Парламент Башкы прокуратуранын 2019-жылкы иши боюнча башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчётун угууда. 18-майда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети башкы прокурорду угуп, 1 жылдык ишин талкууга алышты.
Жамшитов 2019-жылы салык декларациясын туура эмес толтурганы үчүн 2225 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тартиптик жазага тартылганын айтты. Быйыл январда Башкы прокуратура декларация тапшырууга жооптуу кызматкерлерге киреше-чыгашасы тууралуу документ тапшырууда туура маалымат берүүнү эскерткен эле. Жамшитов ошондой эле коррупцияга шектелип чет өлкөгө качып кеткен бир да чиновник өлкөгө алынып келинбегенин билдирди. “Аскарбек Шадиевге издөө жарыяланган. Ал сыртынан эркинен ажыратылып, мүлкү камакка алынган. Мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иштери сотто каралууда”,- деди башкы прокурор.
Депутаттар Жамшитовго негизинен “жакшы иштеп жатасыз” деп мактоо айтышууда. Отчётун 2 комитет бир добуштан колдоду. 21-майда отчёт Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg