БИР БҮРКҮМ: 25-МАЙ ДЕМ АЛЫШ КҮНҮ...

  • Өлкөдө аба каттамдарын жандантуу маселеси 25-майда каралат.
  • 24-май Орозо айт деп белгиленди. Бул күн жекшембиге туш келгендиктен, дүйшөмбү, 25-май дем алыш күнү деп жарыяланды.
  • Ушул жылдын 2-февралынан 16-майына чейин чет өлкөдөн 10 138 Кыргыз жараны кайтып келди.
  • Нарын шаардык мэриясынын имараты 19-майда үч күнгө карантинге жабылды, себеп – ал жердеги кызматкерлердин биринен коронавирус аныкталган.
  • Өкмөт: Өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруучу аппараттар жетиштүү.
  • 2019-жылы Ысык-Көлгө келген туристтердин 83 пайызын өлкөнүн ичиндеги туристтер түзгөн.
  • ИИМ жетекчилиги: Бишкекте кафе-ресторандар карантин эрежесин сактабай жатышат.
  • Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча 18-майдагы соттук отурумга “ооруп жатат” деген себеп менен келген жок.
  • Ош облусунун жетекчилиги мектептерде 10, 20 жылдык жолугушуу кечелерин уюштурууга уруксат берилбесин деп чечти.
  • Ош шаарында коронавирустан улам 775 адам үй карантининде отурат.
  • Быйыл ЖОЖдордо мамлекеттик сынактарды тапшыруу аралыктан жүргүзүлөт.
  • Транспорт жана жолдор министрлигинин бюджети 1 миллиард 365 миллион сомго кыскартылганы айтылды.
  • Сузак райондук Курулуш башкармалыгынын кызматкери пара менен кармалды. Паранын суммасы айтылган жок.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 911, 21-27-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан