. Жемишти жууп, тазалап, суусун сарыктырып алабыз.
2. Жемишти аягына жеткирбей курч бычак менен 4-6 бөлүккө тилип, тарелкага иреттүү кылып тизебиз.
3. Быштакка кумшекер күкүмүн жана ванилди кошуп аралаштырабыз.
4. Даяр болгон аралашма менен кулпунайдын ичин толтурабыз. Толтуруу үчүн чай кашыкты же атайын кондитердик шприцти пайдаланууга болот.
5. Даяр болгон десерттин бетине шоколад же жаңгак таарындысынан себелеп дасторконго коёбуз.КУЛПУНАЙ ПЕЧЕНЬЕСИ
Керектелүүчү азыктар:
Каймак – 100 миллилитр
Каймак май – 110 грамм
Жумуртка – 1 даана
Ун – 100 грамм
Кумшекер – 60 грамм
Кулпунай – 10 даана
Даярдоо ыкмасы:
1. Ун менен кумшекерди аралаштырып алабыз.
2. Тоңдурулган каймак майды сүргүчтөн өткөрүп, унга кошуп камыр жууруйбуз.
3. Даяр болгон камырды калыңдыгын 5 миллиметр кылып пергамент кагазынын үстүнө жаябыз. Андан соң тегерек формада кесип алабыз.
4. Печеньелердин бетине жумуртканын сарысын сүйкөп, 170 градуста иштеп турган электр мешинде 13-15 мүнөт бышырып алабыз.
5. Печеньелер муздаган соң бетине каймактан салып, кулпунайдын кесимдери менен кооздойбуз. Чай менен берилүүчү таттуу печенье даяр!«МАГНОЛИЯ» ДЕСЕРТИ
Керектелүүчү азыктар:
Жүгөрү крахмалы – 4 аш кашык
Жумуртка – 2 даана
Сүт – 1 литр
Кумшекер – 1 стакан
Печенье – 200 грамм
Майлуулугу жогору сүт – 200 миллилитр
Ун – 2 аш кашык
Кулпунай – 300 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Печеньени үбөлүк же блендердин жардамы менен майдалап алабыз.
2. Сүткө кумшекерди, жүгөрү крахмалын, унду кошуп аралаштырып, жай отто коюулангыча кайнатып десерт үчүн крем даярдайбыз. Кремди оттон чыгарып, муздаганча күтө турабыз.
3. Муздаган кремге майлуулугу жогору сүттү куюп, жакшылап аралаштырабыз.
4. Кулпунайды жууп-тазалап, суусун сарыктырып, тең ортосунан кесебиз.
5. Стакандын түбүнө 2 аш кашык печенье күкүмүн, андан кийин кулпунай, кремди ирети менен катмар кылып салабыз. Акыркы катмарын печенье күкүмү менен аяктап, үстүн кулпунай жана жалбыз менен кооздойбуз. Десертти 2-3 саат муздаткычка салып тыныктырып, андан соң дасторконго койсок болот.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg