ПАРЛАМЕНТКЕ КЕЛҮҮ ҮЧҮН БОСОГО ЧЕК КАНЧА БОЛУШУ КЕРЕК? ДЕПУТАТТАР 5 ПАЙЫЗДЫ ЧЕТКЕ КАГЫШТЫ

Эл коронавирус коркунучунан улам үйдөн чыкпай, иштебей отурган кезде Ак үйдүн ичинде алдыдагы парламенттик шайлоонун тагдыры чечилүүдө. 14-майда партиялардын Жогорку Кеңешке өтүүдөгү 9 пайыздык босоголук чегин 7 пайызга түшүрүү сунушу талаш-тартыш менен 1-окууда колдоо тапты.

7 пайыз деген сунушка “Республика-Ата Журттан” депутат Мирлан Жээнчороев каршы чыкты. Ал комитетке босоголук чекти 5 пайызга түшүрүү сунушу биринчи берилгенин, ал карала электе 7 пайыз болсун деген демилгени шашылыш кароо регламентти одоно бузуу деп, буга жол берген спикер Дастан Жумабековду жана комитет төрагасын сындап чыкты. Парламенттин тийиштүү комитетинин төрагасы Канат Керезбеков "7 пайыз деген сунушка өкмөттүн корутундусу биринчи келди, ошол себептүү карап жатабыз" деди. Депутат Кенжебек Бокоев “бул парламент болбой калды” деп сындап, спикерден “парламент жакпаса кете бериңиз” деген жооп алды. Бул жооп үчүн спикер кесиптештеринен ачуу жеме укту. “Бизди кет деп айтууга сизге эч ким укук берген эмес, асманда учпай, жерге түшүңүз” дешти.

7 пайыздык демилге 101 депутаттын колдоосу менен кабыл алынды. Ушул эле депутаттар 4 жыл мурун босоголук чекти 9 пайызга көтөрүүнү бир добуштан колдоп беришкен. Парламент 7-кабаттын ишараты менен чечим кабыл аларын кайрадан далилдеди. Ушул жылы февралда парламентте сөз сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков “7 пайыз босоголук чек сыноодон өткөн жол, 5 жана 3 пайыз дегендердин артында жаштарды бетине кармаган саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы турат” деген эле.

19-майда Керезбеков жетектеген комитетте 5 пайыздык чек боюнча мыйзам долбоору каралып, колдоо таппады. Депутаттар “5 пайыздык чек менен парламенттин курамы абдан майдаланып кетет” деген шылтоо айтып, баш тартышты.

Коомдук ишмер, саясатчы Ишенбай Кадырбеков бул баш тартууну “парламентке акчалуу, бийлик колдогон адамдар гана келсин деген аракет” деп баалады.

Маалымат үчүн: Быйыл саясий партиялар 7 пайыздык чекти ашып өтүп парламентке келиш үчүн кеминде 142 миң добуш алышы керек. 5 пайыз боюнча 101 миң добуш жетиштүү болмок. Ал эми 9 пайыздык чек менен бул көрсөткүч 182 миң добушту түзөт.

2015-жылкы парламенттик шайлоодо жалпы шайлоочулардын саны 2 миллион 761 миң болсо, быйыл 3 миллион 385 миң добуш берүүчү бар экени айтылды.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 911, 21-27-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан