Бишкекте 21-25-май күндөрү карантиндин талаптары азайып, жашоо жанданары күтүлүүдө. 21-майда соода борборлору, мейманканалар, калкты тейлөө борборлору, автоунаа жана мал базарлары, менчик мончолор, эмерек цехтери ишке кире турганын биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди. Соода борборлорундагы тамактануучу жайлардын жана балдар аянтчаларынын иштөөсүнө азырынча уруксат берилбеди. Мейманкаларда бассейн жана спорт залдарынын ишине да уруксат берилбейт.
Бороновдун берген маалыматы боюнча, 25-майдан тарта Бишкекте коомдук унаалар жүрүп баштайт. “Дордой”, “Ош базары” өңдүү өлкөдөгү ири базарлар ачылат. 50 кишиден ашпаган орунга ылайыкташкан кафе-ресторандардын да иштөөсүнө уруксат берилет. Музейлер, китепканалар да 2 айлык тыныгуудан кийин эшигин ачат.
Бишкек мэриясы 25-майдан тарта коомдук унааларды ишке киргизүүдө чочулоо болуп жатканын билдирди. “Учурда республикалык штаб менен сүйлөшүү жүрүп жатат, коомдук унааларды ишке киргизүү күнү жылып кетиши мүмкүн”,- дешти мэриядан.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg