СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ЕАЭБде КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ ТЕҢ АТА БОЛО АЛБАЙ ЖАТКАНЫН АЙТТЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБдин шарттарын аткарбаган өлкөлөрдү айыпка жыгууну сунуштады. Ал бул сунушту 19-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин онлайн жыйынында айтты.

“Эң зарыл товарларды жеткирүүдө “жашыл коридорлорду” түзүү жөнүндө макулдашканбыз. Ага карабай ЕАЭБдин айрым мүчөлөрү тарабынан көзөмөл күчөтүлүп, азык-түлүктөрдү жеткирүүгө чектөөлөр коюлууда”,- деди Жээнбеков.

Өлкө жетекчиси Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясына жаңы укук берүүнү сунуштады. Тагыраагы, товар жүгүртүүдөгү тоскоолдуктарды жойбой жаткандарга айып пул салуу боюнча ЕАЭБ сотуна кайрылууга укук берүү керек деген пикирде. Өлкө башчы Европа жана Украинадан Кыргыз жерине келчү жүктөрдүн транзитине эркиндик берүү маселесин да карап чыгуу зарыл экенин билдирди.

Президент айткан кемчиликти Кыргыз коомчулугу, айрыкча ишкерлер акыркы 4 жылдан бери айтып келе жатат. Акыркы жылдары тең ата пайдасын көрбөгөн уюмда жүрүүнүн зарылдыгы барбы деген суроо байма-бай көтөрүлүүдө. “Тоскоолдуктар токтобой жатат” деген сынды Кыргыз жетекчилери такай айтып келе жатат, муну менен маселе чечилип кеткен жок.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 911, 21-27-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан